Кыргызга Манастай уул төрөп бергиси келген ырчы Лира SEVEN: «ЭНЕ БОЛУУНУ АБДАН ЭҢСЕГЕМ»

Өзгөчө образдуу ырчы, дизайнер-модельер Лира Seven наристелүү болду. Алтайга келин болгон ырчынын наристесинин бешик боосу бек болушун каалап, аны менен кыскача маектештик.

– Саламатсызбы, Лира айым, бешик боо бек болсун!

– Баары жакшы, өзүңүздөр жакшыбы, рахмат сиздерге.

– Кыргызга Манас баатырдай уул төрөп бергиңиз келчү эле, ким төрөлдү? Атын ким койдуңуздар?

– Татынакай кыз төрөлдү. Кайненемдин, жолдошумдун кубанычы коюнуна батпай бактылуу болуп жүрүшөт. Атын Англиянын ханышасы Елизаветадай болсун деп Елизавета койдук. Негизи эле тарыхта Елизавета ысымына күчтүү инсандар ээ болушкан эмеспи. Азырынча жөн эле Ли деп чакырып жатабыз, себеби өз аты менен чакырганга эрте, ат күчтүүлүк кылат.

– Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Ден соолугум жакшы, баланы 9 ай курсагыңда көтөрүп жүргөндө, жалаң гана ден соолугуңду ойлоп калат экенсиң. Күчтүү, дени сак бала төрөш үчүн тамактан баштап, жүрүм-турумуңа чейин көзөмөлгө алыш керек экен. Спорт менен машыгып, башында велоспорттон башым чыккан жок. Ата-энем Кыргызстандан эт, бал, курут жиберип жатышты. Өзгөчө тамактанууга өтө көңүл бурдум, витаминдүү тамактарга басым жасадым. Дарыгерлер дайыма көзөмөлдөп турушту. Байкашымча, Москвада көп кыздар 9 айга жетпей төрөшөт экен. Балким, чылым көп чегишкен үчүнбү же туура эмес жүрүм-турумдун кесепетиби, айрымдардын анализдери өтө начар чыгып жатты. Кудайга шүгүр, менде маселе болгон жок, бул үчүн өтө кубандым.

– Кичинекейди карап колуңуз бошобой калдыбы?

– Ооба, өтө көп милдеттерим пайда болду. Мурун пландаган иштеримди жөн эле жасап койчу элем, азыр андай болбой калды. Бирок бардыгы кызыктуу, өзүнчө эле таттуу сыноолордон өтүп жатам. Иш боюнча койгон пландарымды азырынча жылдырдым, анткени балалуу болууну өтө эңсегем, мындай бакыттын ар бир мүнөтүн жан дүйнөм менен сезип өткөрөйүн деп чечтим. Убактымды шоу-бизнеске эмес, кызыма арнайын дедим.

– Эне болуу сезими кандай экен?

– Эне болуу – керемет сезим экен, “баланча, түкүнчө төрөдү” десе жеңил угулчу. Көрсө, эне болуу – бул башка жашоого сапар экен. Кош бойлуу учурда да өзүнчө бир жашоонун этабын басып өтөт экенсиң. Төрөт учурунда түрдүү сыноолордон өткөндөй болдум. Толгоо оюнчук эмес экен. “Кантип сиз төрттү төрөгөнсүз, жеңил эмес турбайбы” деп апама дароо эле суроо узаттым. Мени менен жакындарым чогуу төрөгөндөй эле болду окшойт. 15 саат толгоо болду, өтө кыйналдым, өлүп каламбы деген ойлор да болду. Эне болуу – бул баатырдык экен. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү энелерге таазим кылам.

– Кызыңыз бактылуу кыздардан болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ryskulova
2022-01-24 18:23:52
Молодец, бактылуу болгула. Кичинекейдин омуру узуун, жакшы кыз болсун. Тушуном. Толгоо, торот соз мн тушундуруу кыйын. Менда тороп, бут аял затына, энелерге коз карашым озгоргон.
0
Ryskulova
2022-01-24 18:24:35
Артына заты жарашкан кыздардан болсун
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-01-27 14:41:38
Мен биринчи төрөтүмдө күн,түн толготком,раматылык энем жанымда эле аябай күч-кубат берген,эне кетпең азыр өлүп калам дейм))энемли сагындым...
+1
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан