“ЧАЧЫ КЕСИЛГЕН АЯЛДЫН КУТУ УЧАТ”. Чачтын касиети, философиясы тууралуу адистер ой бөлүшөт

Элибиз чачка, өзгөчө аялзаттын чачына абдан маани берип келген. Чачты кыркпа, жайып жүрбө деген кеп-кеңештер бекер айтылган эмес. Бул жолу айымдардын сулуулук наркы жана көркү болгон чачтын жашообуздагы орду жана философиясы, чачка катылган касиет, ага байланышкан тыюулар тууралуу сөз козгойбуз.

“ЧАЧ ӨРҮМ – БЕКЕМДИКТИН ЖАНА САБЫРДУУЛУКТУН БЕЛГИСИ”

Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф:

– Азыркы мезгилде кыз-келиндердин көпчүлүгү “чачыбызды кырып алабызбы, жайып алабызбы, өз ишибиз” дешип, ар кандай жасалгалашып, чачтын түпкү касиетине, маани-маңызына көңүл бөлбөй, көркөмдүгүнө гана көңүл буруп калышты. Кыргыз элинде “чөптү кор кылсаң, көзгө зыян” дегендей, жеңил ойлуулук менен жасалган нерселер кайсы бир учурда зыян кылып коёрун эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондой эле чачка байланыштуу каада-салтты, ырым-жырымдарды билбестик, тангандык миңдеген жылдардан бери муундан-муунга өтүп, сакталып келе жаткан мурастарды жоготуу катары бааланат.

Кыргыз эли чачка илгертеден бери өзгөчө мамиле кылып, чачты жабуу (денени жабуу) катары кабыл алып келген. Андан тышкары аялзатынын узун чачын кестирбей, кырктырбай сактоо – намыс болгон. Мисалы, кайсы бир уруунун, элдин же эрдин намысын тепселөөдө аялдарынын чачын кыркуу ыкмалары колдонулган. Алсак, Алымбек датканын уулу Камчыбектин аялынын чачына байланган чачпактагы баалуу зер буюмдарына кызыккан орус оторчуларынын аскери кыркып алганда ызага муунган Камчыбек катуу намыстанып, күнөөкөрлөрдүн бир канчасын өлтүртүп койгон. Негизи аялдар коомго жат, жаман жорукка барганда анын бетине көө жаап, чачын кесип жазалашкан. Башкача айтканда, чачын кесүү, кыркуу менен анын “аял” деген наамга татыксыз экендигин билдирген.

Кыздардын чачын 5 көкүл кылып өрүү эмнени түшүндүргөн? Секелек кыздардын чачынын оң, сол тарабы 5тен өрүм болуп өрүлүп, 5 көкүл же 5 саамайлуу көкүл деп аталган. Чачты 5ке бөлүп өрүүнүн түпкү мааниси – кыздардын 5 журту бар экендигин жана алар биримдиктүү, бекем, күчтүү болсун дегенди түшүндүргөн.

Кыздын беш журту кимдер? Биринчиси – төркүн журту, экинчиси – таяке-тага журту, үчүнчүсү – кайын журту, төртүнчүсү – жака журту, бешинчиси – эли-журту. Булардын ичинен “жака журту” дегенди көпчүлүк түшүнбөшү мүмкүн. Кыз келин болуп барган жеринде коңшу-колоңдору жана башкалар менен мамиле түзүп, алыш-бериш кылат. Мына ошолор “жака журту” деп аталат. Ал эми эли-журту дегенибиз кыздын ээси ата-эне эмес, эли-журту саналган. Эли-журтунун энчисинде турган кыздарды эч кимдин кордоосуна, ызалоосуна жол берилген эмес. Бул адат кытайлык кыргыздарда алигиче сакталуу. Ала-Тоолук кыргыздарда СССР кезинде коммунисттик идеологиянын шарапаты менен көптөгөн адаттар унутулуп калды.

Кыздар турмушка чыкканга чейин чачтары 40ка бөлүнүп өрүлүп, анын бийкеч экендигин билдирип турган. 40 өрүм “кызга 40 үйдөн тыюу” дегенди да туюнткан. Анткени чачты майдалап өрүп жаткан жеңелери же чоң апасы кызга кыздар эмнелерди билиши, үйрөнүшү жана эмнелерди жасабашы керек дегенди, кыскасы, акыл-насааттарын айтып өргөн.

Өрүмдүн өзүндө чоң дүйнө тааным жатат. Өрүм – бул бышыктык, биримдик, бекемдик, кайраттуулук, сабырдуулуктун белгиси. Мисалы, жазылган чачты тутамдап кармап жулуп алса болот, өрүлгөн чачты жулуп алуу кыйын. Аялдын чачы касиетинде дегендик да ушунда жатат.

Кыз турмушка чыгып жатканда 40ка бөлүнүп өрүлгөн чачын жайып тарап, кош өрүм кылып өрүшкөн. Бул “эми мунун жары бар, үй-бүлөлүү болду” дегенди билдирген.

Чач качан жайылган? Аялдын күйөөсү каза болгондо. Чачты жазуу “жан дүйнөм чачырады, түгөйүмдөн ажырадым” дегенди билдирген. Жесир аялдын чачы өлгөн күйөөсүнүн зыйнаттары аяктагандан кийин жалгыз өрүм кылып өрүлүп, “жалгыз калды” дегенди түшүндүргөн.

Өрүлгөн чачтын учун ак кебез менен байлап, кызыбыз аруулугунан жанбасын, ак жалгасын деп ырымдашкан.

Илгери кыргыз кыздары гана эмес, эркектер да дайым баш кийимчен жүрүшкөн. Анткени төбөдө чачтын уюлу (уюк) бар. Баш ачык болсо ошол жерден кара күчтөр, жаман нерселер кирип кетет деген ишеним жашап келген. Бул салтта эле эмес, дүйнөлүк диндердин бардыгында бар.

Чачы менен аял өзүндөгү аялга таандык назиктик, жароокерлик, боорукерлик сыяктуу бир топ сапат-касиеттерин, жан дүйнөсүнүн тең салмагын сактап, ушулардын арты менен үйдүн куту болуп турат. “Чачы кесилгендин куту учат”, “чачын кырккандын кесири жаман” деген накылдар бекер жеринен жаралган эмес. Муну эске алуу зарыл.

“АДАМДЫН ЧАЧЫ ДНКНЫ АЛЫП ЖҮРӨТ, КАРА ДУБА ОКУЛБАШЫ ҮЧҮН ЧАЧТЫ КӨМҮҮ КЕРЕК”

Кадыр Маликов, теолог:

– Адамдын чачы, териси, тырмагы анын ДНКсын, башкача айтканда, адам тууралуу маалыматты алып жүрөт. Сыйкырчылар, кара дуба менен алектенгендер болсо чачты да колдонот. Бул жаатта мисал бар, иудейлер Лябид деген сыйкырчы аялга барып Мухаммед пайгамбарга кара дуба жасоону өтүнгөн. Лябид пайгамбарга кызмат кылган кызматчыны колдонуп, пайгамбардын бир нече тал чачы калган тарагын алдырып, ошого кара дуба окуган. Ошондон кийин исламда чач, тырмакка этият мамиле жасоо керектиги, алар ээсине зыян алып келбегидей болушу керектиги айтылган. Кара дуба окулбашы үчүн чач-тырмакты көмүү керек.

Чач адамга Кудай тарабынан адамдын жүзүнүн көркү катары берилген. Узун чачты күтө билүү жагы да исламда айтылат.

Чач ДНКны алып жүргөндүктөн чачты кыркып сатуу да шариятта жактырылбайт. Акча үчүн чачты сатуу арам деп эсептелет. Ачкадан каза болуу коркунучу жаралганда гана жанын алып калуу үчүн чачын сатса уруксат.

“АЯЛ ЧАЧЫН ЖООЛУККА ЖАШЫРЫП ЖҮРҮШҮ ЗАРЫЛ”

Султан Гапаров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы:

– Аялдардын колдорунан жана жүзүнөн башка бардык жерлери, мисалы, билеги, чачы, таманы уяттуу жерлери болуп саналат. Андыктан аялдар узун жеңдүү жабык кийим кийип, чачын жоолук алдына жашырып жүрүшү шарт. Аялдарга чачты кыркууга уруксат жок. Кокустан ден соолугуна байланыштуу чачты кыруу же кыркууга аргасыздык жаралса гана уруксат берилет.

“УЗУН ЧАЧТУУ АЯЛДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫ, ИЧКИ ТУЮМУ КҮЧТҮҮ БОЛОТ”

Даяна Кумарова, парапсихолог:

– Чач ааламдан агылып келип турган маалыматтарды өткөргүч. Андай маалыматтарды адам ички туюму менен сезет. Мисалы, бир жакка барарда бутум тартпай жатат же жакшылык болорун сезип жатам дешет. Узун чачтуулардын ички туюму жакшы иштейт. Эгер алардын чачын кесип койсо андай жөндөмү начарлайт, көп адашат.

Ааламдан келип жаткан энергия да чач аркылуу өтөт. Адам катуу корккондо ошол өтүп жаткан энергия организмди тез өрдөп кетет да чачты тик тургузат. Ошондуктан адам төбө чачым тик турду дейт.

Аял чачын өрүп жүрсө энергетикасы толук болот. Жазылган чач терс энергияны чогултуп алат. Айрым окумуштуу, парапсихолог, психологдор чачтын да эс-тутуму бар дешет. Адам катуу ооруганда, жол кырсыгына учураганда же башка жаман окуяны баштан өткөргөндөн кийин чачын кырып салгысы келет. Эмнеге экенин адам өзү деле билбейт. Чынында, бул адамдын чачын кыркуу менен ошол жаман окуяны унуткусу келип жатканы.

Узун чачтуу аялдын энергетикасы, ички туюму күчтүү болгондуктан күйөөсүн, жакындарын да жамандыктан сактай алат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
datkayimjan
2022-01-24 14:36:53
Аялдар куйоосу менен адырашканда чачын кыска кылып кырктырып,башкача туско боёгусу келип калганынын себеби ушул экен да
+3
baatyr79
2022-01-24 14:43:35
Каяктан азыр чачын кырктырбаган,аял аз эле болсо керек.
+5
aliya-leyla
2022-01-24 15:02:35
азыр баары эле час орумдун маанисин билбей оруп, билбей кесип, жайып эле журобуз. Буларды сактаган эч Ким жок
+5
Kari
2022-01-28 17:18:07
Жез кемпир чачы жайылып,тырнагы оскон болот деп да кошуп койгула,жомоктордо.Жайылган чач жакшы эмес негизи.Тамак ашка тушот,корунгон жерде жатканы да жаман.Айрыкча азыр шампундар жакшы эмес,химикаттар чачты тушуруп,кыздуу уйдо чач жайнайт болуп калган.
+2
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан