Ислам Сатаров, продюсер, ырчы: “ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЛДЫЗДАР МЕНЕН НЬЮ-ЙОРКТО, ЛОНДОНДО КОНЦЕРТ УЮШТУРГУМ КЕЛЕТ”

Москванын Кремль сарайында кыргыздар 15-январда “Орто Азия элдеринин достугу” аттуу эл аралык деңгээлдеги концерт өткөрүштү. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, продюсер, ырчы Ислам Сатаровду кепке тартып, уюштуруу иштери тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы? Иш-чараны жакшы жыйынтыктап алдыңыздарбы?

– Саламатсыңар, жакшы баары. Конокторду жакшы узатып алдык.

– Кремлде эл аралык деңгээлде концерт өткөрдүңүздөр, уюштуруу иштерин аркаладыңыз. Бул концертти уюштуруу идеясы эмнеден улам жаралды?

– Негизи бул сунуш Орусиядагы мекендештер тарабынан козголгон. Элге көп жакшылык кылган, сооп иштер менен алектенген жеке ишкер Чолпонбек Акматов “Ислам, Москвага ушундай иш-чара уюштурбайлыбы” деп калды. “Мындай иш-чаралар көп эле болот, бирок тилекке каршы, максатына жетпей калат, бирок сиздер мага ишенип тапшырып жатсаңыздар, муну башкача деңгээлде, элдин эсинде кала тургандай кылып жасаш керек. Менин эки жакта байланыштарым бар, мени сыйлаган, сөзүмдү эки кылбаган адамдар бар. Москванын Кремль сарайында өткөрөлү” дедим. Алар “Кремлде кантип өткөрөбүз?” деп бир аз таң калышты. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, аракет кылсак болот” дедим. Кремль сарайынын, айрым телеканалдардын жетекчилиги менен сүйлөшүп, иш билги адистер менен кеңешип, команда түзүп ишти баштадым. Долбоорду 3 жуманын ичинде ишке ашырдык. Мындан ары, буюрса, бул жөн гана концерт эмес, эл аралык деңгээлдеги “Орто Азия элдеринин достугу” деген жыл сайын өтө турган музыкалык фестиваль болуп калат.

– Кремль сарайында ырдоо баарына эле буюра бербейт, ырчылар муну кандай кабыл алышты?

– Коронавирустун минтип улам жаңы штаммы чыгып жаткан маалда мындай иш-чараны Москвада эмес, Бишкекте уюштуруу деле оор болчу. Бирок Кудай буюрду, насип кылды. Чынында эле Кремль сарайында ырдоо баарына эле буюра бербейт, жакшы кабыл алышты. Кремль сарайында иш-чара өткөрүүгө көпчүлүк учурда уруксат берилбейт. Кыргыздын касиетиненби, айтор, биздин жолубуз шар болду. Өзүмдүн тааныш ырчыларымды чакыргандыктан эч кимге чоң гонорар төлөнгөн жок. Биздин сыймыктуу ырчыбыз Мирбек Атабеков менин суранычымдан улам Жаңы жылды Кыргызстанда тосту. Себеби ал Америкага үй-бүлөсүнө кетмек экен. Концерттен кийин учуп кетти. Рей Хортон “мени дагы кошпосоң болбойт” деп таарынып, суранып кошулду. Дүйнөгө атагы чыккан румыниялык композитор Адриан Сина, Өзбекстандан Озода Нурсаидова, Алла Духова балети колдоп беришти. Керек болсо Кыргызстанда чогулушу мүмкүн эмес болгон инсандардын башын бириктирдик, Чолпонбек Жумашүкүров, Жумадыл Эгембердиев, Эдуард Кубатов, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Асел Сыдыкова, Манас Ниязов, Элдияр Кененсаров, Вячеслав Мантусов баары колдоп беришти.

– Конокторду атайын тандап чакырдыңыздарбы?

– Сөзсүз бул адам келсин деген деле чектөө жок болчу. Кимдин убактысы, мүмкүнчүлүгү болсо колдоп келип кетсин дедик. Булар жөн гана конок катары келбестен уюштуруу комитетине мүчө болушту. Булар символикалык түрдөгү музыкалык сыйлыктын статуэткаларын тапшырышты. Кадыр-колко кылбастан бардыгы келип колдоп беришти. Жеңишбек Жумакадыр, Дөөлөт Сыдыков сыяктуу кыргыздын касиетин көтөрүп жүргөн каймактарды мындай жерге чыгарбасак кайда чыгарат элек? Кантип баарына “өз каражатыңарды сарптап келгиле” демек элек деп жатакана, коноктоого кеткен каражаттарды ишкер Чолпонбек Акматов каржылап берди.

– Чет элдик ырчылардын гонорары да оңойго турбаса керек...

– Албетте, гонорарлары оңой эмес, баарына гонорар төлөп чакырсак Чолпонбек Акматов экөөбүз миллиардер болушубуз керек болчу. Эч ким гонорар алган жок. Бул биздин көптөгөн жылдардан берки достук мамилебиздин аркасында болду. Көп акчага бүтө турган нерсе жөн гана сүйлөшүү жолу менен бүттү. Каражат бөлүнбөгөндөн кийин жарнамалоо деле сүйлөшүү жолу менен болду. Филипп Киркоров дагы жарнамалап, маалыматтык колдоо көрсөттү. Кийинки жылы, буюрса, дагы да дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчыларды чакырабыз.

– Билет баасы кандай болду, көрүүчүлөр концертти кандай кабыл алышты?

– Абдан жакшы кабыл алышты. Мигранттардан чогулган “Шайыр апалар” деген топ кыргыздын гимнине айланып калган Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери” деген ырын ырдап концертти ачып беришти. Билет баасы адаттагыдан беш эсе кымбат болду, себеби билетти сатып алгандан тышкары коронавируска тест тапшырышты. Москвада мигрант болуп иштеп жатышса да, өз керектөөсүнөн каражатын ашырып бизди колдоп концертке келип берген мекендештерге, коңшу өлкөнүн жарандарына терең ыраазычылык билдиребиз. Кеченин аягында өзүм көп жылдан бери ырдап чыгайын деп ойлонуп жүргөн “Элим үчүн” деген жакшы чыгарманы аткардым.

– Өзүңүз тууралуу да айтып берсеңиз, кай жактын кулунусуз? Чыгармачыл чөйрөгө кантип келип калдыңыз эле?

– Мен негизи тоо-ташты аралап жүрүп эле чоңойгон баламын. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында 1983-жылы төрөлгөм. 7 бир туугандын улуусумун. Атам тарыхчы, апам орус тили, музыка мугалими. Өзүм музыкалык билим алгам, азыркыга чейин үйрөнүп келем. Музыка эми чексиз нерсе да. Мага “жүрү, минтип иште” деп бирөө жол көрсөткөн эмес. Продюсер деген сөздү жакында эле колдонуп баштабадыкпы. Мурун ырчынын костюмун көтөрүп алып эле тойлордо ырдатып жүрө бергендерди кантип продюсер демек эле деп таң калчумун. Башкалардан өзгөчөлөнүп өзгөчө долбоорлорду жасайын деп ойлочумун.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Алдыда чыгармачылык жаатта ишке ашыра турган жакшы ойлор бар. Дүйнөлүк жылдыздар менен чогуу Нью-Йоркто Madison Square Garden, Лондондо Albert Hall деген концерттик залдардаконцерт уюштурам деген жакшы ниетим бар.

– Үй-бүлөлүүсүзбү?

– Үй-бүлөм абдан жабык тема.

– Маегиңизге рахмат, дагы да чоң иш-чараларды уюштура бериңиз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан