АКМАТБЕК ИЗАТТЫ САГЫНЫП, “АРУУЗАТЫМ” ОРУСЧА ЖАҢЫРЫП... Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өттү

Залкарыбыз Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо бул жылы 44 жашка чыкмак. 17-январь күнү манасчы, дастанчы, обончу, ырчы, төкмө акын, айтор, көп кырдуу талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата “Төкмө келсе төр бошот” аттуу эскерүү концерти болуп өттү. Концертте Элмирбек акындын болгон өнөрү эл алдына тартууланып, зал толо келген эл бирде акынды эстеп көзүнө жаш алса, бирде күлкүгө батып концерт көрүп кетишти. Ыр, Манас айтуу, айтыш менен коштолгон концерт тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк.

Концерт сахнадагы чоң экранда Элмирбек Иманалиевдин Манас айтып жатканын көрсөтүү менен башталды. Көшөгө ачылып, добулбас кагылып Манас айтуу сахнада уланды. Мындан кийин ак таңдай акындар Амантай Кутманалиев, Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев чыгып Элмирбек акынды эскерип комузу менен төгүп беришти. Умрадан келе калып эле капыстан сахнага чыгып калганын ыр менен айтып берген Аалы Туткучев элдин көңүлүн көтөрдү.

Концертке чейин Эмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын ырдоо боюнча сынак өткөрүлгөн. Анда акындын ырларын чет элге жайылтуу максатында ырды чет тилде ырдоо номинациясы да кошулган. Бул сынактан “Аруузатым” ырын орус тилинде ырдап, 1-орунга татыган ырчы Эркин Амангелдиев аталган ырды аккордеон менен орусча ырдап берди.

Айтыш менен коштолгон концерт кыз-жигиттин айтышы менен да көркүнө чыкты. Жаш акын Элмирбек Иманалиев менен Аккыз Абазбекова маркумду эскерүү менен катар сүйүү темасын улай бири-бирине тийише ырдап залдагы элдин колдоосуна ээ болушту.

Жаш акын Элмирбек сүйүүсүн билдирип ырдаса, Аккыз “Мен Акылай, сен Актан, сүйүүгө жашың жете элек, жүрө берчи Такайыңды жетелеп” деп аргасын кетирди. Залды кызытып, элдин маанайын бир топ көтөрүп кеткен Изат Айдаркулова менен Акматбек Султан уулунун айтышы болду. Акмат акынга күйөрманы алып келген гүлдү залдагылар Изатка бер деп суранып бердирип коюшту. “4 жылдан бери сагынтып, эмнеге сахнадан койдуң туш болбой” деп сагынычын айткан Акматка “Жыл жаңырганда куттуктап араң, жылына бир чаласың. Изатты көргөн кезде калп эле издемиш болуп каласың” деп жооп узатты акын кыз.

Нурайым Бактияр кызы менен чыккан Арген Биймырза уулу өнөктөшүнө сүйүү билдирип тим болбостон “Таласка келин болосуңбу?” деп сунуш киргизүүгө батынды. Нурайым болсо “төө буурчакка салып, комуз кармаган колумду кетмен карматат” деп чочулаганын обонго салды. Арген акын “Жаш бала турса мендей, сен эмне Жантайды күтүп жүрсүңбү?” деп собол салды эле, Нурайым “Жантайга деле макулмун, төрөтө алса Шабданды” деп чукугандай сөз таап татыктуу жооп узата алды. Мындан тышкары Мундузбек Борончиев менен Шайлообек Отунчиев, Медер Курманалиев менен Мундузбек Усупбек уулу, Асылбек Маратов менен Алтынбек Акматовдор айтышты. Булардын айтышы да кызуу, бирде маанай көтөрсө, бирде кабырганы кайыштырып Элмирбек залкарды эстетти, бирде миграция, коррупция, чет элге сатылган суу, жерлер тууралуу күйүп ырдап көкүрөктөгү жараларды козгошту. Акындардан Бишкектеги Киев көчөсүн Элмирбек Иманалиев көчөсү деп атайлы деген сунуш да айтылды.

Сахнадан Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык ырлары окулуп, обондуу ырлары да жаңырды. Обондуу ырларын ырчылар Улан Качкыналиев, Токтобүбү Черикчиева, Аскат Мусабеков, Сыймык Бейшекеев, Токтобек Асаналиевдер ырдап беришти.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан