"СҮЙГӨН АДАМ СЕНДЕЙ БОЛОТ”

– Сен мага Жанараныкындай шуба алып бере элексиң,- жанымда телефон карап отурган күйөөмө эркелеп жатам.

– Алып беребиз,- деп койду жай гана.

Бул кишинин көп сүйлөбөгөнү, күйүп-бышып бир нерсе айтып берсең эч эмоциясыз эле бир сөз сүйлөп коюп отура бергени болбосо алтын эле киши. Мен аны чыныгы мырзалардын катарына кошмокмун. Азыр андайларды табуу кыйын болуп калбадыбы. Майда-чүйдөгө кийлигишпейт, өткөн-кеткенди айтып майдаланбайт, аялзатын сыйлайт. Негизгиси, сүйлөп отура бербей, иш менен баарын көрсөтөт. Сүйгөн кызы үчүн да акырына чейин күрөшпөдүбү, жаным. Анда ошол күрөшү тууралуу айтып берейин.

Күйөөмдүн аты Канат. Аны менен мектепте окуп жүргөндө эле кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз. Кийин ал армияга кетти. Ал армиядан келгенче мени ала качып кетишти, отуруп калдым.

Күйөөм кызыл камчы чыкты. Себептүү деле, себепсиз деле кол көтөрө берди. Муну ал эркекчилик катары көрчү. Мен болсо күйөөдөн чыгып ата-энемдикине барууну уят көрүп баарына чыдап жашай бердим. Ал күнү да мас болуп келди.

– Эй, Гүлзина, сен мурда Канат менен сүйлөшкөн экенсиң го?- деп сүйлөнө баштады.

– Ал мектепте окуп жүргөндө болчу да. Койчу эми, жүр, үйгө кирип жат.

Болбой эле сөгүнүп-сагынып, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып сүйлөнө берди. Бир маалда колунун алдында турган баланын оюнчугун мен тарапка ыргытты эле, башыма катуу тийди. Башым айлана баштады, ал артымдан келип баса калды. Анын соккуларынан эсимди жоготуп коюптурмун. Мени кошуна эже үйгө кирип көрүп калып, “Тез жардам” чакырыптыр. Эсиме келсем, ооруканада экенмин. Денем гана эмес, жан дүйнөм да жабыркады, сындым. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды. Күйөөм кечирим сурамак түгүл, абалымды сурап бир дагы келип койгон жок. Бир күнү палатага колуна баштыктарды көтөрүп алган Канат келди. Уятымдан жерге кирип кетким келди. Кетүүсүн сурансам ал кетип калды. Бирок жемиштерди, таттууларды, мен жакшы көргөн токочту көтөрүп алып күндө келчү адат таап алды. Бирок эч бир сөз сүйлөбөй кайра кетип калат.

Мындай окуядан кийин күйөөм экөөбүз жашаган үйгө кайтып баруу акылсыздык болмок. Ата-энемдикине бардым. Күйөөм 2 жолу келди. Ата-энем мени берген жок. Күйөө дегенди уккум да келбей калды, көңүлүм көк таштай калды. Канат деле ал маалда мага жырткыч көрүндү. Бирок Канат камкордук кылуусун токтоткон жок. Абалымды сурап, мага керектүү моралдык да, материалдык да жардамын бере берди. Көңүлүмдү жибитип, жашоого кайтуума жардам берди.

– Гүлзина, менин сага болгон сезимдерим өчө элек,- деди ал бир күнү үйдүн алдында сүйлөшүп отурганыбызда.

– Аны түшүндүм. Сезимдериңди сен камкордугуң менен күндө эле көрсөтүп жатпайсыңбы.

– Баш кошолу.

– Билесиң да, мен күйөөдөн чыктым. Анын үстүнө кызым бар. Сен үйлөнө элек жигитсиң. Ата-энең макул болушпайт го.

– Аны ойлонбо, алар менен өзүм сүйлөшөм.

Канат ата-энеси менен сүйлөшкөндөн кийин экөөбүз баш коштук. Бул ирет жаңылбаптырмын. Мен азыр мурдагыдай болуп качан таяк жээримди күтүп коркуп жашабай, өзүм каалагандай сүйлөп, жадакалса эркелей алган аял болдум. Кызыма өз атасынан да жакшы ата болду. Жакында уулубуз төрөлөт. Канат мага аялдык бакытты сездире алды. Сүйгөн адам сендей болот. Рахмат сага, жаным.

Гүлзина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Supsuluu
2022-01-24 20:10:49
Эң мыкты эркек тигиге буга салыштырып, өткөндү чукуп майдаланбаган эркек!
+4
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан