Кытай кино актёру СЮЙ КАЙ

Окурмандарыбыздын “буюртмасы” менен Кытай актёру Сюй Кай тууралуу маалымат берели дедик. 30га чыга элек бул мырза моделдик, актёрдук талантына кошумча жеке жашоосуна байланыштуу ызы-чуулар менен да күйөрмандарын зериктирбей келет. Кытай “красавчигинин” өмүр-таржымалына чогуу көз салалы.

Туулган жери: Кытай, Шэньжэнь шаары

Туулган жылы: 1995-жыл, 5-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 187 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Аскер академиясынын арсеналы”, “Яньси сарайын багындыруу”, "Чжао Яо", “Жүрөгүмдө күз”, “Сенин жылмаюуңа ашык болуу”

18 ЖАШЫНДА АТА-ЭНЕСИНЕ ҮЙ АЛЫП БЕРГЕН

“Красавчик” дегенчелик эле бар. Бою узун, бакыраң көз, чымыр денелүү Сюй Кай чыгармачылыгын модель болуу менен баштаган. 2013-жылы 18 жашында Гуанжоу шаарында өткөн Эл аралык моделдер сынагын жеңип алган. Ошондон бери дүйнөлүк бренддердин жүзү катары подиумду багындырган Сюй Кайды Кытайдан эле эмес, башка мамлекеттердеги билборддордон да көрө аласыз.

18 жашында тапкан акчасына ата-энесине Шэньжэнь шаарынан чакан үй алып берген ал “биздин үй-бүлө көп кыйынчылыкты көрдүк. Үй алганга мүмкүнчүлүгүм жеткенде “ушул күндү көрсөткөнүңө рахмат” деп Кудайга ыраазычылыгымды билдиргем” дегени бар.

Кино айдыңына Кай 2016-жылы келген. Майда-чүйдө роль алса да актёрлуктан баш тартпаган жигитке ийгилик кушу 2018-жылы жылмайган. “Яньси сарайын багындыруу” тарыхый сериалында деле Сюй Кай экинчи пландагы роль алган, бирок анын талантын, келбетин баалагандар көп болуп ал популярдуу болуп ойгонду.

АКТЁРЛУКТУН ОҢ-ТЕРС ЖАГЫ

2019-жыл Сюй Кайдын карьерасындагы эң жемиштүү убакыт болду десек болот. Бул жылы ал биринен-бири өтүп популярдуу болгон 5 сериалга тартылды: "Чжао Яо", "Жүрөгүмдө күз", "Аскер академиясынын арсеналы”, "Чжао Гэ" жана "Канжардын жаны". Бири романтика жанрында болсо, экинчиси фантастика, тарыхый драма, боевик, айтор, актёрлуктун бардык ысык-суугун көргөнгө туура келди. “Кесибим үчүн бардык кыйынчылыкка чыдайм деп өзүмө сөз бергем. Тартуу учурунда аскерлердин 40 килограммдык зоот кийимдерин, курал-жарактарын көтөрүп жүрүү керек болду. Ысыкта дем жетпей, күн өтүп кетип да кыйналдым. Кичинемде телевизордон кинодогу актёрлордун согушканы өтө кооз анан оңой эле көрүнчү. Мындай сокпойбу, ой жинди, минтип тепсе болмок деп элестетип көрчү элем. Иш жүзүнө келгенде мен ойлогондой оңой эмес экен. Бир эле кыймылды үйрөнүш үчүн канча аракет, убакыт керек. Жумалап үйрөнгөн кыймылың кинодо 2-3 секунд
эле көрсөтүлөт. Машыгуу учурунда алган жаракаттарды айтпай эле коёюн. Бирок бул кыйынчылыктардын ырахаты да бар. Балалык кыялдарымды актёрлук кесибимдин арты менен ишке ашырып келе жатам. Ар түрдүү ролдордун арты менен ар башка адамдардын жашоосун жашайм.
Бир кинодо падышага айланам, дагы биринде студент, сыйкырчы, мифологиялык жандык... Ойногон ар бир образымды түшүнүп, анын терисин кийгенге аракет кылам. Актёрлук мага мына ушундай кызыктуу анан ар түрдүү жашоо берди”,- дейт Сюй Кай.

МУЗДАК, ЖАЛКОО КАЙ

Абройлуу “Эң мыкты актёр” наамын Кай “Аскер академиясынын арсеналы” сериалынан кийин алган. Дал ушул сериалдан анын ырчылык талантына да күбө боло алдык. Сериалдагы өнөктөшү Бай Лу экөө «Entering a Dream» саундтрегин аткарышкан. Кино дүйнөсүнө аралашканына аз гана убакыт болсо да, Сюй Кай ондон ашык ийгиликтүү тасмага тартылды. Азыркыга чейин жылына 3-4 сериал, тасмага тартылган ал “камера алдында өзүмө ишенимдүү, эркин жүрөм. Жашоодо ар бир кадамым элдин көз алдында болгондуктан көп учурда чыңалууда жүргөнгө туура келет” дейт. Кесиптештеринин арасынан кытай актёру Тони Люн Чу Вайдын чыгармачылыгын баалайт. Бош убактысында спортко, айрыкча баскетболго көбүрөөк көңүл бурат. Баскетбол Кайдын кичинесинен бери жактырган оюну. Баса, “Форбс” басылмасынын тизмесинде Сюй Кай да бар. Ал бул тизмеге “элине таасири күчтүү 30 жашка чейинки атактуу” деген номинацияда кирген. Канчалык ийгилик жаратпасын Кай өзүн “жалкоо, муздак адаммын” деп эсептейт. Жалкоолугу ушундай болсо, эмгекчил болгондо эмне кылмак, ким билсин?

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Элдин камерасына көп илинген, маалымат каражаттардын активдүү “каармандарынын” катарында Сюй Кай да бар. Алгач анын блогер айым Да Цзинь менен мамилеси талкууда болду. Блогер өз баракчасына Кайды “мени сабады” деп бети көк ала болгон сүрөтүн чыгарган. Агрессор атка конгон актёрду күнөөлөгөндөр менен катар, аны актап блогер экөөнүн мамилесин “изилдеп” чыккандар да болду. Жыйынтыгында экөөнүн мамилесинде агрессордун ролунда Да Цзинь экенин далилдеген видеолор чыккан. Анда Кай тизелеп сүйүктүүсүнөн кечирим сурап, кыз болсо аны тилдеп жатканын көрсө болот. Блогер менен эки жолго түшкөндөн кийин Кай актриса Чжан Нань менен кыска убакытка мамиле курган. Жигитке дагы бир белгилүү айымдын аты жанаша жүрөт. Ал – актриса Бай Лу. Экөө “Аскер академиясынын арсеналы” сериалынан сырткары дагы 2 тасмада сүйүктүүлөрдүн образын жаратышкан. Андан сырткары чогуу тамактанган же эс алып жүргөн сүрөттөр тарап, экөөнү кыз-жигит дегендер көп. Бирок атактуулардын агенттиги алардын жөн гана дос экенин айтат.

Сюй Кайдын сүйүү мамилесинен сырткары да ызы-чуусу көп. Бирде ичимдикти ашыкча ичип кызып калган видеосу чуу чыгарса, кээде “күйөрманы менен сүрөткө түшпөй кетип калды, элди сыйлабайт” деген учурлар да кездешет. Атактуулуктун жүгү оор болорун Кай жон териси менен сезип келет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан