АТАЙ АЗЫРКЫ БИЙЛИККЕ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Блиц маек

Орусиянын 1-каналындагы «Минута славы» долбооруна катышып келгенден кийин Атай Өмүрзаковдун ысымы кыргыздын кыйласына жетти. Мына ошондон кийин мурунку мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Атайга “эки бөлмөлүү квартира белек кылам” деп сөз берген. Сөз бермек түгүл документке кол коюп, ошондогу шаар башчысына жөнөткөн.

– Атай, мурунку бийлик талантыңды колдоо максатында сага квартира белек кылмак экен. Бул тууралуу ким менен, качан сүйлөштүң эле?
– “Минута славы” долбооруна катышып келгенден кийин мени ал кездеги президент Курманбек Бакиев өзү чакырткан эле. Алгач 6-мартта жолукмакпыз, анан жолугушуу 30-мартка жылдырылган. Ошентип, ал күнү Бакиевдин кабылдамасында болдум. Экөөбүз көпкө маектештик. Келечек пландарымды угуп отуруп, “сенин эртеңкиңе жардам беребиз, талантыңды колдойбуз, кыргыздын атын чыгаруу оңой-олтоң иш эмес” деди. Сөз соңунда мага Политехникалык окуу жайдын тегерегинен эки бөлмөлүү квартира белек кылмай болгон.
– Документ дагы даярдалган дедиңби?
– Ооба. Менин көзүмчө ошол кездеги шаар башчысы Нариман Түлеевге кат жолдогон. Аңгыча төңкөрүш болуп кетти. Көп өтпөй Ош окуясы орун алды. Коомчулук тынчыгандан кийин мен эмес, менин жакындарым президент Роза Отунбаевага квартира тууралуу кат киргизишкен. Бирок ал кишиден жооп болгон жок. Анан өзүм президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевге кирдим. Ал киши: “Ошондо даярдалган документтериңдин баары күйүп кетти. Биз бере албайбыз”,- деп койду.
– Ошентип азыркы бийликке нааразымын дечи?
– Буюрса, Кудай өмүр берсе, андай квартирага эмес, ак эмгегим менен чоң үйгө деле жетем деңизчи, бирок мамлекет анча-мынча колдоого алып, көңүл буруп койсо, мен үчүн чоң стимул болмок.
– Англияда өтүүчү чоң сынакка даярданып жатат деп уктум...
– Ооба, ал долбоордун жообун көптөн бери күтүп жаткам. Чакыруу алганыма бир жума болду. Азыр виза ачтырып, барып-келгенге каражат издеп чуркап жүрөм. Бул долбоор “Минута славы” берүүсүнө окшош, бирок дүйнөлүк долбоор. Жогорку Кеңештен жардам болобу деп алардын эшигин каккыласам, ойлогон оюм таптакыр тескери чыкты. Азырынча жеке ишкерлер көмөктөшүп жатышат. Буюрса, Лондонго 5-декабрда учам. Сынак 7-декабрда өтөт.
– Анда эмесе ийгилик, Атай, жеңил барып, оор кел.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
alexandra
2010-12-05 02:09:33
Molodes, nichego tabya ne doljno slomat, prodolajy idti vpered i ne tolko kvartiru kupish. Udachi tebe.
0
MEN AND SEN
2010-12-05 14:57:13
Азаматсын Атай!!! Кыргызстандыктар ар дайым сени менен!!! Бийликтин анча-мынча корлугуно, дулойлугуно конул бурбай алга умтула бер!!!
0
samara
2010-12-06 00:11:05
Эмне учун ушундай билимдуу кишилер (правительство, включая отунбаеву) элементарный нерсени тушунушбойт?!Эмне учун алар озунун сасык политикасына Искусствону аралаштырышат.Искусство, культура,спорт-всегда должны быть вне политики!"Кагаздар куюп кеткен"-разве это ответ?!эмне мурун алар кор беле,же чет жактан келишкенби госпожа отунбаева баш болуп?!
Атай, сен чоон азаматсын!! сага куйобуз.. будут предложения - уезжай!-мы будем только рады за Тебя!!
0
Аселькин
2010-12-06 10:52:44
Атай, Сизге ийгилик! Бар болунуз!!!
0
Жаку
2010-12-06 14:18:09
Мен бул жерде окмотту куноолобойм. Ошол Атай Орусияда жургондо Кыргызстанда эмне деген гана окуялар болуп кетпеди. кыргызстан башынан кандай гана оор кундорду откорду. Атай бийлесе озу учун, озуно карьера жасап алды. Туура, Кыргызстандын атын чыгарды дешинер мумкун. Бирок дал ошол Атай Кыргызстандан деп чыккан эмес, город Каракол деп чыккан.Чынында Каракол казакстандабы, озбекстандабы деп баш айлангандар жок дейсинерби. Эми олбодубу орусияга барып ырдап-бийлеп койсо эле бийликтен уй доолап...
0
AISHA
2010-12-07 03:42:00
Атай, у тебя все в переди! Больших удач желаю тебе, ты наша гордость.
0
Nura
2010-12-07 10:14:40
Бакиев деле, Акаев деле убагыда мамалекетте тынчтык, бейпилдик болгондо берип атышпады беле, буга азыркы окмот эмес, олкодогу баш аламандык себеп болуп жатат. Эн негизгиси ТАРЫХ сенин иштеринди унутпасын, анан 10 жыл болобу,20 жылдабы баарибир эмгегин бааланат, азыр эди коруп турбайбызбы кандай кыйналып жатканын, сенин талантынды ТАРЫХ ар дайым эстеш керек, негизгиси ошол!
0
Nura
2010-12-07 10:22:31
"Бизде кыргыздар олгондо эмгегинди баалашат"- дегендерге жиним келет, анткени ошол убакта атак-данк алып келгендерди баалаганга кыргыз элинин алы жетпей калып жатпайбы? Мисалы: ошол эле С.Чокморов же А.Осмонов алардын убагында деле олкодо ар кандай кыйынчылыктар болуп келген(которулуш, тонкоруш ж.б.),анан алар 2- планга калып калып жатпайбы?, андай убакта атактуу эмес, жононкойлор баары бирдей нанга да жетпей калып жатышкан, бирок ТАРЫХЫБЫЗ бар экен го эстеткенге,
0
Nura
2010-12-07 10:35:31
кийин эле "кыргыз эл баатыры" деген наамдарды тарых эле берип жатпайбы?,куткуло буюрса болот мамалекетте тынчтык болсо!!
0
azulya
2010-12-07 13:09:37
Конечно Омага караганда Атай тоолук ойдо да. Ома кайсы заслугасына уй алды Бакиевден билбейм. Же Бакиев акасы "расслабить" этип отурган жеринен созунон кармалганы чын окшойт го :) Эмнеси болсо да Омага повезло. А сен Атай чыныгы талантсын. Сеники баары алдыда!
0
ilgez
2010-12-07 17:31:26
Атай ийгилик! президент эмес Кудай озу колдосун,,,, квартираны сен озуно окшогон жаш таланттарга белек кыл!!1
0
aku
2010-12-07 19:19:50
Olimpiadadan birinchilikti alyp kelse dagy emne boluptur kaidagy oiun zook shou programmaga katyshyp kelip alyp ele ui doolagan bolboit da ))).al emes Danyar Kobonov gele bergenine yraazy bolup ele oturat go.
0
Robin Hood
2010-12-08 12:37:31
Сага ийгилик!!!! "Nura" туура айтасыз - Атай сени Аллах озу колдосун!
0
cosmopolit
2010-12-09 22:50:32
Атай, азыр бийлик сага уй беруу маселесин карамак турсун оз алапайларын таппай жатышат корунот...ошону учун..эч кайгырба чокпо...башын аман болсо...талантынды мындан ары да онуктурсон.. бийликке жалдырабай 1 эмес 5 квартира алып аласын..тем более сага уйду азыркы бийлик эмес..бакиев убада кылган да...кыргыз эли сени менен...АЛГА...
0
melo
2011-06-15 06:05:09
Атай, ты безусловно талантливый! Против тебя ни кто ни чего не должно иметь... Знаешь, когда нужно помощь, или что то, с перва проси у Всевышнего Аллаха!, а потом...
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан