Нурзат Мамытова, 35 жашта: “ЖОЛДОШУМ ЛИФТТЕ КЫПЧЫЛЫП КАЗА ТААП, 5 БАЛАМ АТАСЫЗ КАЛДЫ”

2022-жылдын 11-январында Бишкектин Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы тургун лифтке кыпчылып калып каза болду. Кырсык кандайча болгон? Жоопкерчилик кимде? Маркумдун жакындары эмне дешет?

“ЛИФТ ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕП КЕТКЕН”

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы:

– 2022-жылдын 11-январында Бишкектин Октябрь районуна караштуу Улан-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып каза тапты. 38 жаштагы А.К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган эмес.

“ЛИФТ 1986-ЖЫЛЫ САМАРКАНДДАН АЛЫНЫП КЕЛИНГЕН”

Аталган кырсык боюнча Бишкек шаардык кеңеши мекемелер аралык комиссия түзүп, учурда иштеп жатат. 13-январда аталган комиссиянын алгачкы жыйыны өттү. Ал жыйында “Бишкекгорлифт” муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев мындай маалымат берди:

– Аталган лифт 4-кабаттан жогору тарапта токтоп калган. Ал жерге барган лифтёр маркумдун башы менен бир буту кабинанын ичинде экенин көрөт. Ал бөлүмгө барып, жабдыкты (рубильник) өчүргөн. Андан кийин электромеханик барып, экөө биргеликте кабинаны түшүрүп, ичиндеги жаран менен жаш баланы коляскасы менен сыртка чыгарышкан. Ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жетип келген. Лифт 1986-жылы Самарканддан чыгарылган. 2021-жылы 2 жолу оңдолгон.

“ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ”

Бишкектин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы буларды билдирди:

– 11-январда маалымат келип түшкөндө эле Октябрь РИИБинин 4-бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгып кеткен. Алар барып 1983-жылы туулган А.К. аттуу жаран лифтке кыпчылып калып каза болгонун көрүшкөн. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 297-беренеси (колдонуучуларга коркунуч жаратуу) менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

“БУТТАРЫ ЖЕРГЕ ТИЙБЕЙ АСЫЛЫП КАЛЫПТЫР”

Нурзат Мамытова, маркум А.Кнын жубайы:

– Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан, Бишкекте Улан-1 кичи районунда кайнатамдардын үйүндө убактылуу жашап жатканбыз. Жолдошум унаа токтотуучу жайда иштечү.

Беш балабыз бар, улуусу 4-класста окуса, кичүүсү 1 айлык. Күйөөмдүн кичи мекени – Ош облусунун Өзгөн районунун Красный-Маяк айылы.

Ошол каргашалуу күнү саат он бир жарымдарда күйөөм экөөбүз 1 айлык балабызды эмканага алып барып текшертип келели деп, 2 балабызды алып сыртка жөнөдүк. Биз 4-кабатта жашайбыз. Мен 4 жаштагы баламды жетелеп тепкич менен түшө баштадым. Жолдошум коляскадагы 1 айлык балабызды алып лифт менен түшмөк болду. 2-кабатка жеткенимде “тарс” деген катуу үн угулду. Бир жаман нерсени сезгендей жүрөгүм опкоолжуп, коркуп кеттим, оюмдун баары лифттеги жолдошум менен балама кетти. Шашып 1-кабатка чуркап түшсөм экөө көрүнбөдү, сыртка чыксам да жок. Кайра 4-кабатка чуркап чыктым. Барсам, жолдошумдун 2 буту сыртта жерге тийбей асылып калыптыр. Аны көрүп катуу нес болуп "жардамга" деп кыйкыра баштадым. Коңшулардын эшигин каккыладым, 2-кабатта үй комитети (домком) жашайт эле, ага барып “тезинен лифтёрду чакырыңыз” деп айтып кайра чыктым. Чогулган эл “Тез жардамга”, куткаруу кызматына чалып жатышты. Мен нес абалда “жолдошумду алып чыккылачы, лифттин ичинде балам да бар. Аларды аман алып калыңыздар” деп кыйкыра бердим. Ошентип эсимден тана баштадым. Ошол жердегилер мен кулап баратканымда кармап калып четке жаткызып, бетиме суу сээп жатышты.

Жолдошумду кантип, кимдер алып чыкканын көрбөй калдым. Анткени эл мени ал жакка жибербей кармап турушту. “Тез жардам” да, куткаруучулар да кеч келишти. Эртерээк келишсе аман алып калышат эле.

Айрымдар “жолдошу лифт ачылбаса да күчкө салып ачып кирген. Коляскасы да абдан чоң болчу, ошондуктан өзү лифтке батпай калган” деп туура эмес маалымат таратып жатышыптыр. 5 баланын атасы кантип баласы менен өзүнүн өмүрүн тобокелге салмак беле?! Коляскабыз чоң деле эмес. Бул колясканы биз 1-балам туулганда алганбыз, калган балдарыбызды да ушул коляска менен эле чоңойтуп келе жатабыз. 1 айлык баламды ошол эле коляска менен андан 3-4 күн мурун эле лифтке салып сейилдеткени эшикке алып чыкканбыз.

Ошентип үйдөн чыккандан 3 мүнөткө жетпей ушундай каргаша болуп кетти. Лифт буга чейин деле далай бузулуп, оңдолуп, кээде өзү эле жабылып калып жаткан учурлар кездешип жаткан эле. Ичинде адамдар камалып калган учурлар болгон. Мисалы, 2 ай мурун 2-класстагы балам 4 жаштагы баламды алып эшикке ойноткону алып чыгып, кайра үйгө кирмек болушуп лифт чакырышкан. Ошондо 4 жаштагы балам кирген соң лифт өзү жабылып, берки балам сыртта калган. Балам келип бизге айтканда чуркап ылдыйга түшсөк бир орус лифттин оозун темир менен жылчык кылып ачып кармап туруптур. Баламдын жүрөгү түшүп чаңырып жатыптыр. Лифтёрду чакыртсак, ал келип баламды чыгарган. Үйбашы керектүү органдарга “лифтти алмаштыргыла” деп айтып эле келе жаткан. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Акыры каргашага алып келди.

Эч кимге жамандыгы жок, боорукер, балдарын жакшы көргөн жолдошумдан ушинтип айрылып калдым. “Буюрса, өзүбүздүн үйүбүз болот, балдарга жакшы тарбия, билим берип, кийин жогорку окуу жайларда окутабыз” деген изги тилектери бар эле. Тилектерине жетпей калды. Эми балдарыбыз кимди ата дейт? Эми атам келбейби деп сурап каңырыгымды ого бетер түтөтүп жатышат. Күнөөлүүлөр аныкталып, жаза алышын талап кылам.

“ТЕЗ ЖАРДАМ” МЕНЕН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ КЕЧ КЕЛИШТИ”

Аскарбүбү Надырбекова, Улан-1 кичи районундагы №2 үйдүн үй комитети:

– Нурзат жолдошу, 5 баласы менен биздин үйдүн 1-подъездинде 4-кабатта ынтымактуу жашап келе жатышкан. Жолдошу эч кимге жаман айтпаган, үй-бүлөсүн жакшы көргөн, бир мүнөз жигит эле.

Негизи 1-подъездде 45 батир болуп, ошончо үй-бүлө жашайт. Бул үй 1987-жылы курулган, ошондон бери лифт бир жолу да алмашыла элек. Өзүм бул үйдө 1995-жылдан бери жашайм. Лифт эскилиги жетип калгандыктан кээде бузулуп, оңдосо кайра иштеп калчу. Бузулуп, адамдар ичинде калып калган учурлар болгон. Мен үй комитети катары тиешелүү органдарга барып, лифтти алмаштырып бергиле деп далай ирет сурангам. Каражат болсо алмаштырабыз деп коюшат, анан ошо менен жок.

Ошол каргашалуу күнү саат 11ден өтүп калган маалда үйдө отурсам Нурзат өң-алеттен кетип, нес абалында чуркап келип, “лифтте күйөөм кыпчылып, асылып калды, тезинен лифтёрду чакырыңыз” деп кайра чуркап кетти. Лифтёрго дароо неберемди чуркаттым. Ал коңшу турган үйдүн 1-кабатында жашайт. 3 мүнөткө жетпей эле неберем экөө жетип келишти. Мен “Тез жардамга”, ӨКМга, милицияга чалдым. “Тез жардам” менен куткаруу кызматы 30 мүнөттөй убакытта келишти. Кеч келишти, эртерээк келишсе аман алып калышат беле?!

Каза болгон жигитти кантип алып чыгышканын өзүм көргөн жокмун. Лифтти убагында жаңысына алмаштырып коюшса мындай каргаша болбойт эле. 5 баланын убалы кимге? Тиешелүү органдар жооп берсин.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rusbayastan
2022-01-26 13:43:10
Эч ким жооп бербейт,убакыт отуп унутулуп кетет баары.
0
Bishkek-Kg
2022-01-28 01:13:47
Эгер денесинин жарымы лифттин сыртында калса бөлүнүп кетиш керек эле да, чье то мен түшүнбөдүм кандай кыпчылганына!!!
0
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан