(Башы өткөн сандарда)
– Менден дайыма баш тартып келишкен. Адегенде ата-энем баш тартып балдар үйүнө таштап кеткен. Кам санаба. Көнгөнбүз. Ташталып көнгөнбүз... Менден дайыма баш тартышчу. Силердин баш тартып кеткениңер деле таң калычтуу болбойт.
Бул Каныбектин экинчи ыкмасы. Баарына кол шилтеп коюмуш болот. Айланасындагылардын баарын күнөөлөп коёт. Иши кылып акырында өзү эмес, башкалар күнөөлүү болуп чыгыш керек. Боор ооругудай, маңдайындагы адам өзүн күнөөлүү сезгидей абалга такайт.
– Ким баш тартты эле сенден? Дариябы? Менби? Балдарыңбы? Ким баш тартты эле? Баарыбыздан качкан өзүң эмессиңби?
– ...
– Жок дегенде кечирип койгула деп айтып коюуга эркиң жетпедиби?
“Кап, ушудан баштасам болмок экен” деп ойлонду Каныбек. Андан аркы кадамдарын ойлонгончо эле, Нурия эшикти жаап чыгып кетти. Үй дароо муздай түшкөнсүдү.
xxx
Сыртта Белек машинага жөлөнүп көктү тиктеп турган экен. Чыга калган Нурияны “мен сени билем. Сен аны кечирип койдуң” дегендей үмүтсүз тиктеди.
– Эмне карайсың?!
Ийинин куушурду Белек. Жылмайып алды.
– Эмне күлөсүң?
Белек дагы ийинин куушурду.
– Баарыңар окшошсуңар, уктуңбу?!- эмнегедир жинденип кетти.
– Эмне кыл дейсиң? Хомосапиенс... Адамбыз да.
– Бири-бирибизге жамандык кылбай жашай албайбызбы?
– Хомосапиенс дедим го...
– Эмне хомосапиенс?
– Биз. Илимий тил менен айтканда, человек разумный – хомосапиенс. Акыл-эстүү адам... Баарыбыз адамбыз да. Биз көп учурда жүрөктү укпай коёбуз. Человек разумный... Акылдуубуз. Ошон үчүн күнөөбүз көп,- Белек сөөмөй менен башын кагып койду.
– Эмне, сен мага акылдуу болуп көрүнгүң келип жатабы?
– Ооба.
– Мен сенин ким экениңди билем да!
– Ошентсе деле... Мен сага өзүмдү жакшы жагынан көрсөткүм келет.
– Барчы ары!
Кыз бат-баттан басып узап кетти.
xxx
Белек бут алдын тиктеген бойдон көпкө тура берди. Анан өзүнчө үшкүрүнүп алды да, унаасына отурду. БМВ Бишкектин көчөлөрүн аралай зуулдап жөнөдү. Рулду бек кармап, бет алдын тик карап кетип бараткан калыбында ал көз алдына Нурияны элестетип баратты.
Арыкчырай, назик, жылдыздуу кыз... Бирок ошол эле учурда ичинде чоң күч бар. Аял да... Далай жүктү көтөрчүдөй. Сабыры жүзүндө турат. Бирок ишенчээк. Бардык аялдардай эле. Жакшы сөзгө, кучак толо гүлгө, жылуу мамилеге өзүнүн бүт дүйнөсүн арнап коюуга даяр... Арнаган дүйнөсүн кимдир бирөө бырын-чырын чыгарып салат деп ойлобогон чыгар. Баркына жетет деген адамдан сокку алыш кандай оор?!
Кетип баратып жүргүнчү отурчу орундукта жанараакта эле Нурия тамак салып келген контейнер, кашык калганын көрдү. Өзүнчө жылмайып алды.
Үйгө келсе Козубек бар экен. Түз эле ашканага кирип кеткен Белекти көрүп карды ачкан чыгар деп ойлоду Козубек. Бирок Белек кирди да, дароо эле сууну агызып, контейнер менен кашыкты жууп баштады. Ушундай бир берилүү менен жалтырата жууду.
Артынан кирип келген Козубек аны чай ичип баштаган деп ойлогон. Аны бир олурая карап алып өзүнө-өзү чай куйду.
– Эмне кылып жатасың?
– Идиш жууп жатам.
– Не болгон сага? Берчи алдагы таза кашыкты... Таза кашык калбаптыр.
– Жок, муну бере албайм.
– Неге?
– Бул бирөөнүкү...
– Сен соо элесиңби? Мен эмне, кашыкты жеп коймок белем? Берчи бери!
– Жок. Муну жаңы эле жуудум. Сага азыр башка кашык жууп берем.
– Алдагы кашыкты алсам эмне болот?
– Башка кашык эле алчы!
– Жаман интрига кыласың го кишини... “Мына бул сенин колуңдагы кашыкты алсам эмне болот?” деген суроо мээмди тырмап баштады. Берсең алдагыны?
– Бербейм!
– Бер дейм!
– Бербейм!
– Соо эмес го...
– Муну ээсине алып барып бериш керек!- Белек өзүнчө жылмайып алды да, контейнер менен кашыкты алып үйдөн кайра чыгып кетти.
xxx
Ал бул жолу Нурия жашаган үйдүн алдына токтоду. Көпкө отурду. Кирип да барган жок. Чыгып калар деп күттү.
А бул учурда Нурия Бишкектин көчөлөрүн максатсыз эле жөө аралап жүргөн. Толтура нерселерди ойлонду. Башы ооруп чыкты... Акыры чарчаганда аны буттары үйүн көздөй сүйрөп жөнөдү.
Бет алдын тиктеген калыбында эле келип, подъезддин эшигин ачып жатканда кимдир бирөө “Нурия” деп аны атынан чакырды.
Белек турат.
– Эмне болду?
– Идиштериңди унутуп коюпсуң...
Кыз бир колуна кашык, бир колуна тамак салынчу контейнерди кармап алган олбурлуу жигиттин кебетесин көрүп аргасыз жылмайды. Белек түз эле аны карай келди.
– Мына буларды жууп койдум,- деди ал чоң иш жасаган кишидей.
Кыз бул жолу күлүп жиберди.
– Каяктан жуудуң?
– Үйгө барып... Жууп анан алып келдим.
Кыз дагы күлдү.
– Не күлөсүң?- бул жолу жигиттин ачуусу келип кеткендей болду.
– Ушу бир кашык үчүн ушунча убараландыңбы?
– Мен сага туура ойлонгонду үйрөтөт окшойм. Мен бир кашык үчүн эмес, мен сен үчүн убараландым.
– А мен болсо... Өзү менен гана убара болгон адамга турмушка чыгып алыптырмын...- кызды ой баса түштү.
– Сен дагы эле анын аялысыңбы?
– Жок.
– Жакшы... Анда мен сени эртең жолугушууга чакырайын.
– Бир жолу эрден чыккан аялдын сага эмне кереги бар?
– Эмне деген “тупой” суроо бул? Бул деген жашоо да. Адамдар бакыт издешет, адашат, табышат... Бул нормалдуу эле нерсе да.
– Сага мындай тарбияны ким берген?
– Детдом...
– Сен ата-энем бар деп жаттың эле го...
– Атаң боору оорусун деп ошентип койгом. Мен балдар үйүндө чоңойгом...
Окшош тагдыр, бирок эки башка адам. Муну кандай түшүнсө болот? Нурия Каныбек менен Белектин асман-жердей айырмасына башы жетпей турду.
– Кана айтчы? Жолугушууга барасыңбы мени менен?
– Ооба...- кыз жылмайды да, анан эмнегедир Белекти аяп кетти. “Рахмат сага” деп аны барып кучактап койду. Белек нес боло түштү.
xxx
Кичинекей Марселди көтөрүп Белек менен Нуриянын сүйлөшүп турганын терезеден тиктеп турган Дария кыз барып жигитти кучактап койгондо чочуп кетти. Бул тиги баш кесерлер менен биригип кеткен го? Эмнеге кучактайт? Бүдөмүк ойлор каптап кетти.
Аз өтпөй эшиктин коңгуроосу чырылдады. Ачыш керекпи? Ачпаш керекпи?
(Уландысы кийинки санда)