Мюнхендик "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский ФИФА уюму тарабынан "2021-жылдын мыкты оюнчусу" деп табылды. Ал Лионель Месси, Мохаммед Салахты артта калтырган. Маалыматка ылайык, жеңүүчү журналисттердин, башкы машыктыруучулардын жана командалардын капитандарынын добуш берүүсү менен аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи 17-январда Швейцариянын Цюрих шаарында болуп өттү. Мыкты машыктыруучу наамын «Челси» клубунун машыктыруучусу Томас Тухель алса, мыкты дарбазачыны «Челсинин» оюнчусу Эдуар Менди алды.