Кыргызстандык ФИФА калысы Вероника Бернацкая кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия кубогунун оюндарында калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.
Кубоктун финалдык этабы 20-январдан 6-февралга чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 курама команда ат салышат.