ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 24-ЯНВАРДАН 30-ЯНВАРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада жумушка байланыштуу маанилүү чечимдерди кабыл алууга туура келет. Ички туюмга, дос, жакындарыңыздын кеңештерине таянсаңыз адашпайсыз. Учурда жылдыздар сиздин жылдыз белгиге жакшы таасирин тийгизген учур, чечкиндүүлүгүңүздү пайдаланыңыз да, жаңы идеяларды ишке ашырыңыз. Сүйүү жаатында романтикалык жолугушууларды, саякаттарды уюштурсаңыз, унутулгус көз ирмемдерди баштан өткөрөсүз. Талаш-тартыштан алыс болгонго аракет кылыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачарлар бул аптада элпек болуп чыга келишет, жаңы досторду табышат. Жакын адамыңыздын көйгөйүн чечип берүүгө жетишесиз. Сүйүү мамилесинде ийгиликтер коштойт. Эгер жалгыз бой болсоңуз, жакында сизди өзүнө тарта алган адамга жолугасыз. Дем алыш күндөрү досторуңуз менен жолугушуп чер жазасыз, жакшы жаңылыктарды угасыз. Бирок ден соолукту эстен чыгарбаңыз, жылуу кийиниңиз. Өзүңүздү өнүктүрүүгө да көңүл бурушуңуз керектигин жылдыздар эскертишет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта эгиздер үчүн ийгиликтүү өтөт. Сиз үчүн маанилүү адамдын ишеничине кире аласыз. Маанайыңызды түшүрбөй, күлүп жүрүңүз. Маанилүү жолугушуулар жана иш сапарлар ийгиликтүү өтөт. Бош убактыңызда спорт менен машыгып, сергек жашоо образын карманыңыз. Апта соңунда үй тиричилик жумуштары көбөйүп, шайыңызды алат. Алыңызга жараша иш кылбасаңыз, аягында нервиңиз чыңалып, чарчайсыз. Балдарга да көңүл бөлүп, аларды ойнотууга туура келет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта позитивдүү башталат. Өзүңүздү жеңил сезип, акылыңызга акыл кошулуп, баарлашууга ынтызар болуп чыга келесиз. Демек, бул апта достор менен жолугуп, эс алуучу жайларга барып эс алып, ал эми туугандар менен телефон аркылуу баарлашканга ыңгайлуу. Мамиледе гармония орун алат. Жалгыз бой бөйөндөр жакшы мамиледе боло турган адамдарды таба алышат. Аптанын экинчи жарымы түгөйлөр үчүн оорураак өтүшү мүмкүн, андыктан компромисске барыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар аптанын жарымында эс алууну көксөбөстөн, жумуштарыңызды бүтүрсөңүз туура. Антпесе иштер топтолуп калат. Каржы жааты ойдогудай болот. Иммунитетиңизди бекемдеп, ден соолукка кам көрө жүрүңүз. Эгер көптөн бери бир нерсени сатып алууну каалап жүргөн болсоңуз, дүйшөмбү күнү алсаңыз жолуңуз болот. Аптанын экинчи жарымында башкалар менен мамиле кылууда келишпестиктер орун алат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жеке жашоосунда көйгөй жаралып жаткан бийкечтер үчүн ушул учур абдан маанилүү. Мамиледеги кризисти калыбына келтирип, гармония курууга аракет кылыңыз. Стилиңизди өзгөртүп, өзүңүзгө кам көрүп, эс алууну ойлоңуз. Буга чейинки кетирген каталарыңызга анализ жасап, туура чечим чыгарыңыз. Балдар менен убакыт өткөрүүгө ыңгайлуу учур, демек, аларды алып сейил бакка барыңыз, алар менен көбүрөөк сүйлөшүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүз менен өзүңүз калып, жүрөгүңүздү, сезимдериңизди угуңуз, учурдагы кадамдарыңызды талдаңыз. Чечим кабыл алууда жети өлчөп, бир кесиңиз. Бул учур сизге ички жан дүйнөнү байытууга ылайыктуу кез. Сизге жардам сурап кайрылгандардан баш тартпаңыз, кийин кайтарымын көрөсүз. Үй тиричилик жумуштарын артка калтырып койбоңуз, ушунун айынан үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралышы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Активдүү жашоо образын карманыңыз, антпесе жуманын экинчи жарымында талыкшып, иштериңизди бүтүрө албай каласыз. Адамдар менен баарлашууну каалап, жакын сырдаш адамдарга жолугушуңуз мүмкүн. Жакындарыңыздын, досторуңуздун жашоосунда эмне болуп жатканын угуп-билип алар үчүн кабатыр болосуз. Жаңы өнөр үйрөнсөңүз ийгиликтүү болот. Адамдар менен мамиле кылууда кыйынчылыктар чыгат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Каржы жаатына көңүл бурууну сунушташат жылдыздар. Жумушта активдүү иштесеңиз эле баары жайында болот. Ата-эне, бир туугандар менен мамилеңиз бекемделет, балалык күндөрдөгү кызыктуу учурларды эске салып баарлашасыздар. Алдыдагы иштериңизди да алдын ала пландап алсаңыз кийин пайдасы тиет. Аптанын экинчи жарымында досторуңуздун ортосунда капачылык орун алышы мүмкүн, жакшысы, кабарлашпай тура туруңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сиз үчүн аптанын жарымы ийгилик, жарымы энергияны ала турган маселелер менен коштолот. Жашоого көз караштарды өзгөртүп, билим алууга убакыт бөлүңүз. Балким, кызыктуу китеп окуйсуз. Интернеттен жаңы таанышуулар орун алышы мүмкүн, алардын бири сизге жан дүйнө окутуучусу болуп бериши ыктымал. Аптанын экинчи жарымында максаттарга жетүүдө кыйынчылыктар жаралат. Абройлуу, таасирдүү адам менен чырдашып калууңуз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ден соолукка, балдарга көңүл буруңуз. Сиз тууралуу ар бир айтылган кепке реакция кыла берсеңиз чарчап, ар ким менен урушасыз. Табышмактуу нерселерге кызыгууңуз артат, окуңуз, изилдеңиз, бул сизге пайда алып келет. Буга чейин бир маселе чечилбей тынчыңызды алып келген болсо, бул аптада ал боюнча көп нерсени билип, түшүнөсүз. Жумушта тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн, репутацияңызды булгап алуудан алыс болуңуз. Мыйзам бузбаганга аракет кылыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бул аптада түгөйүңүз менен мамилени бекемдөөгө ыңгайлуу учур. Буга чейин жаралган көйгөйлөр чечилет. Аптанын экинчи жарымында күтүлбөгөн жаңылыктарды угасыз, анын айынан пландарыңыз өзгөрүп кетет. Спорттук иш-чараларга катышуудан, оор жумуштардан качыңыз, жаракат алып калуу коркунучу бар. Жумушу жоктор өздөрүнө жаккан жумуш табышат. Көз караш менен оюңузду тартынбай айтып, көңүл чордонунда болгондон коркпоңуз, пайдасы тиет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан