БИР БҮРКҮМ. САЛЯНОВА ДЕПУТАТТЫККА АТ САЛЫШАТ...

  • Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалганын УКМК маалымдады.
  • Парламент депутаты Орозайым Нарматованы убагында окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деп Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылды.
  • Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыгарылды.
  • Өлкөдө акчасын төлөп автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берилгени жатат.
  • 2021-жылы Бишкекте жол кырсыгынан 64 адам каза таап, 3396 адам жаракат алганы маалымдалды.
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыяланды.
  • Эпидемиологиялык кырдаал начарлагандыктан өлкөдө 26 мектеп онлайн режимде иштөөгө өттү.
  • Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду.
  • Жогорку Кеңеш санариптик өнүгүү министри кызматына Талант Имановдун талапкерлигин жактырды.
  • Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектин Свердлов райондук округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышканы жатат.
  • ТИМ: Кыргыздын Ирандагы элчилиги Бишкек-Тегеран түз аба каттамын ачууну сунуштады.
  • 2022-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга президент тарабынан кол коюлду.
  • Парламент депутаты Нуржигит Кадырбеков оорукана сөзүн "шыпаакана" деп өзгөртүп колдонууну сунуштады.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү.
  • Өзгөчө макамы бар Баткен облусун өнүктүрүүгө, мыйзамга ылайык, жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөрү айтылды.
  • Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасы кайрадан медицина кызматкерлери үчүн обсервация болуп ачылат.
  • Эдил Байсалов: "Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну 2022-жылдын март айына чейин созулат".
  • Баткендин Кадамжай районунда автоунаа айдай качууга шектелип 41 жаштагы жаран кармалды.
  • Акыйкатчы институту: Ленин РИИБинин тергөөчүсүнүн мыйзамсыз аракетинин айынан 1 аял күнөөсүз 1,5 жыл абакта отурганы аныкталды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан