АДАХАН МАДУМАРОВ ЧЕК АРА БОЮНЧА СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

Бул аптада саясатчы Адахан Мадумаровдун 4 күн суракка алынышы негизги окуя болду. Чек арага байланышкан ар бир маселе коомчулукта талкуу жаратары анык.

ТАЛАШТУУ 275 МЕТР ЖЕР

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Саясатчы 14, 17, 18, 19-январь күндөрү суракка алынды. Маалыматка таянсак, Мадумаров Кыргыз-Тажик чек арасына тийиштүү иштин алкагында суралып жатат. Тагыраагы, 2009-жылы Баткендин Төрт көчө тилкесиндеги 275 метр жерди 49 жылга ижарага алуу боюнча Кыргыз-Тажик тараптын кызмат өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунда кол коюлган прокотолго байланыштуу суроо-жооп, тактоо жүрүп жатат...

ЧУУЛУУ ПРОТОКОЛ

2009-жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусунда протоколго кол коюлган. Кыргыз тараптан ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адахан Мадумаров кол койгон протоколдо Кыргызстан 5 гектар (узундугу 275 метр) жерди 49 жылга ижарага алары тууралуу жазылат. Ушул документке таянып Тажикстан аталган 5 гектар жерди такталбаган жер эмес, “биздин жер” деп эсептеп жатат. Кыргыз бийлиги аталган протокол эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирген.

“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” БИЛДИРҮҮ ЖАСАДЫ

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 18-январда кайрылуу жасап, партия лидери Мадумаровду негизсиз каралоо жүрүп жатат деп жарыялады. Президент Садыр Жапаров 17-январда маек берип, анда Мадумаровду “саткын, кылмышкер” деп атады, бул жаран катары да, депутат катары да Мадумаровдун укугун бузуу болуп саналат дейт партиянын саясий кеңеши. Ал эми чуулуу протокол боюнча “Бүтүн Кыргызстан” буларды билдирди:

– Бул документ ниеттенүү жөнүндө протокол болуп саналат жана ал учурунда чек арада курчуган кырдаалды басаңдатуучу фактор болгон. Бул сунуштамалык мүнөзгө гана ээ, атүгүл Жогорку Кеңешке ратификациялоого жөнөтүлгөн эмес. “Маселе ар бир мамлекеттин өкмөт аралык комиссиясында каралсын жана чечилсин, тийиштүү мамлекетке жана анын кызматтарына ар бир мамлекеттин аракеттеги мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү сунушталсын” деп протоколдо так жазылып турат.

Садыр Жапаров: “КЫЛМЫШ КЫЛДЫҢБЫ, ЖООП БЕР”

Президент Садыр Жапаров жакында “ВБ” басылмасына маек берип, анда Мадумаровго карата “кыз боозуп энесин коркутат”, “кылмыш кылдыңбы, жооп бер” деген сөздөрдү айтты.

– Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин "артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат" деп каалаган ишин жасап жүрө берет?- деди президент. Жарандык коомдун өкүлдөрү күнөөсүздүк презумпциясын эске салып, сот чечими чыга электе кимдир бирөөнү кылмышкер деп атоого жол берилбеши керектигин айтып жатышат.

Адахан Мадумаров: “МЕНИ МИНТИП КОРКУТА АЛБАЙСЫҢАР”

Адахан Мадумаров бул иштин артында азыркы бийликтин оппозицияны коркутуп коюу аракети турат деген пикирде.

– Мени башкалардай ойлобогула, минтип коркута албайсыңар. Бул иштин артында айрым саясатчыларды коркутуп коюу аракети турат. "Силер түгүл, Мадумаровду да коркутуп койдук" дегенди көрсөтөлү деп жатышат окшойт, андай болбойт,- деди саясатчы. Ал эми протокол тууралуу буларды белгиледи: – Протоколдо "ички процедураларды аткаруу менен чечилсин" деп жазылып турат. Ички процедура деген жумушчу комиссиялардын, өкмөттөр аралык комиссиялардын отурумдарында каралып протоколго алымча-кошумча кирип, анан бекитилет деген сөз. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында өтүп, анда башка сунуштарды киргизебиз дешкен. Ошону менен жанагы менин бетиме такап жаткан протокол күчүн жоготкон. Президент өзү "ал протокол юридикалык күчкө ээ эмес" деп жатат. Күчкө ээ эмес болсо, анда эмне мынча ызы-чуу кылып жатасыңар? Албетте, Тажик тарап көрсөтөт, бирок биздикилер бул документ күчкө ээ эмес деп эле айтышы керек да.

Айта кетсек, Башкы прокуратурада “Бүтүн Кыргызстандын” депутаты Исхак Масалиев да сурак берүүдө.

ТЕРГӨӨДӨГҮ БЕТТЕШТИРҮҮ

19-январда Мадумаров менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров беттештирилди. Эскерте кетсек, 2020-жылы Мадумаров Бекназаровдун элчиликке дайындалышын "сатылып кетти" деп сындап чыкканда Азимбек Бекназаров маалымат жыйында Мадумаровду 2009-жылкы аталган протокол боюнча айыптаган эле. Тергөө анын ошол сөздөрүн тактоону көздөгөнүн айткан элчи бийликти да, Мадумаровду да бул окуядан пиар жасабоого чакырды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 998, 21-27-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан