(Башы өткөн сандарда)
– Кана, болгон окуянын бүт баарын айтып бергиле.
Эрик менен Санжар бирин-бири карап унчукпай калышты.
– Кана, сен башта!- деп Аскар чыдамы кете Санжарга ишарат кылды. Аргасы кеткен ал тамагым жасап алды да, айтып баштады.
– Кечке маал 11лер болчу. Кыз окуган окуу жайды мурун эле билип алганбыз. Сырттан карап турдук. Баары чыга башташты. Биз аны бир бурчтан кармап эле коркутуп коймокпуз. Бирок ал чыкпады. Эжейи чыкты. Акыры биз окуу жайга кирдик. Кароолчусу телевизор көрүп жаткандыктан бизди байкаган жок. Ал бийлеп жаткан...
Ушул жерге келгенде ыйлагысы келип кетти эмнегедир. Көз алдында жеңил секирип жаткан татына кыздын элеси келе калды.
– Анан?
– Анан бизди көрүп коркуп кетти. Мен эч нерсе кылган жокмун. Жөн эле кармап бердим. Эрик...
– Коркок!- деди жек көрө караган Эрик.
– Эрик тез эле жинди болуп кетти. Кызды катуу урду. Бутун кайрып сындырып салды. Этеги ачыла түшкөндө...
– Иттер!- деди Аскар бакырып.
– Аскар байке, мен кой дедим. Эрик укпай койду. Ошол жерден коркуп кеттим да, артка качтым. Башка эч нерсе билбейм. Менин колум да тийген жок.
– Эрик, сен эмне кылдың?
– Эркектик кылдым!- деди карк эткен зөөкүр. – Андай кыздар ушундай жазага ылайыктуу.
Аскар башын чайкап турду. “Башы иштебеген ит, эмнеге аралашканын дагы деле түшүнбөй жатат” деди ичинен.
Жашоосунда Эркин мынчалык оор абалды башынан өткөрүп көрбөсө керек. Чоң энеси ага “кумурскага да зыян кылба, уулум, баарынын сурагы болот” деп тарбиялаган. А бул болсо... Күйүп жатты ичи. Эриктин айткандары ого бетер жанын кашайтты.
– Мен өзүмдү токтото албай калдым, кечирип коюңуз, Аскар байке,- деди да аркасында турган Санжарга ыржайып карап койду. Деги өкүнүп жаткан кебетеси болсо экен. “Сени шашпа, колго тиерсиң” деп жатты Эркин жаны кашайып.
– Болору болуптур, эми дымыңарды чыгарбагыла. Мен бул ишти тезирээк, бизге тийгизбей тазалаганга аракет кылам. Акылыңар болсо бул шаардан жоголо тургула. Эркин, сен кал, булар кете берсин.
– Жакшы калыңыз,- деген экөө чыгып кетишти.
Ата-бала жалгыз калды. Эркин атасынан корккон жок, ичиндеги ага болгон ыза да кетпей турду, тескерисинче, атасы эмнегедир жумшарып калгандай.
– Сен жигит, эмнеге мындай кылдың? Акылдуу эле уулум бар деп жүргөм, апаңдын тилине кирип...
– Апама тийишпеңиз! Бул жолу да апакай болуп чыгып кеткени турасызбы? Сиз күнөөлүүсүз! Апам өмүр бою ыйлап келе жатат. Эгерде сүйбөсөңүз ажырашып кеткиле да... Эмнеге кыйнаш керек? Апамдын күнөөсү эмне?
Аскар уулуна таң кала тиктеп калды. Чоңоюптур да, атасына акыл үйрөткөнгө жарап калыптыр.
– Жашоо сен ойлогондой эмес, балакай. Мен...
– Тиги кыз эмес, анын апасы менен мамилем бар дедиңиз. Бул бир нерсени алмаштырабы? Апамды сиз бул нерсеге мажбур кылдыңыз, эми келип апакай болуштун кереги жок.
– Эркин, сен соо элесиңби?
– Сопсоомун.
– Чык эшикке, өзүңдү, пикириңди, сөзүңдү оңдомоюнча менин көзүмө көрүнбө!
Эркин атасынын кабинетин карс эттире жаап чыгып кетти. Жанын коёрго жер таппайт, үйгө келди, сыртка чыкты. Кечке маал телевизорду карап жатса “Депутат Аскар Жунусов жаңы ачылган балдар үйүнүн лентасын кесүүдө” деп экрандан атасынын жүзү көрүндү. Жылдыздуу күлүмсүрөп сүйлөп жаткан атасын тиктеп турду. “Балдардын келечеги имиш, өз балдарынын эмне кылып жүргөнүн билбейт. Кооз эле сүйлөтүп койсо бул адамды” деп ойлоду кыжырлана. Ага улай эле "Кылмыш-кырсык хроникасы" деген рубрика менен Айсулуунун сүрөтү чыга берди. Жүрөгү селт эте түштү. Микрофонду кармаган журналист так өзүн тиктеп сүйлөп жаткандай коркуп кетти.
– Кечээ хореографиялык училищенин студенти А.Ага кол салуу болду. Кол салуу учурунда жабырлануучунун буту сынган. Ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Окуу жайдын мугалимдери иштин дыкат иликтенишин талап кылышууда.
Экрандан ак чач орус аял болгон окуяны айтып берип жатты. Эркин ары жактан келе жаткан карындашынын үнүн угуп каналды башкага которуп жиберди.
– Эркин байке, апам чайга чакырып жатат,- деди кичүү карындашы Акылай. Агасын келип кучактай калды.
– Ии, азыр...- деп өз бөлмөсүнө кирди да, атасына телефон чалды.
Көпкө албай жатып алды атасы.
– Телеге чыгып кетти, ата.
– Эмне?
– Тиги окуя?
– Энеңди урайындар десе, жыты чыкпасын деп тапшырбадым беле? Кайсы канал экен?
Эркин каналдын атын айтты. Телефонду коюп койгон атасынын андан аркы жүзүн элестетпегенге тырышты. Аскар болсо колу жеткен жерлердин баарына телефон чалып жатты. Акыры Альфияга телефон чалды.
– Кандайсың?
– Ох, кандай болоюн, эмне кылып жатканымды деле билбей турам. Ооруканадамын.
– Жаныңа барайынбы?
Альфия буйдала түштү. “Кел” дегиси келсе да өзүнүн “кызым аман калса Аскарга жолобойм” дегенин эстеп кетти. Бир жагынан кимдир бирөөгө дартын айтып алгысы келип жатты. Анварды эптеп үйгө эс алганы жөнөтүшкөн эле, түн ортосунда ким көрмөк эле деген ой келип турду.
– Мейли, кел,- деди чарчаңкы. Аскар ушуну эле күтүп турган эле, жарым саатта оорукананын жанында болду. Альфия аны сыртта күтүп турган экен, жаш кыздардай машинадан түшөрү менен моюнуна асыла калып ыйлап жиберди.
– Кой эми, ыйлабачы. Аман калды башкысы, азыр акмактар көп, өлтүрүп деле кетишмек.
– Абалын көрсөң, байкушумдун эч кандай күнөөсү жок эле да, акмактар!
– Бир нече адам бекен?- деди бүшүркөмүш болгон Аскар.
– Камерадан эки жигит киргени көрүнүптүр.
– Кимдер экен ал иттер?
– Жүзүндө маскалар бар экен. Иликтеп жатабыз дешти. Ох, бүгүн жанымда болушуңду кандай гана тиледим. Сен келдиң...
Альфия Аскардын кучагынан чыккысы келбей турду. Ушу коркунучтан тек күчтүү адам чыгарат деп ойлоп турду. Ал эми Аскардын башында кандай ойлор болуп жатканын билген жок. “Эшектер десе, эми бири илинсе Эркин аларды жалдаганын айтып берет, Эркинге иш жакындады дегиче биздин Альфия экөөбүздүн ишибиз чыгат. Анан ушунча жыл курган репутациям кетти деп кой. Тиягынан журналисттер, бул жагынан душмандарым талап жеп коюшат. Ушуга чейин коомчулукка таптаза келген аброюм булганат. Кайдан да ушундай ишке кириптер болуп калдым экен?..” деп жатты кыжалат боло. Кучагында турган байкуш аял анын эмнелердин ичинен чыкканын билбейт, дүйнөнүн жайлуу жери Аскардын кучагы деп ойлоп жатты.
– Өзүнүн абалы кандай?
– Жакшыраак. Атасы ого бетер жинди болбосун деп өзүн кармап жатат.
– Күчтүү кызың бар.
– Ооба.
– Кой, кеч болду, мен кетейин.
– Дагы бир аз туруп турчу.
Аскар Альфияга чыдамы жетпей бара жатты. Акылдуу деген аял ушундай болсо... Бирок кыжырын басып чачынан жыттап койду.
– Эртең бир маанилүү жыйын бар эле. Мен эс алайын, сен да эс ал, кеч болду.
– Эртең да келесиңби? Мен сенсиз жаман кыйналам. Анвар да баарына мен күнөөлүүдөй карап жатат. Менин эмне күнөөм бар?
Аскар башын чайкады. Эмне дейт бул аялга? Чын эле экөөбүз күнөөлүүбүз деп айта албайт. Ушул бир саамга гана Аскар Анвардын ордуна өзүн коюп көрдү. Эки кызынын бири ушундай абалга кептелсе ким болсо да жанын сууруп алмак. Аялы минтип отурса... “Дүйнөдөгү бардык нерсеге акылым жетти. Бир гана аялдарга акылым жетпеди” деген бир окумуштуу. Мына, өз аялы бир мисал. Жөн жерден башына балээнин баарын үйбөдүбү.
Альфияны кара, Анвардын башына келгендин баарына өзү себепкер экенин билбейт.
– Анварды түшүнүү керек, ким болсо да ошондой болмок. Негизи эле экөөбүздүн мамиле тууралуу ал билбесе болмок.
– Анвар акылдуу адам, ал баары бир билмек. Жашыруу мүмкүн эмес болчу.
– Болуптур, мен кетейин.
Альфия араң коё берди. Сырттан палатага киргенде Айсулуу палатанын терезесин тиктеп турганын көрдү.
– Сен ойгонуп алдыңбы?
– Уктаган эмесмин, атам эс алсын деп уктагандай болуп жаткам.
– Бир нерсе каалайсыңбы?
– Ооба,- деди Айсулуу кескин түрдө. Бурулду да апасынын жүзүнө тигиле карады. Эмнегедир көпкө тигилди. Альфиянын жүрөгү солк эте түштү. Тик карай албай карбаластап кетти.
– Мен эмне каалайм билесизби, мага чындыкты айткан энени каалайм. Мен азыр сизди көрдүм! Бирөө менен көрдүм.
– Айсулуу, кызым мен сага түшүндүрүп берем.
– Эмнени?
– Ал Аскар, менин аны менен көптөн бери мамилем бар.
– Атам билеби?
– Билет...
(Уландысы кийинки санда)