ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 31-ЯНВАРДАН 6-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Апта сиз үчүн ийгиликтүү болот. Маанилүү жумуштарды пландап, бүтпөй калган иштерди бүтүрөсүз. Бизнесте атаандаштарды аттап өтүү үчүн ыкчам иш-аракеттерди кылууга туура келет. Сүйүүдө сезимдер күчөгөн учур. Жалгыз бойлор жан дүйнөсүнө жакын адамды жолуктурушат. Жумуш менен эс алууну бирдей алып кетиңиз. Дем алыш күндөр көңүлдүү өтөт, андыктан компьютер же телефон тиктеп убакыт өткөрбөңүз, көңүл ачуучу жайларга барыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Көптөн бери көздөгөн пландарды ишке ашырганга ылайыктуу апта. Бирок кылдаттык талап кылынат. Эски чатактар козголгондон улам айрымдар менен чырдашып калууңуз мүмкүн, бул болсо туура эмес чечим чыгарууга түртүшү ыктымал. Сүйүүдө сезимдерге берилесиз, акыл менен эмес, сезим менен чечим чыгарасыз. Ошентсе да зыянын тартпайсыз деген кепилдик жок. Дем алыш күндөрү кечеге же дискотекага барышыңыз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бул аптада убаракерчиликти талап кылган айрым иштер да кызыктырат. Сулуулук жактан эксперт болуп чыга келип, келбетиңизди жакшыртасыз. Жумушта баалана турган эмгек жасоону же мыкты идеяны сунуштоону каалайсыз. Аракет кыла бериңиз, мактоого татыйсыз. Андан тышкары карьералык өсүш үчүн келечектүү эшик ачылат. Жылуу жүрсөңүз ден соолук жайында болот. Жакындарыңыз менен мамиледе көйгөй жаралат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй-бүлөгө байланыштуу маселелер ийгиликтүү чечилет. Оптимизмге таянып, бардык нерседен позитив издейсиз. Ушактарга көңүл бурбаңыз, таарынычтарды унутуңуз, ушинтсеңиз сизге жеңил болот. Өзүңүзгө ишенимди күчөтүңүз. Убактыңыз тар болуп, кездешүүлөргө кечигип барасыз. Жакшысы, бул аптага көп жолугушууларды пландабаңыз. Каржы жаатында баары жайында болот. Дем алыш күндөрү үй жумуштарынан колуңуз бошобойт.

АРСТАН (23.07-23.08)

Бул аптада жылдыздар ийгиликтерге жол ачат. Жумуштарыңыз жеңил ишке ашат, каржы жааты да көйгөй жаратпайт, кызыктуу сунуштар түшөт. Сизден жети өлчөп, бир кесүү гана талап кылынат. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүзгө талапчыл, өзүңүзгө өтө ишенимдүү жар болуп чыга келесиз. Маанайыңыз көтөрүңкү болот, ден соолукка көңүл бурсаңыз эле баары жайында болот. Дем алыш күндөрү үйдө эс алыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн чечкиндүү кадамдарды таштайсыз. Башкалардын сиз тууралуу эмне айтарына көңүл бурбаңыз, бул нерсе кыялдарыңызды ишке ашырууда тоскоол болот. Жеке мамиледе башкалардын ушагына алданып, сүйүктүүңүз менен чыр жаралышы мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүңүз, организмиңиз эс алууга муктаж. Балким, массажга же СПА-салондоруна барасыз. Же жөн гана үйдө интернетти өчүрүп эс алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзгөрүүгө учур келди, эмне кааласаңыз да аракетти баштаңыз. Чечимдериңизди жакындарыңыз колдоп берет. Көптөн бери байланышпаган, ашыкча тааныштардан кол үзүңүз. Аптада олуттуу мамиле орун албайт, жөн гана көңүл ачуучу учурлар болот. Үй-бүлөлүүлөр эс алууга, романтикалык сапарга чыгуулары мүмкүн. Энергияңыз азайып баратканын сезип, көңүл ачууну каалайсыз. Муну ишке ашырыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Бул аптада чаяндар бир нерседен кабатыр болушат. Үй-бүлөңүзгө же жакындарыңызга алардын жумушун бүтүрүп берүүнү убада кылбаңыз. Жакшысы, убакытты өзүңүзгө арнаңыз. Жаңы адамдар менен таанышууну каалайсыз, көйгөйлөрдөн арылгыңыз келет. Эс алуучу жайларга барсаңыз кайтууда кеч калбаңыз, жагымсыз окуяга туш болушуңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү эс алууга тоого чыксаңыз жагымдуу окуялар менен коштолот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бул апта сиз үчүн буга чейинки иштериңиз, кадамдарыңыз боюнча жыйынтык чыгара турган убак. Буга чейин кетирген каталарды таап, анын үстүнөн иштейсиз. Жеңиштериңизди кубануу менен эстейсиз. Алдыга конкреттүү пландарды коюп, материалдык байлык топтоп, үй-жай алууга аракет көрөсүз. Ошентсе да көңүл ачууга убакыт табылат. Түгөйүңүздү кызгана турган себептер пайда болот. Эмоцияга алдырбасаңыз баары жайында болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сиз үчүн жылдыздар сюрприздерди даярдап турушат. Пикири сиз үчүн маанилүү болгон адамдардын кеңеши менен кадам таштай берсеңиз жаңылбайсыз. Башкалардын көңүл чордонунда болосуз, жадакалса атаандаштарыңыз да тымызын суктанышат. Сезимдерди катпай, өзүңүзгө ишенсеңиз, баары жайында болот. Жумушта айлыкты көтөрүү боюнча көйгөй чыгат. Дем алыш күндөр кызыктуу өтөт. Буга чейин пикир келишпей, сизге ишенбей урушуп жүргөн адамдар менен жарашасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кызыктуу окуялардын курчоосунда болосуз. Сизден кеңеш сурашат, сыр айтышат, сизге ишеним арткандар көбөйөт. Аларга кеңеш берүүдө өзүңүздү анын ордуна коюп көрүп, кылдат кеңеш берсеңиз кийин ыраазычылык угасыз. Бирок башкаларга убакыт бөлөм деп өзүңүздүн иштерди унутуп калбаңыз. Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен эс аласыз. Бойдоктордо илең-салаң болгон мамиле жанданат же жаңы таанышуулар орун алат.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Балыктар бул аптада өздөрүн токтоо кармап, интригаларга аралашпаганга аракет кылбаса жанындагы адамдар менен чырдашып калуусу мүмкүн. Жалгыз бой балыктарга жаңы адамдар табылат, аларга азгырылбоо керек. Өзүңүздүн катачылыгыңызды моюндаганга, ар бир сөзүңүздү анализдегенге аракет кылыңыз. Жумуштан кийин эс алууга, же салонго барганга аракет кылсаңыз, кийинки аптада энергияңыз ашып-ташып жемиштүү иштөөгө шарт түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан