КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУН КУРУУ: КЫРГЫЗДЫН ДОКУМЕНТТЕРИ ДАЯР

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Кыргызстан Кытайга тийиштүү документтерди жөнөттү. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары Дастан Усубакуновдун айтымында, учурда Кытай тарап документтерди изилдеп жатат. Февралда “Кыргыз темир жолунун” директору Кытайга барары, аталган темир жолду куруу боюнча орток пикирге келүү күтүлүп жатканы айтылды. Аталган темир жол магистралын куруу Кыргызстан ишке ашырууга кызыкдар болгон маанилүү долбоорлордун бири. Адистер бул долбоор ишке ашса, Кыргызстан экономикалык эркиндикке ээ болорун айтып келишет. 3 өлкө тең өз кызыкчылыктарын көздөйт, долбоор боюнча көп жылдан бери бир пикирге келише элек. Талаштуу жагдайлар боюнча буга чейин да жазганбыз. Мисалы, темир жолдун маршруту жана эни боюнча талаш бар экени белгилүү. Кыргыз тарап жолдун кеңдиги 1 метр 52 сантиметр (КМШ өлкөлөрүнүн поезддери жүрүүгө ылайыкташкан) болорун айтса, Кытай тарап 1 метр 43 сантиметр (Кытай стандартына ылайык) болорун билдирип келген. Жолдун маршруту боюнча да так вариант аныктала элек. Кыргыз тарап Кытайдан чыккан темир жол Ат-Башы аркылуу Жалал-Абадга келип, андан ары Өзбекстанга өтүшү керек деген позицияда болчу. Ошол эле учурда экинчи вариант да сунушталган. Ал схема боюнча жол Эркеч-Тамдан башталып, өлкөнүн түштүк аймагы аркылуу Өзбекстандын Анжиян облусуна келип жетмек, бул вариант Кыргыздын кызыкчылыгына төп келбейт деген жооп айтылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 3-5-февраль күндөрү Кытайда иш сапары менен болору күтүлүүдө. Мамлекет башчы Пекин шаарында Кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушары пландалууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан