ШАЙЫРБЕК ТАШИЕВ МАНДАТЫН ТАПШЫРАБЫ?

Парламент депутаты, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айтып “Ата Журт Кыргызстан” фракциясына кайрылды. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Бул маселе фракция жыйынында караларын белгилейт Төрөбаев.

Шайырбек Ташиев былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган эле. 23-январда маалымат жыйын берген Камчыбек Ташиев иниси депутаттык мандатын тапшырарын жарыялаган.

– Үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым,- деди УКМК төрагасы.

26-январда Бишкекте бир нече адам Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусуна каршылык билдирип митингге чыгышты.

– Ал 20 миң адамдын добушун алып депутат болгон. Мандатын себепсиз эле тапшырып салуусуна каршыбыз,- дешти алар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан