Майрамбек Осмонов: «ЫРДЫН ЖАРАЛЫШЫНА ОРТОБУЗДАГЫ МАХАБАТ СЕБЕП БОЛГОН»

Бир ырдын тарыхы

Кайсы бир концертте ырчы Майрамбек Осмонов аккордеон менен “Арман” аттуу ырын бир укмуш берилүү менен ырдаган эле. Күйүп-бышып ырдап жаткан ырчыны карап, менде “жүрөк дартын ырга салган окшойт” деген ой жаралган. Көрсө, байкаганымдай эле «Арман» ырчынын өмүр жолунун бир үзүмүнөн алыныптыр.

– Бул ыр “Арман” деп аталат. Сөзү, обону мага таандык. Эмнегедир ушул ырды көп ырчылар сурашты. Гүлнара Кахарова ырдап жүрдү. Азыр эми Айнура Салахидинова ырдап жатат. Айнура менен ырга кайрадан обон жаратам деген Руслан аттуу жигит мунун атын “Кусалык” деп өзгөртүп салышыптыр. Анысына да мейли эле, бирок кээ бир саптарын туура эмес ырдап алган экен. “Оңдоп, бузбай ырдагыла” деп айттым.
Ооба, “Армандын” тарыхы узун. Мен бул ырды 1998-жылы жазганмын. Ашык болуп жүрүп, Айгүл аттуу канттык кызга үйлөндүм. Экөөбүздүн ортобузда тунук, аруу махабат бар эле. Үй-бүлө күткөн соң жакшынакай турмуш кечирип жүргөнбүз. Бирок бири-бирин катуу сүйгөн кош жүрөктү турмуш ары-бери калчайт экен. Экөөбүздүн ортобузда бала жок. Айгүл таарынып кеткен учурда ага болгон кусалыгым артып, бир нече сүйүү ырларын чиймелеп, аларга обон жараткам. Адамдын ойлогонундай эмес, Кудай маңдайга жазгандай болот турбайбы. Тилекке каршы, Айгүл экөөбүздүн үй-бүлө очогубуз бузулду. Мына ошондон улам: “Күн өтөт сызган куштай, Каларбыз сыздап-сыздай. Ажыратмак болсоң эгер, Не коштуң бизди, Кудай?”,- деген саптар жаралган. Бир сөз менен айтканда, биринчи жубайым экөөбүздүн ортобузда бала сыяктуу ушул ыр калды. Ырдын жаралышына ортобуздагы махабат себепкер болгон.

Айнура Салахидинова:
– Ырды берилүү менен аткардым. Себеби ошол кезде сүйүүдөн азап тартып жүргөн элем, балким, көз алдыма бактылуу күндөр тартылганбы... Айрыкча “өзүң деп соккон жүрөк, башкага чаппай калды” деген жерин ырдаганда көөдөнүм толуп, жашка муунуп калгам. Бул ырга жакында клип тарттырдым. Майрамбек байке сунуштаган сюжетти тандадык.

Сөзү, обону Майрамбек Осмоновго таандык, Айнура Салахидинованын аткаруусундагы “Арман” аттуу ырдын клибин бул жактан көрө аласыздар.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
cosmopolit
2010-12-04 03:36:44
чын эле бири бирин абдан суйушкон болсо...бала багып алып корушсо болмок балким ажырашпай калышмак....эмнеси болсо да бу жашоо...кыймалуу чиймелуу...а дейбиз бу дейбиз....
0
Tokmok
2010-12-06 03:50:42
Bashynda Ainura menen Mairambek baike ekoo birin biri suigon eken dep oilop kettim...
Arman koop negizi, birok bul jalgan duinogo synalysh uchun kelgendikten, munun baardygy bizdi synap jatsa kerek dep oiloim. Oshol syndan jenip otson,andan arky jashoobus baktyluu boloruna ishenip kelem. Jakshylap akyldashyp, tushunushup jashashsa.....
0
Nazulya
2010-12-06 11:51:01
Ушул ырды укканда ыйлап жиберем, анткени азыр суйуунун азабын коруп жаткан убагым. Меники дагы силердикине окшош болуп жатат.
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан