Орозайым Нарматова, жаш саясатчы: “САДЫР ЖАПАРОВ САЯСАТТАГЫ БИРИНЧИ УСТАТЫМ”

Бул жолку маектешибиз Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланып, көп өтпөй БШК тарабынан мандаттан ажыратылган жаш саясатчы. Ушул жагдай, саясат, максаттары тууралуу Орозайым Нарматованы кепке тарттык.

– Орозайым, диплом чуусунун артынан БШК сизди депутаттык мандаттан ажыратты. Эмне үчүн сотко кайрылбоону чечтиңиз? Бул тагылып жаткан айыптоону моюнга алууга барабар эмеспи?

– Адилетсиз бийликтин адилетсиз сотун Садыр Жапаров бир эмес, бир нече жолу башынан өткөргөн. Биринчиден, сотко кайрылууга каражатым жок, анткени мыкты, дасыккан жактоочу алышым керек. Экинчиден, мен 3 жыл ичинде эң жакын адамдарымдан айрылдым. Акыркы бир тууганымды жоготуу мага катуу сокку болду. Ага карабай, өксүп турсам да келечек үчүн шайлоого катыштым. Учурда атам, эжем да ооруп жатат, алар "соттошпой эле, Кудайдын сотуна салып кой" дешти. Анан бул бийликтин сотунун адилеттүүлүгүнө ишенбейм, анткени президент өзү атымды атап, каралап жаткандан кийин жакшылык күтүү мүмкүн эмес. Чынын айтсам, жакындарымды аядым.

– 28-ноябрдагы шайлоодо сизге берилген добуш, артылган үмүт үчүн күрөшүү керек эмес беле?

– Ооба, шайлоочуларымдын жарымы "соттош" десе, жарымы "соттошууга убактыңды кетирбе, коомго чындыкты айтып тур, сен элдик депутатсың" деп жатышат. Мен күрөштү улантам, кайда болбоюн эл үчүн кызмат кыла берем. Анан да “Бүтүн Кыргызстандын” уучу куру эмес, менден мыкты талапкерлер бар.

– Убагында азыркы президенттин активдүү тарапташы элеңиз. Үмүт, тилектер башкача эле... Кырдаал өзгөрдү, президенттин сыны, соңку окуялар сизге катуу тийдиби?

– Садыр Жапаров убагында менин билимимден күмөн санабай эле "Мекенчил" партиясынын тең төрайымы, партиянын Ош облусу боюнча координатору кылган. Билимимди пайдаланып эле макала, билдирүүлөрдү жаздырып жүргөн. Эми ал бийликте турганда ачуу сын айтсам чычалап, дипломумду жокко чыгартты. Садыр Жапаровдун каралоосунан кийин мен айткан сындан өз кемчилигин оңдобой, мага теңелгенине боорум ооруду.

– Албетте, бийликке сын айтылышы керек. Бирок сын жекелик мүнөзгө өтпөй, этиканын рамкасында айтылышы керек да. Сиз айткан сындар кээде ошол рамкадан чыгып кетпей элеби?

– Балким, курчтук, бетке чабарлык кылып ачуу сын айткан жайым бардыр. Бирок көбү конструктивдүү эле сын. Анын жеке жашоосундагы кемчилигин ачыктабай эле, жашырчу нерселерди жашырып эле жүрөм. Москвада жүргөндө кандай кадамдарга барып, кимдер менен жолугуп жүргөнүн айтканым жок да.

– Азыркы бийликтин колдоого аларлык, позитивдүү деле иштери болуп жаткандыр?

– Позитивдүү, колдоого аларлык иши – кайсы бир деңгээлде эл менен эсептешип, социалдык тармакта активдүү болуп жатканы дейт элем. Калганын убакыт көргөзөт го.

– Садыр Жапаров убагында саясий куугунтукта жүргөндө сизге айткан сөздөрүн, кеңештерин эске салсаңыз...

– Ал кезде мен "Садыр байке" дейт элем. Саясаттагы биринчи устатым Садыр байке болду. Ал мени башыңа кыйынчылык түшкөндө жеңилбей күрөшүүгө үйрөттү. Ал эми анын кемчилигинен мен өз ордумду билип, кабилетиме жараша иш кылганды үйрөндүм.

Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта кармалып, камакка алынды. Ошондо мен Ошто анын таламын талашып акция өткөрүп жаткан жеримден кармалып, соттолуп, айып пул төлөп чыккам. Ошол күнү ата-энем да аталган акцияга келе жатып жол кырсыгына кабылып, кичинекей бөбөгүбүздүн буту сынган. Эртеси апам "жакында мамлекеттик экзамендериң болот, акция уюштурам деп Бишкекке кетип калбай, дипломдук ишиңди жаз" деди. Мен буулугуп турган жеримден ыйлап жибердим. "Мындай адилетсиз бийлиги бар өлкөнүн дипломун албай эле койдум, Садыр Жапаровду камап, балдарын чырылдатып сабап салды" деп ыйлаганым эсимде. Апам мени сооротуп, экзамендерге катыштым.

– “Мекенчил” партиясынан эмне үчүн кеткенсиз?

– “Мекенчил” партиясынан Садыр Жапаров партияны өз кызыкчылыгына колдоно баштаганда кеткем. Партиялаштарын жеке фанаттары катары кабыл алып, түрмөдө отурганда президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап, аны команда менен кеңешпей, көрөгөчтүк кылбай, партияны уят кылды деп капаланып кеткем.

– Келечегиңиз “Бүтүн Кыргызстан” менен байланышта болобу же жолдор айрылышы мүмкүнбү?

– “Бүтүн Кыргызстан” партиясына биротоло башыбызды байлап келдик. Эгер партия тандоодон жаңылсак, анда саясаттан кетебиз дегенбиз. Биздин максат – жеке амбициялар эмес, кыргыз элинин келечеги, бизден кийинки болочок муундун жаркын жашоосу.

– “Саясатка аралашып бекер кылыпмын” деп өкүнгөн учуруңуз боло элекпи?

– Жок, убагында Садыр Жапаровду колдоп жүргөнүмө деле өкүнбөйм. Анткени жаманды көрбөй жакшынын баркын билбейсиң дейт, андан дасыккан, андан билимдүү, андан таза саясатчыларды көрүп баалап калдым. Саясатта чындык жолунда жүрүү оор, түйшүктүү, бирок келечеги жакшы экенине ишенем. Мен ата-энемдин, элдин намыстуу кызы экендигимди билгендигим үчүн саясатка аттандым. Эгер кемчилигим болсо уялмакмын. Мен уурунун, коррупционердин, элдин жонунан кайыш тилген аферисттердин кызы эместигиме кубанам. Карапайым үй-бүлөдөн чындык үчүн чырылдаган кыз чыгып, элдин таламын талаша аларын далилдеп койдум.

– “Бүтүн Кыргызстандын” темирдей тартип деген урааны бар эмеспи. Темирдей тартипти орнотуу баарына тегиз жакпайт, жасалышы керек болгон кадимки иштерди деле башка өңүткө буруп, ашкере саясатташтырып жаткан жокпузбу?

– “Бүтүн Кыргызстандын” "темирдей тартип" деген урааны бул мыйзам! Мыйзамдын диктатурасы орносо гана чыныгы демократия өкүм сүрөт. Мыйзам иштеген өлкөдө бир да жарандын укугу тебеленбейт, бир да жарандын ырыскысы уурдалбайт. Өзүн эркин сезген, ырыскысы уурдалбаган жаран эмнеден кооптонот? Бардык жарандар мыйзам өкүм сүргөн өлкөдө жашагысы келишет.

– Адахан Мадумаров сиз үчүн ким? Устат, кумир же кадимки партиялаш...

– Мадумаров “бүтүнчү” жаштар үчүн Дүйшөн агай. Ал бизге мугалим, мен үчүн устат.

– Жакынкы пландарыңыз кандай? Саясатта каласызбы же алыстоого туура келеби?

– Бул дүйнөгө ар бир адам бир миссия менен жаралат. Чынын айтсам, саясаттан алыстоого жүрөгүм чыдабайт. Керт башымды гана ойлоп, өз жашоом менен эле алек болуп жүрө албайм. Анткени учурда бөтөн жерде жүргөн ар бир мигранттын энесинин, балдарынын көз жашы, үмүтү, алардын көйгөйү мага тынчтык бербейт. Мен алардын көзүнөн бир кезде саргарып ыйлап мигрант уул-кызын күткөн өз энемди көрөм. Миграция – бул улуттук катастрофа. Анын келип чыгышы чабал саясатчылардын туура эмес жүргүзгөн саясатынын кесепети. Жаштыгым, жаштык энергиям, аруу тилегим, адал эмгегим элиме деген лозунг менен жашай берем. Кандай статуста, кайсы жерде болбоюн жок дегенде чырылдап чындыкты айтып турууну өз милдетим деп билем.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан