«Челсиге» жеңиш, өзүнө атак алган ТОМАС ТУХЕЛЬ

Томас Тухель. Бул ысымды футбол дүйнөсүн мыкты түшүнгөндөр, айрыкча “Челси” клубунун күйөрмандары жакшы тааныса керек. Ал 1 жылга жетпеген аралыкта бакыйган 2 клубду Чемпиондор Лигасынын финалына чыгара алды. 2021-жылы “Манчестер Ситини” 1:0 эсебинде тизе бүктүрүп, “Челсини” чемпиондук тактыга отургузган машыктыруучу Томас Тухель “Жылдын мыкты машыктыруучусу” аталды. Англиялык клубду башкарган немис машыктыруучусунун эмгек жолу гезит бетинде.

Туулган жери: Германия, Крумбах шаары

Туулган жылы: 1973-жыл, 29-август

Бою: 190 сантиметр

Жетишкендиктери: Франция Супер Кубогунун ээси (2018-2019), Франция лигасынын кубогунун ээси (2019-2020), Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2020-2021)

Учурда “Челсинин” башкы машыктыруучусу

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы

КАТААЛ МАШЫКТЫРУУЧУ

Оюн талаасы. Топ кубалаган оюнчуларды караган бир тең, капталда футболчулар менен кошо чуркап, буйтап, кол жаңсап, кыйкырып, тыбырчылап жаткан Тухелдин эмоциясын караган бир тең. Анын машыктыруучулук ишмердүүлүгүн “өтө катаал” деп сындагандар, ошону менен катар “тартип бар жерде ийгилик да болот” деп колдогондор бар. Томас: “Футболчу өзүнүн келечеги, командадагы орду үчүн күн сайын, мүнөт сайын күрөшпөсө, ордун бат эле алдырып коёт. Оюн талаасына чыгарган ар бир оюнчума ишенем, анткени анын эмнеге даяр экенин өз көзүм менен көргөм”,- дейт. 49 жаштагы машыктыруучунун карьералык тизмеси өтө узун эмес, бирок ал багынткан ийгиликтердин саны көбөйүп келе жатат.

Футбол кичинемден кан-жаныма сиңип, бөлүнгүс бир орган катары мени менен бирге болду” дейт ал. Албетте, футболду сүйгөн үй-бүлөдө мындан башка вариант жок эле. Үй-бүлө башчысы Рудольф Тухель өмүр бою машыктыруучулук кесипти аркалаган адам. Томастын алгачкы устаты, топту туура тепкенди үйрөткөн машыктыруучусу атасы болду. Апасы Габриэла Томасты төрөгөндө 18 гана жашта болчу. Жаш эне болгон убактысын баласынын тарбиясына короткон. Томастын каалоосуна, тандоосуна чек койбогон ата-эне аны гандбол, сууда сүзүү жана башка спорт ийримдерине беришкен. Бир учурда ал “куткаруу кызматынын тик учагын башкарган учкуч болом” деп калган жайы да бар. Ошентсе да жыйынтыгында тандоосу футболго келип токтоду.

ФУТБОЛЧУДАН МАШЫКТЫРУУЧУЛУККА

Томастын олуттуу футболдук карьерасы 15 жашында анын “Аугсбург” командасына кошулушу менен башталган. Буга чейин мектеп командасынын мыкты оюнчусу болуп келген жигит жаңы командага кошулганда аутсайдерлердин катарына туруп калган. “Штутгартер” клубу менен келишим түзгөнү менен, ал жактан да өзүн көрсөтө алган жок. Буга кошумча буту ооруп, врачтар операциядан башка айла жок деп кол куушурушкан. Операциядан кийин калыбына келгиче наабайканага ишке орношту. Тизесиндеги оорутуу байкалбай калганда кайрадан футбол ойноп көрдү, оюн менен кошо оорутуу да келди. “Ден соолугумду тобокелдикке сала албайт элем. Ошондуктан спорттон кетүүнү туура көрдүм. Барга официант болуп орноштум, кийин бармендикке көтөрүлдүм. Башында баары мени таанып, шылдыңдап жатат го деп өзүмчө ыңгайсыз боло берчүмүн. Байкасам, барга ар ким өзүнүн маселесин унутуу үчүн келет экен”,- деп эскерет оор күндөрү тууралуу Томас.

Футболчу эмес, машыктыруучу катары иштегенге эмнеге болбосун?! 27 жаштагы Тухель ушундай максат менен кайрадан “Штутгартер” клубуна машыктыруучунун жардамчысы катары келип, 19 жашка чейинки өспүрүмдөр менен 5 жыл иштешкен. Кийин “Аугсбург” клубунда да машыктыруучулук кылды. Бирок жылыш жок эле...

ПРОФЕССОР, МАТЕМАТИК

2009-2010-жылдар. Бул жылдары ал “Майнц” клубу менен 2 жылдык келишимге кол койгон эле. Томас жөн эле машыктыруудан пайда жок экенин билип, ар бир оюн үчүн план түзгөнгө киришти. Математикадан эсеп чыгаргандай эле майда-чүйдөсүнө чейин эсептеп, анан ошол план менен иштегенге өттү. Талапчыл машыктыруучусун оюнчулар тамашалап “профессор, математик” деп атап алышкан. Профессорлуктун пайдасы тийип, биринчи сезондо “Майнц” рейтингде 9-катарда турса, кийинкисинде 5-тепкичке көтөрүлгөн. Мындай көрсөткүч клуб үчун чоң секирик, болгондо да Томастын секириги болчу. 2015-жылы ал белгилүү Юрген Клопптун ордуна “Боруссия” клубунун тизгинин колуна алат. 1,5 айдан кийин эле анын башкаруусунда көптөгөн ийгиликтерди жараткан клуб 2017-жылы Германиянын Кубогун утуп алган. Андан кийинки кадам “ПСЖ” клубу менен болуп, аларды Чемпиондор Лигасынын финалына чыгарды. 2021-жылы “Челсинин” башкы машыктыруучусу катары Тухель оюнчулардын, күйөрмандардын, негизгиси клуб ээси, орус олигархы Роман Абрамовичтин ишеничин актады. “Челси” – чемпион! Эгер “Челси” чемпион болбосо да, Тухелдин ысымы акыркы убакта ийгилик кушу менен кош айтышкан 2 клубду Чемпиондор Лигасына алып чыккан машыктыруучу катары футбол тарыхында калмак. ФИФАнын тандоосу боюнча “2021-жылдын мыкты машыктыруучусу” наамын алган Тухель чындап гениалдуубу же ЧЛ мурдагыдай деңгээлде болбой калганбы?” деп баш тырмагандар көп. Негизгиси, кыялы чорт, кызуу кандуу Тухелдин жетегиндеги командалар дарбазадагы топтору менен көз сүйүндүрө берсин.

ИЙГИЛИКТҮҮ ТУХЕЛДИН АРТЫНДАГЫ КҮЧТҮҮ АЯЛ

“Аялым – кайсы темада болсо да сүйлөшө ала турган жалгыз адамым. Дээрлик бардык иштер боюнча аны менен кеңешем. Айрымдар аялга баш иет деп жаман көрүшү мүмкүн. Бирок алар менин сүйүктүүмдүн канчалык акылдуу, даанышман экенин билишпейт. Азыркы жеткен ийгиликтеримдин артында Сисси турат”,- дейт Томас. Бир учурда өзүн толугу менен футболго арнап, үйлөнүү тууралуу ойлонбогон Тухель немис басылмаларынын биринде эмгектенген Сисси аттуу айым менен таанышкан. Анын күчтүү, эрктүү мүнөзүнө багынган Томас 35 жашында бойдокчулук менен коштошту. Учурда экөө татынакай эки кызды тарбиялап келишет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан