АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Кыз терс бурулду. Ички туюмунда ал деле бир нерсени сезип жүргөн. Бирок ачык моюнуна алып апасынын көңүлдөшү бар экенин ойлонгусу келген эмес. Альфия карбаластап керебеттин четине отурду.

– Мен сага айтайын деп жүргөм.

– Эмнеге, апа? Эмнеге мындай кылдың?

– Сүйдүм, кызым. Катуу сүйдүм болгондо да...

– Бир кезде атамды да катуу сүйүп, 18 жашыңда качып барып баш кошкон экенсиңер...

– Биз анда... Анвар экөөбүз тең бала болчубуз. Биз чыныгы сезим эмне экенин билген эмеспиз...

– Демек, ал сүйүү чыныгы сезим эмес болчу дедиңиз, ээ? Көрсө, сезимдерди да алмаштырса болот тура. А эмнеге атамдыкы алмашкан жок? Эмнеге баарын билип туруп жашап келди?

– Сен үчүн...

– Менби?

– Биртке чоңойсун деди. Биз ажырашууну эбак эле чечкенбиз.

Кыз терс карады. Жаны ооруп жатты. Ооруданбы, же азыр уккан нерседенби, билбей турду.

– Сен мени азыр түшүнбөйсүң, балким, бирок кийин өзүң чоң сүйүүгө кабылганда билесиң.

– Сени көргүм келбей жатат, апа. Таң атары менен кет, экинчи келбе.

– Кызым...

– Чечимиң бекем болсо, кайда жашаарыңды да ойлонуп койсоң керек, атам экөөбүз...

– Сени мындай абалда таштап кете албайм.

– А мен мындай абалда сени апа катары кабыл ала албайм. Менин апам жок!

– Мдаа, мен сени чоңоюп калды, менин кызым баары бир апасына боору ооруйт деп ойлогом. Сен, көрсө, чоң апаңдын кызы боюнча калыпсың.

– Мен ушул абалда жатканда палатамдын маңдайында сүйгөнү менен кучакташып турган аялды апа деп айта албайм.

Айсулуу терс бурулду. Апасы шалдайып турду да, палатадан чыгып кетти. Таң атканда Анвар келип аялынын сыртта басып жүргөнүн көрдү.

– Эмне болду?

– Кызың мени кет деди.

– Эмне-е?

– Аскар келген кечээ мага, аны көрүп калыптыр. Жини келип жатат.

Кыз ойлонуп терезени тиктеп турду. Сыртта ата-энесинин кебине аргасыз кулак төшөйт. Анвар жаны кашайып жатты. Аялы болсо амалкөйлүк менен Аскар мээсине киргизип койгон нерселерди айтып жатты.

– Бул ишти казыштын кереги жок. Айсулуу ансыз да араң турат, сот болот, түрдүү суроолорду беришет. Биздин кызыбыз ошону көтөрө алабы? Андан көрө эч нерсе болбогондой жашоосун улантсын.

– Сенин мээң ордундабы?- деди Анвар, – Эч кандай жазасыз эле ал акмактар көчөдө жүрүшөбү?

– Айсулуунун мугалимдери адилеттик талап кылып телеге чыга коюшту. Элге билгизбей эле...

– Туура кылышты, эмнеге менин кызым уялышы керек? Эмнеге менин кызым үнсүз кала бериши керек? Күнөөсү жок болчу менин периштемдин, ал адамдарды атүгүл тааныбайт экен.

– Атыбыз элдин баарынын оозунда болот, эртеңки күнү эмне болот, бир ойлончу. Дагы алдында бүтүндөй бир өмүр бар. Турмушка чыгышы керек... Жаралары айыгып кайра жашоосун улантышы керек. Элдин баары билсе...

– Эл менен ишим жок менин, эмне десе ошо дешсин. Кызым да жашоосун улантат, ал сен ойлогондой акылсыз кыз эмес, күч табат, жашап кетет. А мен акмактарды табам да, мыйзамдын күчү жетпесе өзүм жазалайм. Анан барам барчу жерине...

– Мээң ордунда эмес сенин...

– Бизге жардамың жок болсо кет, Альфия. Мен сени көргүм келбей жатат.

– Ал менин да кызым, эмнеге кетем?

Анвар аялды ушундай бир акырая карады.

ххх

Айсулуу дале терезени тиктеп турду. Кечээ эле кучагына күн бата тургандай бактылуу, шайыр, аалам тегиз болуп турбады беле. Бир нече сааттын ичинде баарын колунан алып коюшту. Мындан ары эмне болот, бутунан гипс чечилгенде бийлей алабы? Өзүн эң бир жакшы кесипке даярдап жүргөндө балетти таштап кетүү керек болобу? Деги эле мындан ары кандай жашайт? Суроолор көп болчу. Палатага кирип келген атасын көрүп жаштарын сүрттү.

– Айсулуу?

– Сен туура айтып жатасың, ата. Мен алардын жаза алышын каалайм. Эл эмне десе ошо десин. Мени бул абалга кептегендер жазасыз калбасын. Ата, бул үчүн колубуздан келгенин кылабыз.

– Мен сенин жаныңдамын, кызым. Билем, кыйын болот. Бирок биз жеңебиз. Азыр сага адамдар келет, болгон окуяны сурашат. Сен баарын айтып бер, макулбу?

Айсулуу башын ийкеди. Эки күндөн кийин ал үйүнө чыгып келди. Атасы дайыма жанында эле, апасы болсо бир нече күндөн кийин кийимдерин алганы келди.

– Кет эле, кет деп атаңа кошулуп куудуң. Мени түшүнгөнгө аракет деле кылган жоксуң. Кетип жатам мен...

– Кайда?

– Азырынча батирге, бирок аз убакыттан кийин баары өзгөрөт. Биз баш кошобуз!

– Ал адам сага чындап эле үйлөнөбү, апа?

– Ооба.

– Макул, бактылуу болгула.

– Расмий ажыраштык биз. Үйдү атаңа калтырдым. Бири-бириңди жакшы карагыла,- деди Альфия жай үн менен. Кызына көп эле нерсени айтайын деген, бирок...

– Эсиңдеби, чоң апам каза болгондо мен 12 жашта элем. Өмүрү көрбөгөн шаарга биринчи келдим. Кыйын болду, бирок атам мага жардам берди. Балерина болууну каалаганымды билип окуу жайга алып барган да атам болчу. А сен бизди үйдө күткөнсүң, биз бактылуу элек, апа. Силерди билбейм, бирок мен ата-энемдин жанына келгениме, ушундай сулуу апам, мээримдүү атам бар экенине бактылуу болчумун. Мунун баары качан бүттү? Эмнеге талкаланды?

– Мен... Башканы сүйүп калдым.

– Мдаа, ошол сүйүүң биз жоготкон нерсенин баарына барабар болсо анда кеткениң туура.

– Мен ал адамсыз жашай албайм. Атаң муну эбак түшүндү, коё берди, сен эмнеге...

– Макул, апа, кийин өкүнүп калбасаң болду.

Альфия башын чулгуп алды. Анда бактылуу болбосом да, бактылуу болсом да мен кетем деген кашкөйлүк бар эле. Апасы кеткен күнү Айсулуу кечке ыйлады. Түнү менен ооруканада болуп, эртең менен келген атасы кызынын жүзүн көрүп чочуп кетти.

– Эмне болду, кызым?

– Апам кетти...

– Кетсе жакшы болуптур, биз муну чечпедик беле. Сен эмне ыйладың? Башка себеп жокпу?

– Сен капа болгон жоксуңбу?

– Жок, кызым, бул эбактан эле чечилген нерсе болчу да.

– Эмнеге мындай болду, ата?

– Отурчу, кызым,- деди атасы чарчаңкы. – Жашоо биз каалагандай болбойт, кызым. Кайсы бир жеринен тайгаланасың, бир жерден бактылуу эмес экениңди сезесиң, өзүңө жаңы жол сызгың келет. Апаң экөөбүз 18 жашыбызда баш коштук, ойлосом, экөөбүз тең жаш экенбиз.

– Сүйүү бүтүп калды деди апам...

– Хм, ошондой дедиби? Чынын айтсам, кызым, чыныгы сезим бүтпөйт. Адамдар алсыз болуп өздөрү баш тартканда ушундай нерсени ойлоп табышат. Актануу керек болот. Мисалы, кайсы бир учурда сен мени сүйбөй калышың мүмкүнбү?

– Жок, атаке.

– Жакында 18 жашка чыгасың, сен да жолугасың өз адамыңа, башыңды чайкаба, кызым. Жашоо ушуну менен бүтүп калбайт. Сен бактылуу болосуң, балдарың болот. Баары жакшы болот, эркем. А апаңдын күнөөсү жок. Балким, мен ал каалагандай боло албадым. Ал каалагандай өзгөрө албадым. Менин да күнөөм бар.

– Сен эмнеге мынча жакшы кишисиң, ата? Сен мени таштаба, макулбу?

– Мен кызымды таштап эч кайда кетпейм.

ххх

Альфия чыгып кеткенден кийин батирине барды. Ичинде жаңы жашоону баштай тургандай өзгөчө бир сезим бар эле. Аракет кылып өзгөчө тамак да жасады. Жасанып да алды. Аскар экөөнүн жаңы жашоосу баштала тургандай эле. Бирок телефонун албай жатты Аскар. Маанилүү жыйын го дегени менен, сааттын жебеси жылып 12ге келип калды. Ызасы тамагына кептелип калды. Же уйкусу жок. Аскар телефонун карады, Альфия телефон чалыптыр. Санап көрсө 30 жолу...

– Кутуруп кеткенби бул катын?- деп таң кала берди да кайра телефон чалды.

– Алло...

– Аскар...- деп эле ыйлап жиберди.

– Ой, эмне болуп кетти?

– Сен мага бүгүн келем дебедиң беле?

– Эми ошого да ыйлаш керекпи, унутуп калыпмын.

– Аскар, азыр кел, келбесең кайдан болсо да табам сени. Мен сени көрүшүм керек...

“Катын жинди болуп баратабы, макул, түшүндүк, сүйүү экен, бирок Кудай урбадыбы, жаш кыздардай болуп такыр эле...” деп наалып алды Аскар. Бирок барбаса да болбойт, мындай учурда чырдын кереги жок. Эшиктен киргенде эле атырыла моюнуна асыла берди Альфия.

– Мен сенсиз жашай албайм...- деп солкулдап ыйлап алган.

– Келбедимби эми, болду ыйлаба,- деп күлүмсүрөмүш болду Аскар, ичинен жаны кашая жини келип жатты.

– Аскардын кучагында жаткан Альфиядан Аскар эмнегедир сурап калды.

– Сен татар кызымын дедиң эле, ээ, Альфия?

– Ооба, чоң таятам Ысык-Көлдүн бай адамдарынан болгон экен. Кийин кулакка тартылып кетиптир. Апам татар кызы, ата жагымдан чоң энем түрк улутундагы аял экен. Чоң атам кыргыз... Кыскасы, бир топ кандардын аралашмасы бар.

– Ошол үчүн кумарлуусуң, алтыным...

– Аны деле билбейм, бирок ичимде бир булкуп жаткан күч вулкан сымал атылып кеткендей өзүмдү бирде секелектей, бирде баарын көргөн кары адамдай сезем. Бирок дайыма сезчүмүн менде жапайы бир кумар бар экенин, кайсы бир адам ойготсо катуу кетеримди... Сен жолуктуң, бактымабы же шорумабы, билбейм. Анвар мендеги бул нерсени эч эле байкабады. Ал турган турушу менен токтоо, так, бир сызык менен жүргөн адам. Сендей авантюрист эмес, сага жолукканы ичимдеги катылып жаткан жиндилик кошо чыгып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulina00
2022-01-31 14:39:58
Ол жинди катын.
+1
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан