КАРЖЫЛЫК ЭРКИНДИККЕ КАНТИП ЖЕТЕСИЗ?

Акча... Акча... Акча... “Үй алыш үчүн кантип акча топтойбуз, кантип машине алабыз?” деп баш катырабыз, бирок колубузда турган жөнөкөй жол-жобону аткарбай убакытты өткөрүп жиберебиз. Буга чейинки сандарда акчаны тапканга жараша коротууга токтолгонбуз. Эми алдыда каражат жагынан эркиндикке жетүү үчүн кандай жолдор бар экендигин карайлы. Бул тууралуу бизнес-коуч Чолпон Шамшидин айтып берет.

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮ ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

Каржылык сабаттуулук деген – бул учурда таап жаткан каражатыңызды туура пайдаланып, ошол тапканыңызга жараша коротуп жашап, анан дагы тапканыңыздын жок дегенде 10 пайызын чогултуп келечек үчүн кам көрүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы мезгилде көпчүлүк адамдар муну жакшы аңдап түшүнө алышпайт. “5 жыл кийинки жашоо үчүн эмнеге азыр кам көрүшүм керек?” дешет. Бирок келечек үчүн азыр кам көргөнүңдө гана каржылык жактан эркин жашоого жете аласың.

Жакшы келечек түзүүнүн, финансылык эркиндикке жетүүнүн 3 баскычы бар:

1. Каржылык жактан корголгондук – азыр тапкан каражатка жашап, анын бир бөлүгүн (жок дегенде 10 пайызын) келечек үчүн чогултуп жатасыз дейли. Ал эми тапкан каражатка жашаш үчүн киреше-чыгашанын баарын тыйынынан бери эсептеп жазуу керек. Азыркы жашоо үчүн эң керектүү нерселерди жазып чыгасыз, аны категорияларга бөлүп алып, анан ушунун баарынын негизинде тапкан каражатка жашаганга аракет кыласыз. Балким, 10 пайыз эмес, 20 пайыз акча ашаттыр? Мисалы, ошол 10 пайызды банкка депозитке салып жатасыз. Ага банк пайыз төлөп берет. Ушундай жол менен эң алгач топтогон каражатыңыз каржылык жактан корголгондук болот.

Мисалы, айына негизги чыгымыңыз 10 000 сом болсо, алган айлыгыңыздын 10-20 пайызын топтоп отуруп алдыдагы 6 айга жете тургандай каражат топтоп алган болосуз. Мисалы, чогулткан акчаңыз 60 миң сом болсо, бул акча алдыдагы 6 айлык чыгашаңызды жабат, демек, алдыдагы 6 ай үчүн каражат жагынан коркунуч жок. Башкача айтканда, алдыдагы 6 айга сиз каржылык жактан корголдуңуз.

2. Каржылык коопсуздук деген эмне?

Мисалы: ай сайын кетирүүчү чыгымыңыз
10 000 сом, буга чейин акчаны чогултуп банкка салып жаткансыз. Ал сумма 1 600 000 сомго жеткен. Бул суммага банк жылына 8 пайыз төлөп берет дейли. Ошондо 1 600 000 сомдун 8 пайызы 128 миң сомдук киреше. Бул деген ай сайын коротулуучу 10 миң сомуңузду чогулткан акчаңыздын пайызы эле жаап жатат дегенди билдирет. Ушундай деңгээлге жетүү – каржылык коопсуздукка жетүү.

3. Каржылык эркиндик – бул абдан жакшы жашоого жетишкендик. Күндөлүк жашоодо “кантип акча табам, эми кандай кылам, кантип баламдын окуусун төлөйм?” деген көйгөлөрдөн арыласыз. Анткени сиздин буга чейин таап, чогултуп койгон акчаңыз сиздин муктаждыктарды жаап берет. Тагыраагы, мындан мурун түзүп койгон шарт азыркы жашооңузда өз жемишин берип жатат дегендик.

Мисалы: Жашоо деңгээлиңиз көтөрүлүп, айына 100 миң сомдук чыгым кетирип жашап калдыңыз. Бул даражага жетиш үчүн банкта 15 миллион сомуңуз болуш керек. Мунун 8 пайызы 1 200 000 сом, мунун ай сайын 100 миң сомун иштебей эле коротуп жашай бере турган деңгээлге жеткениңиз каржылык эркиндикке жеткендигиңиз болуп эсептелет.

Биз болгону банкка акча салууну мисал кылдык. Андан тышкары эбиңизге жараша бизнестин түрлөрүн, акцияларды жана башкаларды карап көрсөңүз болот. Эгер “айлык аз, жашоого эң керектүү муктаждыктарым тапканымдан ашып кетет” деген нерседен такыр чыга албай жатсаңыз, анда каражатты көбөйтүү, кошумча иштерди жасоо деген жолдорду карап чыгышыңыз керек. Ооба, булар көпчүлүк үчүн кол жеткистей көрүнүшү мүмкүн. Бирок эбин тапкан көздөгөнүнө жетет.

Демек, ушундай бакубатчылыкка жетүүнүн баштапкы кадамы – азыр ушул учурдагы тапкан каражатыңызды туура пайдалануу, келечегиңиз үчүн чогултуу. Эгер 10 пайыз эле эмес, банкка 20-30-50 пайыз сала турган болсоңуз, жогорудагы деңгээлдерге батыраак жетесиз. Ал үчүн кылдат эсеп керек.

БАЙ АДАМДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨЗҮҢҮЗДӨ ЖАРАТЫҢЫЗ

Каржылык сабаттуулукта “бай адамдын ой жүгүртүүсү” жана “кедей адамдын ой жүгүртүүсү” деген бар.

Кедей адамдын ой жүгүртүүсү – ал азыр тапканын азыр жеп, түгөтүп, эл көзүнө көрүнүш үчүн тапканын корото берет. Мисалы, ар бир тойго бирден жаңы көйнөк ала берүү, эл көзүнө бапыратып той өткөрүү, кымбат унаа минүү, бирок чөнтөгүндө коко тыйыны жок, карызы чачтан көп.

Бай адамдын ой жүгүртүүсү – алдыдагы келечеги үчүн азыр кам көрөт, азыр күрөшөт. Башкалар эмне дейт дегенди унутуп, келечек үчүн азыр тапкан каражатын үнөмдөйт.

Бай адамдын да түрлөрү болот. Орто, кедей, чындап бай адамдар бар. Чындап бай адамдарда “акча бул жөн гана каражат” деген түшүнүк болот, орто жашагандардын түшүнүгүндө “акча баарын чечет” деген түшүнүк болот.

Чындап бай адамдар өзүнүн тапканын бөлүшүп, мисалы, онкологияга каршы күрөшүүгө, экологияга кам көрүүгө деген сыяктуу чоң фонддорду түзүп, башкалардын да жашоосун жакшыртканга салымын кошушат.

Ушул жерде адам өзүн өстүрүү керек деген түшүнүк башкы планга чыгат. Азыр тапкан каражатыңызды үнөмдөп, келечегиңиз үчүн кам көрүшүңүз үчүн өзүңүздө бай адамдын мүнөзүн, ой жүгүртүүсүн жаратып, калыптандырууңуз керек. Качан гана адам алдыдагы 10-15 жылдагы келечеги үчүн азыр күрөшүшү керектигин түшүнгөндө бай адамдын ой жүгүртүүсү кандай болушу керектигин түшүнөт. Ошондо гана каражатын үнөмдөп, азыр аракет кылат.

Ал үчүн:

– Максатты так, туура коёсуз;

– Элестетип көрө аласыз, тагыраагы, реалдуу нерсени кыялдануу керек;

– Ушул учурдагы убактыңызды туура пайдаланасыз;

– Күндө жасаган иш-аракетиңизди кийин ошол даражага жеткире тургандай кылып аракет кыласыз. Антпесе ар кимдин жетегинде кетип, убакыт текке кете берет.

КАНТИП АРАКЕТ КЫЛЫП БАШТАЙБЫЗ?

Бир айда сөзсүз түрдө ала турган, мисалы, тамак-аш, балдардын бала бакчасына, коммуналдык төлөмдөргө кетириш үчүн чыгымдар бар. Мына ошолор эң негизги чыгымдарга кирет. Бирок үйдө 3 көйнөк туруп, тойго барыш үчүн төртүнчүсүн алуу бул ашыкча, керексиз чыгым. Акча эмнелерге корош керектигин айдын башында тизмектеп, иретке келтирип алуу кажет. Ушундай жол менен гана акчага туура мамиле жасап, 5 жылдан кийинки жашооңо шарт түзө аласың. Башкача айтканда, үнөмдөө менен 5-10 жыл кыйналасың, бирок 5-10 жылдан кийинки жашооң жакшырат. Көпчүлүк адамдар андай ой жүгүртпөгөндүктөн, азыр да кыйналат, 10 жылдан кийин да жетишпестиктин айынан кыйналып жашай беришет. Ошондо бай адамдын жан дүйнөсү азыр эшектей кыйналып иштейт, бирок 10 жылдан кийин жыргап жашайт. Ушуларды билген соң максат коюп жашаганда гана ийгиликке жетет экенсиң деген түшүнүккө келет адам.

Мисалы, “10 жылдан кийин мындай үйүм, жумушум, машинем болот” деп элестетүүлөрүн, кыялдарын азыр кура алса, ошону азыр көз алдына элестетип көрө алса, анан ар дайым көкүрөгүндө болсо учурда таап жаткан каражатына туура мамиле кыла алат. Болбосо эң башкы эмес нерселер деле сиз үчүн маанилүү болуп көрүнө берет да, келечекке шарт түзүү артка жыла берет.

Кедей адамдын ой жүгүртүүсүндө азыр гана жашаш керек болуп, келечекте жакшы жашоого аракет кылуу керектигин көрө албайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
i-bilim
2022-01-31 11:00:30
Чын эле, чын эле деп окучу кеңеш болуптур. Рахмат!
+1
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан