Фермер Разак Сыдырбаев: “КРЕДИТКЕ АЛГАН ҮЧ СААН УЮМ КӨП ӨТПӨЙ ТУУП БЕРДИ”

Чүй облусунун Учкун айылынын тургуну Разак Сыдырбаев чакан чарбанын ээси. Фермасында уйларды жана жаш букаларды кармайт.

“Чарбабыз үйүбүздүн короосунда эле жайгашкан. Жумушту бир тууганым менен биргеликте жүргүзөбүз. Тамашалап, чарбанын президенти сен, үйдүкү мен деп коём”,- дейт ал.

Фермер Разактын айтымында, бодо малдарды багуудагы эң негизги эреже – бул тартип. Айталы, малга жемди, чөптү жана сууну өзүнүн нормасы, убакыт-сааты менен берүү керек.

“Эртең менен эрте жем жешет. Ошол боюнча саат 10го чейин жатышат. Анан бир түк беде чөп жешет. 12 жарымда калган чөп, кашектерин жыйнап, суусун берип, жарым түк саман чачабыз. Саат төрттө күнжара беребиз. Анан кечки жетиге чейин жатышат. Кечинде силос салынат”,- дейт Разак мырза.

Жакында эле Разак бизнесин өнүктүрүү үчүн “Айыл Банкка” кайрылган.

“Үй-бүлөбүз менен малдын башын көбөйтүүнү ойлондук. Жубайым экөөбүз банктан насыя алууну пландаштыра баштадык. Бирок кайсы банктан алуу жагын чече элек болчубуз. Анан көп адамдардан “Айыл Банк” тууралуу уктук. Албетте, пикирлери абдан жакшы болчу. Анан банкка барып көрүүнү туура көрдүк”,- дейт өз сөзүндө каарманыбыз.

Фермер насыя алуу процесси тууралуу буларга токтолду:

“Биринчи 16 пайыз менен берерин айтышты. Макул болуп, электрондук кезекке туруп баса бердим. Кезегим келгенде банк кызматкерлери үйгө келип, короону, жем-чөптү көрүп кетишти. Анан 10 пайыз менен кредит берүү чечимин кабыл алышты. Биз буга абдан сүйүндүк”.

Разак Сыдырбаев насыясына 3 баш саан уй, калганына 8-9 айлык торпок алган. Азыр саан уйлары тууп берип, малдын башын көбөйттү. Букалары дагы байланып турат.

“Айыл Банк” менен иштөө өтө жеңил экен. Шарттары жакшы, убакытты созушпайт дегендей. Эң негизгиси, кагаз, документтер менен кыйнабаганы жакты. Адистери акырына чейин кеңеш берип турушту. Буюрса, дагы кайрылабыз”,- дейт Разак Сыдырбаев.

Нарынбек Токтогулов, “Айыл Банктын” кызматкери:

– Биздин банктан дыйкандар “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору аркылуу мал чарбачылыгына, жер иштетүүгө жана айыл чарба продукцияларын кайрадан өндүрүүгө насыя акча ала алышат. Насыянын пайызы жылына 6 пайыз деп каралып жатат. Мал чарбачылыгына жана жер иштетүүгө 3 жылдык мөөнөт менен 3 миллион сомго чейин ала алышат. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө 5 жылдык мөөнөт менен 500 миң сомдон 20 миллион сомго чейин алса болот. Кененирээк маалымат алуу үчүн ab.kg сайтыбызга кирсеңиз же банктын жакынкы кеңсесине кайрылсаңыз болот.

"Айыл Банк" ААКысы "Айыл чарбасын каржылоо 10" мамлекеттик программасынын алкагында женилдетилген насыя акчаны Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тескемеси чыккан соң ишке ашырууну баштаарын билдирет.

"Айыл чарбасын каржылоо-10" долбоорунун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү болуп саналат.

Сурап-билүү телефондору:

0556, 0707, 0312, 0222 68-00-00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан