Жеңиш Кангелдиев, актёр: “ТАСМАДА 21 ЖОЛУ ВРАЧТЫН РОЛУН ОЙНОДУМ”

Каарманым Жеңиш Кангелдиев тасмаларда көбүнчө врачтын ролун аткарат. Азыр популярдуу болуп жаткан “Акыркы сабак” сериалында актёр өзү, жубайы, кызы да роль жараткан. Жеңиш мырзанын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу сөз кылдык.

– Жеңиш мырза, саламатсызбы? Видео интервью бербейм деген принцибиңиз бар экен. Анын себеби эмнеде?

– Саламатчылык. Ооба, мен өзүм андайга кызыкпайм. Драма актёру болгондон кийин өзүмдү көп жарыя кыла бергенди туура көрбөйм. Менин оюмча, көрүүчү театрга келгенде сахнадан чыгармадагы персонажды көрүшү керек. Персонажга караганда Жеңиш Кангелдиев басымдуулук кылса, көрүүчү сюжеттен тайып, алаксып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн карманам. Баарын жайып койгондон көрө, табышмак болуп жүрсөң көрүүчүгө ошончолук кызыктуу болсоң керек.

– Атактуу болуунун терс жактары кайсылар?

– Бир жерге барсаң толук кандуу эс ала албайсың. Жашоодо дайым оң каарманды ойноп жүрүшүң керек болот. Терс жагы ушул болсо керек. Бир чети бул деле жакшы болсо керек, адам өзүн түздөп жүрөт. Артист дегенде ырчылар, бийчилер, клоундар, актёрлор, баарын түшүнөбүз да. Мен буларды бөлүп караган туура деп ойлойм. Айрым учурда айрым артисттердин туура эмес аракеттери коомчулукка көрүнүп калып жатпайбы. Андайда баарыбызга сөз тиет, “артисттер ушундайсыңар” дей беришет. Кээ бирлери “апамдын курсагында жатканда эле таланттуу болчумун” дешет го. Көбүнчөсү ушундай, окуган эмес. Биз окуганбыз. Окууга өтүп алып өзүбүздү Эл артисти сезип келсек эле, Гүлшара Дулатова эже “Эмнеңерге мактанасыңар, силер жоксуңар” деп бизди жаман кылган. Көрсө, ошентип бизди жерге түшүрүп коюп, анан кайра гүл өстүргөндөй акырындан өстүрүшүптүр. Ушундай тарбиядан өтпөгөндөр “биз популярдуу болдук, бизге баары жарашат” деп көп одоно нерселерди жасап коюшат. Бирок жарашпайт да.

Чыгармачыл адамдар илгери ушундай болчу. Таттыбүбү Турсунбаева эжебиздин басканын көрүш үчүн эле театрга эл толуп калчу деп айтып жүрүшпөйбү. Советбек Жумадыловдун Омар Хайямдын рубайилерин окуганын угуш үчүн келишчү экен. Ушундай артист болсом деп суктанчубуз. Азыр деле чыгармачыл адамдар жакшы жактарын гана көрсөтүшү керек, эл аларга суктанып, үлгү алышы керек деп ойлойм. Жаманы болсо аны жашырышы керек.

– Азыр “Акыркы сабак” сериалы популярдуу болуп жатпайбы. Бул тасмада сиз, жубайыңыз, кызыңыз да роль жараттыңыздар. Кантип тандалып калдыңыздар?

– Бул тасмага келинчегим экөөбүз кызым аркылуу өттүк болушубуз керек деп ойлоп калганбыз. Анткени Руслан Акун буга чейин да бир тасмасына кызым Бегимайды тартам деп, бирок кызым тасмадагы каармандан улуу болуп калып тартылбай калган. Ошондо экөө тааныш, дос болуп калышкан. Кастингге негизинен Бегимайды чакырышты, бизди да байкап көрөбүз дешкен. Карасаңыз, кинодо үй-бүлөлөрдө бири-бирине окшошторду тандашкан. Айсалкын Кыйыкбаева менен кызым, баш каарман Урмат окшошуп кетет, Назымдын үй-бүлөсү бири-бирине окшош, менин балам Марлис деле мага да, апасына да окшошуп кетет. Ушунун баарын карап тандашты да. Ошону көрүп анан кызым аркылуу деле өткөн эмес окшойбуз деп калдык.

– “Акыркы сабак” элге эмнени айткысы келди?

– Азыр мектептерде рэкетчилик, "дедовщина" деген көйгөй бар экен. Биздин кезде андай жок болчу. Биз рэкет деген сөздү билчү эмеспиз, антип акча чогултчу эмеспиз. Сценарий окуганда эле мага аябай жакты. Руслан Акун Урматтын прототиби болушу керек. Анткени өзү да Нарында ошол мектепте окуптур. Сценарийин жазганга өзү да катышыптыр.

– Руслан Акунга режиссёр катары кандай баа бердиңиз?

– Жакшы иштейт экен. Азыр тасма популярдуу болуп жатпайбы, анда роль жараткандар таанымал болуп, катталуучулары көбөйүп жатат. Мунун баары режиссёрдун эмгеги. Тартууга чейин аларды аябай даярдаганы көрүнүп турат. Тажрыйбасы жок балдар ойноп жатышпайбы.

– Сиз көбүнчө врачтын ролун аткарасыз...

– Ооба, кечээ дагы бир тасмага врач болуп тартылдым. Эсептесем кино, ролик, вайн, кыска метраждуу тасма, баары биригип 21 жолу врачтын ролун ойноптурмун. Режиссёрлор деле ал адамды көрүп эл врач же милиция кызматкери экенине ишене турган актёрлорду тандашат да. Аскат Сулаймановдун кебетеси эле милиция кызматкерине окшош болуп турбайбы. Назым Мендебаировду болсо көбүнчө катаал мүнөздүү терс каармандардын ролуна тандашат.

– Врачтын ролун аткара бергенден тажап кетпейсизби?

– Жок, тасмалар тартыла берсин. Бирок кээде өзүбүздү сындырып башка образдарды да мыкты жаратарыбызды көрсөткүбүз келет. Назым азыр “Манастын уулу Семетей” деген спектаклди жаңыча вариантта коюп жатат. Мен ал спектаклде 15 жылдан бери Кыргылчалды ойнодум. Мунусунда Темиркандын баласы Исмаилдин ролун ойноп жатам. Жөн эле ойнобой, актёр ал каарманды жашашы керек. Азыр Исмаил менен жашап жатам.

– Жакшы. Актёрлукка кантип келип калгансыз?

– Мектепте окуп жүргөн кезде Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморовдун кинолорун көргөндөн кийин уктай алчу эмесмин, ушундай актёр болсом деп кыялданчумун. Ата-энем мугалимдер, атам тарых мугалими, апам кыргыз тили, адабиятынан мугалим. Мен деле мугалим болом деп жүрчүмүн. Бирок артист болоюн деп издештиргем, андай окуу жай жок экен. “Артисттер кайдан окуйт?” деп атамдан сурасам, “Москва, Ленинградда окуйт” деп койду. Андай мүмкүнчүлүк жок болчу да. Анан тарых факультетине тапшырып, өтпөй калдым. Ден соолугума байланыштуу армияга да барбай калдым. Ал кезде армияга барбай калуу уят болчу. Автобуска түшкөндөн уялып калгам. Ошентип училищеде окуп, кран айдаганды үйрөнүп, курулуш компаниясында кран айдап 3 жыл иштедим. Курулуш компаниянын жатаканасында жашачумун. Мени менен бир кезде Мерген Турган жашап калды. “Театрдын алдында ушундай окуу жай бар” деп мага ошондо Мерген айтты. Тапшырып, өтүп кеттим. Аяктагандан кийин Кыргыз драма театрына актёр болуп киргем. Ошондон бери иштеп жатам, 30 жыл болуп калды.

– Эң көп алган гонорарыңыз канча болду?

– Гонорарды коммерциялык тасмаларды тарткан балдар көбөйтүп жатышат. Бизге күнүнө төлөнөт. “Вайнер” деген тасмага тартылганда күнүнө 5 миң сомдон төлөп берип жатышты. Эң көбү ошол болду.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен кеч үйлөндүм, 31 жашымда. Окууга өткөндө атам каза болуп калды. 90-жылдары элдин баары кыйналды да, биз да кыйналдык. Анын үстүнө кран айдап иштегенде жакшы айлык алчумун. Театрдагы агайлардан сурасам, алар ал учурда 150-200 рубль алышчу экен. Мен кран айдап 800-900 рубль алчумун. Анан ошентип айлык алып жүрүп студент болуп калдым. Үйлөнгөнгө шарт болгон жок. Жубайым Дамира Орозбекова да актриса, театрда режиссёрдун жардамчысы болуп иштейт. Экөөбүз 2001-жылы баш кошконбуз. Кызыбыз Бегимай 5-класста окуйт.

– Кызыңыз да чоңойгондо актриса болом деп жатабы?

– Ооба, актриса болом дейт. Кичинесинен театрда жүрдү да. Театрда роль ойноду, “Айыл кэмп”, “Акыркы сабак” тасмаларына тартылды.

– Жалаң чыгармачыл адамдар жашаган үй-бүлө кандай болот?

– Күнүбүз чыгармачылык менен өтөт. Үйгө барганда да чыгармаларды талкуулайбыз.

– Жакшы. Ишиңиздерге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан