Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин көз жумганына 3 айдын жүзү болду. Жубайы Шайгүл Алсеитова буга чейин “агайыңарды эскерип маек берүүгө даяр эмесмин” деп келген. Бул ирет даяр эмес болгонуна карабай маек берүүгө макул болду.
“КАРЫДЫМ-АРЫДЫМ ДЕП НААЛЫБАГАН КИШИ ЭЛЕ”
– Жакын адамың жаныңда жүрүп эле бир күнү жок болуп калса оозуңдан сөзүң түшүп, айлаңды таппай бир кызыктай абалда калат экенсиң. Ошондой абалда жүрүп жатам. Көнбөскө айла жок. Байкеңер 86 жашта болгону менен, акылы тунук болчу. “Карыдым-арыдым” деп наалыбаган киши эле. "Чыгармачылык менен жашабай калган күн – чыгармачылыгыңдын токтогон күнү" дечү. Такыр жөн отура алчу эмес, дайыма иштин үстүндө эле. Мындай адамдын дайыма талбай иштеп турганын көрүп ишке болгон кызыгууң артат экен.
Байкеңди мүнөздөсөм, кайраттуу, ак көңүл, кыраакы, ар бир адамдын жашына карабай сөз таап сүйлөшө билген адам эле. Тоодой, таштай кишиден айрылып, туңгуюкта калгандай абалда болдум. Көрсө, бул балдардын, неберелердин чоң таянычы болгон экен. “86 жашка чыкты, жаман эмес” дешет. Туура, адам жашка тойбойт дегендей, жакын адамың жашап турса экен дейт экенсиң. Биз үчүн калдайган карааны эле канча эле. Бул менин эле эмес, кыргыз элиндеги чоң жоготуу деп эсептейм. Өзүнүн эмгеги, таланты менен канчалаган жерлерге кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, айкөлдүгүн, жерин, элин даңазалап, элине ат көтөргүс чоң эмгек жасады. Менин оюмча, дегеле менин эмес, көпчүлүктүн оюнча, толук бааланып, ала турганын албай кеткендей. Мындай чоң сүрөткер, залкар талант бизде саналуу гана эмеспи.
Ааламды каптаган апаат, бул оору болбогондо байкеңер дагы жашайт беле деген суроо дайыма оюма келет. Бул оору болбогондо баягындай эле жүрө берет беле... Ооруканада 10 күн дарыланып, "1-2 күндө чыгам" деп жатып кете берди. Аттиң дүйнө, өлүм ак экен.
“МАНАСТЫ” КОТОРОРУНА КӨЗҮМ ЖЕТИП, ИДЕЯ БЕРДИМ”
– “Чыгармачыл адам таптаган күлүктөй болуп турушу керек” дечү. “Оюң да, санааң да чыгармачылыкта болуп, аны менен жашап, азыктанып турушуң керек. Жан дүйнөң азыктанбай калганда жардылык басты деп түшүнүш керек. Курсак ачса эч нерсе эмес, бир чыны чай ичип аласың. Жан дүйнөнүн жардылыгынын бетин ары кылсын” деп көп сүйлөчү.
Акыркы кезде “Манас” эпосу менен алек болду. Билесиздер, үчилтикти орус тилине которуп чыкты. Мен байкеңерге ишенип, бул кишинин "Манас" эпосун орусча котороруна көзүм жетип, которууга идея бердим. "Мен негизи ыр менен жазбайм" деп артка кетенчиктеди. Бирок мен бул кишинин талантына ишенип өтүнүп туруп алдым. 3-4 ай өткөндөн кийин "Чоң Казаттан" баштап которо баштады. Окуп көрсөм, мага эчактан бери тааныш тексттей туюлду. Кубанычым коюнума батпай "мына, мен ишенгем" деп ыраазы болдум. 11 айдын ичинде Манастын төрөлгөнүнөн өлгөнүнө чейин которуп койду. Бир дем менен көзүмдү албай туруп окуп чыктым. Ушунчалык жеткиликтүү, жомок окугандай эле болдум. "Пушкиндин жомогундай эле кылып которгон турбайсыңбы" дедим. Ошентип менин тилегим орундалды.
«ЭПОСТУ КОТОРУП ӨЗҮНҮН ЧЫНЫГЫ ЧОҢ ТАЛАНТ ЭКЕНИН ДАГЫ БИР ЖОЛУ ДАЛИЛДЕДИ»
– Бул улуу киши улуу эпосту которуп өзүнүн чыныгы чоң талант экенин дагы бир жолу далилдеди. "Ырас эле которгон турбаймынбы. "Манас" менен алек болгонума ыраазымын. Ушуну менен уктап, ушуну менен ойгоном" деди. Котормо менен токтобостон жогорку окуу жайларда, мектептерде китептин бет ачарын өткөрүп турдук. Бир жолугушууда Хлыпенко деген адабият таануучу "Мар, ты перевёл как сказку Пушкина. Очень доступный, великий перевод получился" деп байкеңди мактады. Мар байкеңдин орус тилиндеги котормосунан 7 тилге, өзбек, азербайжан, грузин, украин, англис, түрк тилдерине которулду. Кытай тилине да которобуз деп алышкан. Муну биз спектакль кылдык. Орус драма театрында коюлуп жүрдү. Бир ирет кайрымдуулук иретинде иш-чара уюштурулуп, спектаклди койдук. Негизинен 40-50 жаштан өйдө улуу кишилер келишти. Булар угат болду бекен деп кооптонуп жатканбыз. Чымындын учканы угулуп, келген эл 1 саат 40 мүнөт жымжырт отуруп көрүштү. Спектакль коюлуп бүткөндө көрүүчүлөр кол чаап кетпей көпкө турушту. 80ге жакындап калган кемпир сахнага чейин келип “Ушундай жерде ушундай эл менен жашап жатканыма ыраазымын. Мен "Манасты" эми түшүндүм, кыргыз кандай эл экенин, кыргыз тарыхын билдим, эми кыргыздарга башкача көз караш менен карап калдым” деп 10 мүнөт сүйлөп турду. Элге жетти деп сүйүнүп калдык.
“АЛДЫДА МАКСАТТАРЫ КӨП ЭЛЕ”
– Байкеңер “Аркамдан түшүп котортконуң жакшы болуптур. Мен азыр жалаң ушул "Манас" менен алек болуп жатпаймынбы. Атам жасап бүтпөй кеткен ишти улантып жатканыма ыраазымын. Бул мага чоң күч жана дем бербедиби. Манас атабыздын духу өзүн-өзү көтөрүп,күч-кубат берип адамды кояшо көтөрөт турбайбы. Манастын касиети мына ушундай экен. Биздикиндей бай эпос эч бир элде жок. Бул түгөнгүс кыргыз элинин байлыгы, кенчи" деп айтчу.
"Китепти радиого окуп койбойсуңбу" деди. Мен "аудиокитеп кылып жаздырбайлыбы, азыр ушундайлар бар" десем, "анда ошентели" деди. Уюштуруу иштери башталып калган. Байкең жок деп мүңкүрөп отуруп калбай башталган ишти улантууга бел байладык.
Алдыда максаттары көп эле. Кызыбыз Айжанды Каныкейди ойнотуп, Айжандын кичинекей баласын Семетей кылып 20 мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартам деп даярданып калган. Бул ишти дагы улантууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса. Бул кишинин эңсеген, көксөгөн ишин жерге калтырбай бүтүргөнгө аракет кылабыз.
Байкеңер эки тилди тең мыкты билген, эки тилде тең бирдей жазган, бирдей сүйлөгөн талант эле. Жазган драмалары 221 театрда коюлуптур. Аялдын образын жазганда ушунчалык жеткиликтүү, кулк-мүнөзүн, турган турпатын өтө терең ачып көрсөтө алган, мурун өзү аял болуп көргөндөй. Өзүнүн мүнөзүндө шайдоот, айкөл эр жигиттин сапаты фбар эле. Отуруп сүйлөшкөн адамды эч качан зериктирчү эмес. Байкең менен баарлашуу өтө кызык болчу. Бул киши мага жолдош гана болбостон, эң башкысы, устатым жана эң жакын адамым болду. Мындай улуу инсан менен жашаганыма бактылуумун. Өзүнүн улуулугуна, чоң талант экенине карабай сыпайы жана өтө жөнөкөй болчу.
Ушундай улуу сүрөткер, чоң талант менин багыма туш болгонуна ыраазымын. Мындай улуу сүрөткер классикага айланып, жашашында шек жок.
Перизат Музуратбекова