Канат Бегалиев, спорт чебери: “ҮЙЛӨНҮШ ҮЧҮН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНАН МЕДАЛЬ УТКАМ”

Грек-рим күрөшүнө опол тоодой эмгеги сиңген чыгаан спортчу, Олимпиада оюндарынын күмүш медалчысы Канат Бегалиев биздин маек төрүбүздө. Ал бир учурда улуттук курамдын башкы машыктыруучусу, андан кийин Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп эмгектенди. Учурда эмне менен алек, маекке көз чаптырыңыз.

– Саламатсызбы, Канат мырза? “Башына операция жасатат” деген маалыматтар чыкты, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Баары жакшы. Мурун башымдан алган жаракаттар бар эле. Ошолорду чет жакка барып дарылатып келсемби деп жатам. Түштүк Корея же Түркияны караштырып жатабыз. Шашылыш түрдө деле эмес.

– Күрөш федерациясында вице-президенттиктен кетиптирсиз, учурда эмне менен алексиз?

– Федерациядан былтыр Олимпиада оюндары бүткөндөн кийин кеттим. Анткени көздөгөн максатыма жеттим. Акжол Махмудов жана балбан кыздарыбыз Олимпиададан ийгиликтүү кайтышты. Бизнес жаатына өтөйүн деген ниетим бар эле, бирок болбой эле спорттон алыстай албайт экенмин. Эмне болуп жатат дайыма кабардар болуп турмай, спорт сормо саздай болуп эле кайра тартып бара жатат. Спорт менен бизнести чогуу алып кетет окшойм.

– Спорттон кете албайт экенмин деп калдыңыз, спорт мектебин, машыгуу залын ачуу ниетиңиз барбы?

– Албетте, бул менин кыялым. Мүмкүнчүлүгүм болсо сөзсүз түрдө борборубузга заманбап шарты менен, 6 килемдик чоң зал ачып, өлкөбүздөгү күрөштү дагы да өнүктүрсөм деген ниетим бар.

– Азыр деле машыгып, ыгы келсе күрөшө койсоңуз керек...

– Сөзсүз түрдө. Эки агам, иним бар. Алар дагы спорт чеберлери. Үйдөн деле чогулганда күрөшүп кетебиз. Телевизор, шкафтар көп жолу сынган. Төртөөбүздүн башыбыз бириксе күрөшөбүз же гүлчөтай жейбиз.

– 2012-жылы башкы машыктыруучулукту аркалап кеттиңиз, Олимпиадада алтын медаль алам деген көксөөнү эмне басты?

– 2008-жылы 25 жашта элем. Олимпиадада утулуп калган спортчуну 2011-жылы Дүйнө чемпиондугунда уттум. Олимпиаданы жеңгендей эле болдум. Ошондон кийин өзүмдү таштап койдум. 2012-жылы Олимпиада оюндарына жолдомо да ала албай калдым. Анан улуттук курамга башкы машыктыруучу болуп калдым. Ошону менен 2017-жылга чейин машыктыруучулук кылдым.

– Маектериңиздин биринде “машыгууларда жүрүп үй-бүлөмө көңүл бура албай жүрөм” дегениңиз бар, эми үй-бүлөгө кеңири убакыт бөлүп жатасызбы?

– Башкы машыктыруучу болгондон кийин “сборго кийимдеримди салыштыр” десем, келинчегим экөөбүз таарынышып кеттик. Анан “сен менин спортчу экенимди, эки жакка кетеримди билесиң, болбосо спортчуга тийбешиң керек эле” десем, ал “сенин спортчу экениңди билгем, бирок машыктыруучу болуп кетериңди билген эмесмин” деген. Азыр эми үй-бүлөмө, бала-чакама көбүрөөк убакыт бөлүп баштадым.

Биздин баш кошконубуз дагы өзүнчө кызык. 2006-жылы “бир кызга ашык болуп калдым, үйлөнөм” десем атам дагы, машыктыруучум дагы “Олимпиададан кийин үйлөнөсүң” деп караманча каршы болуп туруп алышты. Мен “эгер Дүйнө чемпиондугунан медаль алсамчы?” дедим. “Анда ошол күнү үйлөндүрөбүз” дешти. Ага эки ай калган болчу. Сүйлөшкөн кызыма “сен мага жолтоо болбой тур, мен даярданайын, медаль алсам экөөбүз баш кошобуз” дедим. Дүйнө чемпиондугунан күмүш медаль алдым. Ошондо дароо эле “агай, айттым беле, эми качан?” деп машыктыруучума чуркап барыптырмын. Келгенден кийин эле үйлөндүм. Эстеген сайын күлүп калам. “Мына бул медаль экөөбүздү үйлөндүргөн” деп келинчегиме азыр дагы айтып калам. 3 кыз, 2 уулду тарбиялап жатабыз. Убакыт деген зымырык куш экен, балдарым чоңоюп калды. Эки балам тең күрөшкө барат. Улуу балам Акжол Махмудовдой, кичүү балам Жоламан Шаршенбековдой болом дейт.

– Спортчулардын көбү чет өлкөлөргө кетип жатышат, сизде дагы кетүү тууралуу ойлор болдубу?

– Менин учурумда спортто жүргөн агалар, достор, инилердин көбү азыр АКШда. Мага деле көп чакыруулар болгон. Бирок менде эң жаман көргөн бир сапат бар, кайда барбайын эки күндөн кийин Кыргызстанды сагына берем. Эс алганы үй-бүлөм менен чет өлкөгө барганда деле эки күндө ал жактын кызыгы тарайт. Кыргызстанда бир нерсе өзгөрүп кеткендей эле улам-улам видео чалуу менен байланышып сурай берем. Бишкекти аралап жөө басканды жакшы көрөм, кадимкидей ырахат алам. Азыр деле жакшы сунуштар болуп калат, бирок өлкөдөн алыстап кетким келбейт.

– Грек-рим күрөшүн элге сиңирген сиздер болдуңуздар көрүнөт, азыркы балбандардын көбү сиздерди үлгү тутканын айтышат.

– Грек-рим дегенде көзүмө Раатбек Санатбаев тартылат, аны кумир тутчумун, аны менен алгач учурашканда эки күн колумду жууган эмесмин. Мен же башкалар эмес, Раатбек агай бизге жол ачып арык чаап берди, ошол арыктан биз агып келдик дейт элем.

– Спорттогу пайдубал кантип түптөлдү?

– Мен башында Ороз Шаршекеев деген агайга баргам. Атама “күрөшкө алып барыңыз” десем алып барды. 2-4-6-күндөрү эркин күрөш, 1-3-5-күндөрү грек-рим күрөшү боло турган күн экен. Атам мени 3-күнү алып барыптыр. 4-күнү алып барса эркин күрөш балбаны болуп калмакмын. Таласта мелдештерди утуп жүрүп, Бишкекке келип күрөшүп, утулуп калдым. Ошондо Мейрамбек Ахмедов агай жактырып калыптыр. “Бул баланы сынаксыз окууга алам, келсин” деди. Бирок мени үйдөгүлөр жиберген жок. Иним кичинекей, үйдө мал-жан бар. Бир жылдай “жибербесеңер үйдөн качып кетем, жиберсеңер эле чемпион болом” деп ыйлап жатып кыйынчылык менен келгем. Мейрамбек агайдын колуна келдим. Агай ар кимге ар кандай ыкма колдончу. “Аа, уят болуп калдың” деп күлүп бизди көбүрөөк чычалатып, намыстантып дымагыбызды ойготчу.

Грек-римге салым кошкондордун чокусунда машыктыруучу Эмил Алыкулов турат. Ал улуттук курамга башкы машыктыруучу болгондо агайдын жубайы бизге тамак жасап берчү. Агай өз акчасына азык-түлүк алып келчү. Негизи Союздан бери грек-римдин улуттук курамынын 80 пайызын орустар түзчү. Ал агай акыры кыргыздарды чыгарам деп ушунчалык берилүү менен иш кылган. Ысык-Көлгө сборго 20 баланы алып кетип, 2 бөлмөлүү үйдү алды, 1 бөлмөдө агай жубайы менен, биринде 20 бала катары менен жатчубуз. Штангаларды маршруттук таксиге жүктөп барып, дагы бир үйгө сүйлөшүп, ал жактан тамактандырып, агай биз үчүн аябай убара тарткан. Ошондо Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Азат Эркинбаев болуп “агай, биз сизди уят кылбайбыз, Кыргызстандын даражасын көтөрөбүз” деп убадабызды бергенбиз. Ошол кишинин шакирттери жолун улантып келе жатабыз.

– Олимпиададан кийин сыйлыктарды салыштырып нааразы пикирин билдиргендер болду. Буга сиз эмне дейсиз?

– Былтыр Олимпиададан жыйынтык көрсөткөндөр 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты. Мага убагында “Даңк” медалы берилген. Ошого көбү чычалап “мага дагы берилсин” дешти. Ал маалда “Даңк” медалы азыркы 1-даражадагы “Манас” орденине барабар болчу. Былтыр алган сыйлыктарга татыктуу баа берилди деп айта алам. Спортту, спортчуларды колдош керек. Аларга эч бир сыйлыкты көп көрбөш керек. Стимул болот.

– Маегиңизге рахмат! Ден соолук каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mmdina2013
2022-02-05 23:54:05
Жакшы маек болуптур, мага жакты.
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан