КЫШКЫ ТАТТУУ МААНАЙ

Сууктун күндөрү ысык чай ичип эле жылына бербей, ага таттуу кошуп жесеңиз маанай да көтөрүлөт. Жеңилинен даамдуусуна чейинки таттуу рецепттер төмөндө.

Банан жана шоколаддан кекс

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 3 даана

Банан – 2 даана

Шоколад – 100 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Каймак май – 120 грамм

Ун – 250 грамм

Какао упасы – 20 грамм

Көптүргүч – 0,5 чай кашык

Сода – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Шоколадды аябай майдалап алуу кажет.

2. Бир идишке кургак азыктарды – ун, кумшекер, сода, көптүргүч, какао упасын, шоколадды аралаштырып алабыз.

3. Жумурткаларды чегип чалып, ага эритилип муздаган каймак майды куюп чалабыз. Тазаланган бананды пюредей эзип, жумуртканын үстүнө кошобуз. Эми кургак азыктарды аз-аздан салып аралаштырабыз.

4. Камырды кылыпка куюп 10-15 мүнөт тыныктырып койсоңуз болот. 180 градус ысыктыкта 40 мүнөттө бышат.

Майда печеньелер

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 250 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Каймак май – 150 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз –1 чымчым

Үстүнө себелегенге жаңгак, шоколад колдонсоңуз болот

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлмө температурасындагы каймак майга кумшекер, жумуртка кошуп бирдей массага келгиче аралаштыруу керек. Үстүнө ун менен бир чымчым туз кошуп жумшак камыр даярдайбыз. Ашыкча ийлөөгө болбойт.

2. Камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, майдараак бөлүктөргө бөлүп алыңыз. Пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына майда печеньелерди салып, үстүнө шоколаддан же жаңгактын түрүн себелеп коюңуз. 200 градустагы электр мешинде майда-чоңдугуна жараша 10-15 мүнөткө чейин кармайбыз.

Мак кошулган сметанник

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 200 грамм

Каймак май – 120 грамм

Жумуртка – 1 даана

Кумшекер – 3 аш кашык

Толтурмасы үчүн:

Сүт – 130 миллилитр

Мак – 100 грамм

Манна акшагы – 2 аш кашык

Каймак – 300 грамм

Кумшекер – 4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кичинерээк идишке сүттү куюп, 2 аш кашык кумшекерди салып жай отко коёбуз. Кайнап чыкканда мак менен манна акшагын салып коюулангыча аралаштырабыз.

2. Каймакка калган 2 аш кашык кумшекерди салып аралаштырып коюңуз.

3. Жумшарып калган каймак майга кумшекерди, унду, жумуртканы кошуп камыр даярдайбыз. Ашыкча ийлештин кереги жок.

4. Камырды майланган табага салып кол менен четтерине чейин жаябыз. Биринчи катмарына мак аралашмасын, экинчисине сметананы куюп, 180 градуста ысып турган электр мешинде 35 мүнөт бышырасыз.

Мандарин пирогу

Керектелүүчү азыктар:

Мандарин – 4 даана

Айран – 200 миллилитр

Каймак май – 150 грамм

Жумуртка – 3 даана

Ун – 300 грамм

Кумшекер – 130 грамм

Көптүргүч – 1 чай кашык

Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага кумшекерди кошуп коюулангыча чалуу кажет. Ага айран менен эриген каймак майды аралаштыруу менен кошуу кажет.

2. Көптүргүч, бир чымчым тузду унга кошуп алабыз да, суюк аралашмага аз-аздан салып аралаштырабыз.

3. Таза аарчылган мандариндерди туурасынан экиге бөлөбүз. Данектерин алып салыңыз. Пергамент кагазы төшөлүп майланган электр табасына кесилген жагын ылдый каратып тизебиз да, суюк камырды үстүнө куябыз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 30-35 мүнөттө бышат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан