ЭРЛАН СҮЙҮҮДӨН БОЛДУ БАКТЫЛУУ!

Куш боо бек болсун!

Быйылкы жылдын күз айы шоу-бизнес чөйрөсүндөгү үй-бүлө курган жигиттердин тойлоруна бай болду окшойт. Себеби Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев, Замир Мырза бирине-бири удаа той өткөрүшкөнү жалпыга маалым. Күздүн акыркы күндөрүндө ырчы Эрлан Андашев да үй-бүлө күтүп, той берди.

СҮЙҮП КАЛДЫҢБЫ, АНДА ҮЙЛӨН!
Көпчүлүк бул ырчы жигиттин үнүн угуп, Мирбек Атабеков менен алмаштырып алышат экен. Чынында, “Сүйүп калдым кантейин?”, “Кайгырба” сыяктуу ырларды Эрлан Андашев ийине жеткире аткарат. Өткөн саныбызда болочок келинчегин ээрчитип келген Эрлан бизге маек куруп, 7-класстан бери сүйүп жүргөн бакыраң көзүнө үйлөнөрүн айтып, кубанган.
Ошентип, Эрлан менен Перизаттын көп жылдык жылуу мамилелери үй-бүлө курууга алып келди. Эрлан 26-ноябрда жердиги Нарындан, бирок борбордо жашаган Перизатты кадимки кыргыз салты менен сөйкө салып алып кетти. Эки жаштын тою 28-ноябрда, борбордогу кафелердин биринде өттү.
Тойго баш-аягы 300гө чукул конок келди. Демейде ырчы үйлөнсө, ырчы-чоорчулар барып куттуктап, накта шоу той болчу эле. Эрландын тоюнда эстрада эмес, фольклорго басым жасалыптыр. Себеби ырчынын жакын санаалаштарынан Бекчоро, Дайыр Исмадияров, Ильяз Андашты гана кезиктирдик. Калганы Эрлан менен Перизаттын Улуттук консерваторияда окуган достору экен.
Эскерте кетсек, Эрлан консерваториянын 3-курсунда, ал эми Перизат 5-курсунда окушат.
Тойдо тортту аукционго коюу модага айланган эмеспи. Тортту келген коноктордун бири 4800 сомго сатып алды. Кызыгы, 5000 сом берип, 200 сом кайрымын сурап тамашалаганында болду.

“ОШОЛ КҮНҮ ТОЛКУНДАНЫП ОТУРДУМ...”
Ырчы жигит өзү ырдагандай, эмнегедир толкунданып отурду. Ким толкунданбасын, өмүрүнүн эстен кеткис күнү ушул той болуп жатса. Тойдун аягында тамада “Эрлан, билебиз, сен толкунданып отурасың, ушул күнү Перизатка арнаган сүйүүңдү ырың менен билдир” дегенде элдин баары кубаттап жиберишти. Эрлан “Сүйүп калдым кантейин?..” деп Перизатты карап жандуу үн менен бир созду дейсиздер...
Акырында айтарыбыз, Эрлан таланттуу жигит, келинчеги да “Санат” ансамблинде комузда кол ойноткон өнөр ээси. Чыгармачылыкты терең түшүнгөн эки жашка биз да бакыт-таалай каалайбыз!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Kiza
2010-12-04 22:37:18
Бактылуу болгула!!!
0
zulayka
2010-12-05 12:11:25
Erlan Perizat kush boonor bek bolsun! baktiluu bolgula!
supsuluu juptar boluptur!
0
kurultay
2010-12-05 12:15:50
ОО куш боонор бек болсун!!
Эрлан молодец жубайын сулуу экен.
абдан жонокой экенсинер.
ушунурардан жазбагыла, силерге тунук суйуу каалайм.

чыгармачылык ийгиликтерди багынткыла.
0
kurultay
2010-12-05 12:21:56
экоон дуэт ырдасан деле жарашчудай.
суйуп калдым кантейин депчи...
0
fak
2010-12-05 19:56:58
Бактылуу болгула алдынарды бала,артынарды мал басын.
0
Tokmok
2010-12-06 03:02:36
Baktyluu bolgula!!!
0
kumtel
2010-12-06 10:03:02
Ekoo ten surottordo abdan shirin eken.
baktiluu bolgula!
baldarinbar kop bolsun,
chigarmachiliginar onugo bersin!!!
0
enelik
2010-12-06 10:09:53
Кыргызыма кызмат кылган, келечекке татыктуу тарбия берген, эки тараптагы туугандарды бириктирген, узулгонун улап, чачылганын жыйнай билген жаш жубайлардан болгула.

бактылуу жарлардан болгула!!!
ооооммин!!!
0
Аселькин
2010-12-06 10:44:34
Кармашкан колунуздар узулбой, бактылуу, ынтымактуу уй-булоодон болунуздар!
0
azulya
2010-12-06 14:14:47
Кыз аябай сулуу экен!!!
0
look
2010-12-07 03:25:30
jash jubailar baktykuu bolgula!Ata-eneni ardaktagan,kaiyn-jurttu kadyrlagan,dostuk mamileni dantagan,bir tuugandy barktagan jashtardan bolgula!
0
kinostan
2010-12-07 18:09:11
Бактылуу болгула!!
коздорунордо махабатынар байкалып турат!

суйуп калсан, значит уйлон дечи!
0
guzalya
2010-12-08 13:20:23
Baktiluu bolgula jash jubailar!
emdigi jili jentek toi bergolie!
0
Аделина
2010-12-08 14:18:59
тоюнар тойго улансын.
кыргыз шоу дйносунун ширин тугойлору болгула. Экону видеодон коруп журогум жылыды.
бактылуу омур сургуло.
0
Cutie
2010-12-11 14:38:08
бактылуу болгула келинчегин сулуу экен махида
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан