Назира Жетигенова, куудул: “КЫЗЫМ МЕНЕН КҮЙӨӨ БАЛАМДЫН ЖАШООСУНА 2 ЖОЛУ КИЙЛИГИШТИМ”

“Кайненем айтмакчы” рубрикабыздын кезектеги каармандары куудул Назира Жетигенова менен анын күйөө баласы Рамин Закис. Токтоо, аз сүйлөгөн күйөө бала жана тыкылдаган кайнене менен маек кызыктуу болду. Куудул айым үйдөгү кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

– Куш келипсиздер. Назира эже, кайненелик доор кандай өтүп жатат?

Назира Жетигенова:
– Куш келдик. Улуу күйөө балам Рамин менен келдим. Булар кызым 19, Рамин 20 жашында баш кошушкан. Мен 36 жашымда кайнене, 37 жашымда таене болгом.

– Кызыңыз менен күйөө балаңыз баш кошор алдында сизге келип уруксатыңызды алышты да. Күйөө балаңыз дароо эле жакты беле?

Н.: – Мен 2 уул, 2 кыздуу болсом деп Кудайдан тиленчүмүн. Кыздарым турмушка чыга электе 2 уулдуу болбой калдым дечүмүн. Күйөө бала менен кайнене жакын болот деп ойлогон эмесмин. Кудайга шүгүр, жакшы күйөө балдарды берди мага. Эки күйөө балам тең өз балдарымдай. Кызым экөө бир жерде чогуу иштеп калып таанышып, сүйлөшүп калышыптыр. Мен Башкирияга фестивалга кетсем, апам, менден кичүү сиңдим болуп күйөө бала менен таанышып, сүйлөшүп, чечип коюшуптур. Мен билбейм. Келсем эле апам менен сиңдим эки жагымдан чыгып, “ай, кыздын барар жери күйөө, күйөө балаң абдан жакшы бала экен” дешип мени көндүрүүгө өтүштү. Анан күйөө бала менен сүйлөшөйүн деп жумушуна бардым. “Жашоо оюнчук эмес, коё турбайсыңарбы. Ойлонуп көргүлө дагы. Сенин ата-энең эмне дейт? Улутубуз да башка экен, менталитетибиз башка, кандай болот?” дедим. Болбой эле “баш кошобуз” деди. “Көзүң жетеби?” десем “жетет” дейт. Таанышып сүйлөшкөндө Рамин мага жакты, макулдугумду бердим. “Кыз меники, кыргыздын салты менен узатам. Сөйкө салып, кыз узатуу кылып үйдөн алып кетесиңер” дедим, ошентишти. Кудагыйымдын канында өзбектин, татардын, уйгурдун каны бар. Раминдин атасы жак латыш, осетин аралаш.

– Рамин, кайненеңиз менен таанышкан күн эсиңиздеби? Алгач жолукканда толкундандыңыз беле?

Рамин Закис: – Ооба, эсимде. Биз үйлөнөбүз деп жатканда жумушка келген. Аты-жөнүн билчүмүн. Бирок эмне жумуш кыларын билчү эмесмин. Баш кошуубузга уруксат бербей койбойбу деп бир аз корктум. Келди, сүйлөштүк, баары жакшы болду. Кийин гана элге белгилүү адам экенин билдим. Апам адам катары сонун. Эч качан кайнене деп айтпайм, мен үчүн апам. Үйлөнгөндөн баштап эле апа дейм. Жакшы көрөм, сыйлайм бул кишини.

– Рамин, салт-санаа ар кандай да, бул жаатта кыйналган жоксузбу?

Р.: – Жок, баары жакты. Өз ата-энем 2 жашымда ажырашышкан. Ошону менен атамды көргөн эмесмин. Апам жана өгөй атам тараптан аз эле туугандарым бар. Өзүм деле биздин салт-санааны билбейм. Ошондуктан апам айткандай эле болду баары.

– Билишимче, чогуу жашайсыздар?

Н.: – 10 жыл чогуу жашадык. Балдардын окуусуна жакын деп былтыр сентябрдан баштап өздөрүнчө бөлүнүштү. Азыр мен апам, эжем, эжемдин баласы болуп жашап жатам.

– Кыргызда кыз-күйөө менен чогуу жашоо өөн көрүнөт. Сиздерде кандай болду, ыңгайсыздык жаралган жокпу?

Н.: – Биздин мамилебиз кайнене-күйөө баладай эмес. Ортобузда сый бар. Рамин өз апасын кандай сыйласа, мени андан ашып сыйлайт. Экөөбүз эне-баладайбыз. Ал кыргызча билбейт, менин апам орусча билбейт да. Үйдө ошол себептүү кызыктуу окуялар көп болуп турат. Экөө үйдө мага жаңы комедияларга идея жаратып турушат. Раминдин тарбиясы башкача болуп калган, орустардай. Орустар өзү тамак салып жеп, өзүнүн идишин өзү жууй берет го. Рамин да ошентчү. Идишин жууп баштаса апам “ай, садись, не надо стирать посуда, у нас женщина стирает, если женщина не стирает, башке даёт” деп коёт. Ортодо мен котормочу болчумун. Бир жолу шашып жатсам, апам “күйөө балага айтып койчу, огороддогу кара өрүк кычкыл экен, ошону тамыры менен казып салсын, малиналарга көлөкө түшүрүп жатат” дейт. “Апа, бардыгын мага айта бербей, үйдөгү иштерди өзүңөр кыла бергилечи” десем, апам “Рамин, пойдём, огород пойдём, слива убьём. Под земля, на земля, насмерть убьём” дейт (күлүп). Ушинтип каткыртышат.

– Рамин, кайнене менен чогуу жашоого тез эле көндүңүзбү?

Р.: – Ооба, көндүм. Мен бир нерсеге бат көнөм. Баарыбыз кеңешип, эки тарапка тең жакшы болот деп сүйлөшүп апамдардын үйүнө көчүп келгенбиз. Бул жакта үйдө эркек жок болчу. Эркектин болгону жакшы болду. Биздин үйүбүз алыс болуп, мага жумушка барып келүү оор болчу. Азыр үйдө эжебиз уулу менен жашап жатат, эркек киши бар дегеним. Биз болсо эртели-кеч көчүшүбүз керек болчу, шартка байланыштуу өткөн жылы көчтүк.

Н.: – Биздики жер үй да, эркек болбосо оор болот. Раминдин билбесе да билем деп жасай берген жакшы сапаты бар. Эшикте эркектин жумушун кылат, үйдө тамак жасайт. Баарыбыз “Рамин тамак жасасынчы” дейбиз, даамдуу жасайт. Азыр бөлүнүштү. Неберелериме көнүп алгам да. Көчүп кеткенде үйдөн кут кетип калгансып, балдардын ызылдаганы жок, кулак-мурун кесип салгандай тынч болуп калды. Мен сагынып булардыкына бара баштадым.

– Экөө уруша кеткенде эмне кыласыз?

– Экөөнүн баш кошконуна 11 жыл болуп калды. 4 баланын ата-энеси, бир уул, 3 кызы бар. Идиш-аяк кагышат дейт го, экөөнүн үнү чыгып урушканын көргөн, уккан жокмун. Кээде эне катары кеңеш берем. Бир учурда таарынышып “ажырашабыз” дешти. Анда “Рамин жаманбы-жакшыбы 4 баланын атасы, 4 бала менен эч жакка батпайсың. Аларга эч ким ата боло албайт” деп кеңеш айттым. Ажырашам десе да ажыраштырбай жашатам. Кызына болушуп ажыраштырган кайненелер бар да. Кызым “мага болушпайсыз” деп таарынып калат. “Уруш болсо бир гана киши күнөөлүү болбойт. Сен да туура эмес кыласың. Жашайсың, до конца жашатам” дейм. Мен деле 2 кыз менен ажырашып жаштык кылдым да. Эс тартып кыздар чоңойгонго чейин атасы гана күнөөлүү деп өзүмдү актай берчүмүн. Жаш кезде жүрөк курч, жаш өткөн сайын акыл курч боло баштайт экен. Кийин акылга салып карасам, менде да күнөө бар экен. “Силер атасы жок өстүңөр. Балдарга атанын да, апанын да тарбиясы керек, үй-бүлөңөр толук болсун” дейм. Көбүнчө үй-бүлөсүнө кийлигишпегенге аракет кылам. Колумдан келишинче жардамымды берем. 10 жыл чогуу жашаган учурда 2 жолу кийлигиштим.

– Рамин, чогуу жашаган кезде сиз үчүн оор болгону жана жагымдуу болгону эмне болду?

Р.: – Кыйыны – аялым менен урушуп кеткенден кийинки апамдын көз карашын көрүү болчу. Ал “эмне менин кызым менен урушуп жатасың?” дегендей көз караш болчу. Жагымдуусу – баарыбыз чогуу тамашалашып, күлүп-жайнап отурган учурлар.

– Жакшы. Үйүңүздөрдө дайым бакыт, ынтымак болсун.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
“Күйөө балам 10 жыл 2 кайненеси менен чогуу жашады” дейт Назира Жетигенова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ajos
2022-02-02 09:43:35
"Жаш кезде жүрөк курч, жаш өткөн сайын акыл курч",- дегени жакты. Назира эже, кызыңыз менен күйөө балаңыз бактылуу үй-бүлөөнлөрдүн катарын катарын толуктап, өзүнүз эң бактылуу апалардан болуп жүрө бериңиз! Талантыңызга таазим!
+2
Taalaibek.
2022-02-05 08:43:27
Эн сонун маек.Бактылуу болгула.
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан