ЖОК БОЛУП КЕТКЕН ЖЕЙРЕНДЕР КЫРГЫЗСТАНГА «КАЙТЫШТЫ»

Жакында Өзбекстандан 15 баш жейрен алынып келинип, Кыргыз жеринде багылып жатат. Кандай максатта, кимдер аркылуу алынып келинди? Дегеле жейрен деген эмне? Кызыл китепке киргизилген жаныбар тууралуу ушул макалада кеп кылабыз. Жейрен – кыргызга чоочун жандык эмес. Бир убакта мекенибизди байырлаган жапайы жандыктар кийин жок болуп кеткен. Экологдор мурда жейрендер үйүр-үйүрү менен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Ооганстан, Монголия жана башка өлкөлөрдүн чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарында кездешчү дешет. Анын эти үчүн атып-жок кылып отуруп бүгүн айрым гана өлкөлөрдө аз санда калды деп коңгуроо кагып келишет.

“ЭМИ КАЗАКСТАН МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАНДАН АЛЫП КЕЛЕБИЗ”

Аскар Давлетбаков, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы:

– Жейрендерди Кыргызстанга алып келүү жана башын көбөйтүү боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан 50 миң доллар грант бөлүнгөн. Аларды сатып алуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 2021-жылдын 28-октябрында Өзбекстандын Бухара облусундагы “Жейрен” питомнигинен 15 баш (4 эркек, 11 ургаачы) жейрен алынып келинди. Ар бири 1500 долларга бааланды. Өзбекстандан алып келүү ишин "Фонд илбирс”, Тоң районунун "Гулистан" дыйкан чарбасы жана мен өзүм мүчө болгон "Аргали" фонду жасады. Жейрендер Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Туу айылына караштуу аймакта кармалып, багылып жатат. Башында 1 ай кармап анан эркиндикке коё беребиз го дегенбиз. Бирок аларды алып келгенде Өзбекстандын илимдер академиясынын биологдору кошо келген эле. Алар 15 башты камап багып, төл алып, анан ошол улактарын эркиндикке коё берсеңер жакшы болот дешти эле, алардын айтканын туура көрдүк. Быйыл жазда төл берет деп күтүп жатабыз.

Эми, буюрса, Казакстан менен Азербайжандан да жейрендерди алып келмекчибиз.

Кыргызстанда жейрендер 1980-жылдары биротоло жок болгон. Алар мурун Чүйдө, Таластын Казакстанга жакын жерлеринде, андан тышкары Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын шагылдуу, чополуу, башкача айтканда, жарым чөлдүү аймактарын байырлашкан. Аларды эти үчүн браконьерлер, чабандар атып отуруп жок кылышкан. Анын үстүнө Союз убагында малдын башы көбөйүп, жейрендердин тамак таап жечү аймагы тарып, алардын жок болушуна да шарт түзгөн. Акыркыларын 1980-жылдары Ысык-Көл аймагынан кездештиришкен.

Гранттын калган акчасы жейрендерди карап-багууга, саламаттыгына көз салып, оорулары болсо айыктырууга жана башка иштерге жумшалат. Эл аралык “Пантера” жаратылышты коргоо фонду каражат бөлүп, ага жейрендерди карап-бага турган кызматкерлерге чакан үй курулуп берилди.

Жейрендер Казакстанда көбүрөөк, бирок алар Кыргызстанга ооп келе алышпайт, анткени ортодо айылдар бар. Эми Казакстандан жана Азербайжандан да жейрендерди алып келели деп жатабыз.

«БИРИ-БИРИ МЕНЕН ҮН ЧЫГАРЫП БАЙЛАНЫШАТ»

– Жейрен көзү курч, жыт билүү сезими абдан өнүккөн, сак жана коркок жаныбар. Стресске абдан жакын. Ит, адам, мылтык үнүнөн абдан коркушат. Жайында 3-5, кышында 10-20дан болуп үйүрү менен жүрүшөт. Жаштары жылына бирден, картаңыраактары 2ден тууйт. Балдары туулгандан 3-4 күндөн кийин энесин ээрчип калышат. Жейрендер 1 саатта 60 чакырымга чейин чуркай алышат. Бири-бири менен үн чыгарып байланышат.

Эрмен, буудайык, тулаң, бетеге, согон, гавар, чекенди, төө тикен, дан өсүмдүктөрүн, сөксөөл жешет. Чөп куурап баштаганда жүгөрү, коон, буурчак, бадалдардын жалбырак-шактарын жешет. Алар мал жебеген отоо чөптөрдү жеп, жайыттарды тазалап, жаратылышка пайдасын тийгизет.

Душмандары – карышкыр жана адам. Сууну аз ичишет. Жарым чөлдүү жана чөлдүү жерлерди байырлашкандыктан аларга суу таап ичүү кыйынчылык жаратат, андыктан алардын организми денедеги сууну кайрадан колдонот. Башкача айтканда, бөлүнүп чыккан заараны организми кайра сиңирип алып, дагы бир жолу колдонот. Ошондуктан алар аз заара кылышат. Туздуу, тузсуз сууну иче беришет. Эртең менен жана кечкурун оттоого чыгышат.

Малга тиешелүү оорулар менен оорушат. Мисалы, котур, шарп.

Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген айрым жаныбарлар, канаттуулар өтө аз калды. Мисалы, учурда 22 мадыл, 8 кундуз, 64 эчкемер, 83 жору бар, бул абдан өкүнүчтүү. Экологдор жоголуп бараткан жаныбарларды атпоо, сактоо, башын көбөйтүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул жаатта бизге сиздер сыяктуу ЖМКлар жардам беришүүдө.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
akmanai
2022-01-31 16:46:10
Ушул ондуу макалаларды окусам жейрен ондуу жоголуп кеткен, жоголуп бараткан жаныбарларды кайра кобойтуп, табиятка зор салым кошкум келип кетет
+3
Jelezo
2022-02-03 19:53:26
Шри-Ланкада чегирткеге 15миң.доллар штраф.
0
Altyn10076
2022-02-04 23:04:28
Биздин чоңдорго ким кой дей алат калган учурда аңчылык кылышат
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан