БАЛДАРДЫ ДАРЫЛООДОГУ УНИКАЛДУУ ЫКМА

 «Реацентр» клиникасы – Бишкек жана Ош шаарларында 2021- жылдын ноябрь айында ачылып, иштеп жатат.

«Клиниканын адистери медициналык жогорку билимдүү жана заманбап жаңы ыкмалар боюнча Самара шаарынан квалификациясын жогорулатып келишти»,- дейт Бишкек жана Ош шаарындагы "Реацентр" клиникаларынын директору Аланов Айбек Бекмурзаевич.

Кыргызстанда микротоктуу рефлекстик-терапия бир гана “Реацентрде” колдонулат. Микротоктуу рефлекстик-терапиясы деген эмне? Дарылоодогу таасирдүүлүгү, жакшы жыйынтык бергендиги үчүн аталган ыкманы неврологиялык тажрыйбада колдонууга Орусиянын жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат берген. Уникалдуу ыкманы Орусиянын Самара шаарындагы «Реацентр» клиникасы (1994-жылдан бери иштеп келе жатат) балдардын неврологиялык патологиясын дарылоо жаатында иштеп чыккан.

Микротоктуу рефлекстик-терапияда (МТРТ) баш мээнин нормалдуу иштешин калыбына келтирүү үчүн физиологиялык өтө төмөнкү кубаттуулуктагы электрдик импульстар колдонулат. Башкача айтканда, электрдик импульстардын күчү адамдардын, анын ичинде балдардын борбордук нерв системасында иштелип чыгып жаткан импульстардын күчүнө барабар. Негизи баш мээнин тиешелүү бөлүктөрүндө айрым себептерден улам өнүкпөй калган нейрондор болот, алар сүйлөөнүн, психиканын, көрүү жана угуунун, булчуңдун жана башкалардын өнүкпөй калуусуна жеткирет. Ал эми микротоктуу рефлекстик-терапия ошол өнүкпөй калган нейрондордун өнүгүшүн калыбына келтирип, мээде балага ар тараптуу жетилүүгө салым кошкон жаңы урчуктардын (аксон, дендрит) өөрчүшүнө да түрткү берет. Ыкманын артыкчылыгы – оорутпайт, эмчектеги балдар да физикалык дискомфортту сезбейт. Балада коркуу жаралбайт. Дарылоо канчалык эрте башталса натыйжасы ошончолук жогору болот.

Учурда Бишкектеги жана Оштогу “Реацентрде” балдар неврологу-рефлексотерапевттер, логопед-дефектологдор, АВА-тераписттер, укалоочулар, нейропсихологдор жана башка адистер кызмат көрсөтүшүүдө.

Дарылоонун натыйжасында сүйлөөнүн, психикалык өнүгүүнүн жана речтин кечеңдешинде, моторикалык жана сенсордук моторикалык алалияда:

• Сүйлөнгөн сөздү түшүнүүсү жакшырат;

• Сөздөрдү сүйлөмдөргө айлантып айта алышат;

• Сөз байлыгы кеңейет;

• Дикциясы жакшырат.

Аутизм жана аутисттик көрүнүштөрдө:

• Эмоционалдык сезимдери, агрессиясы жана өтө активдүүлүгү төмөндөйт;

• Айлана-чөйрөгө, адамдарга, оюнчуктарга кызыгуусу пайда болуп, таанып-билүүсү кеңейет;

• Социалдык жактан өзүн тейлөөсү жакшыра баштайт (өз алдынча дааратканага барып, тамак ичип, кийинип баштайт);

• Балдар психологу, логопед-дефектолог менен өткөн коррекциялык сабактарга кызыгуусу арта баштайт;

• Баланын активдүү жана пассивдүү сөз байлыгы толукталат;

• Өзүнө карай айтылган кепти түшүнүүсү жакшырат.

Ички баш сөөктөгү басым көтөрүлгөндө субкомпенсацияланган гидроцефалияны дарылоонун натыйжасында:

• Туталануу көрүнүштөрү, гиперактивдүүлүк жана агрессия жоголот;

• Баш оорулар жана мурундан кан агуулар токтойт;

• Эс-тутум жана көңүлдү бир жерге топтоо жакшырат.

Борбордук нерв системасынын перинаталдык жабыркоосун жана балдардын церебралдык шал оорусун дарылоонун натыйжасында:

• Акырындык менен жогорку жана ылдыйкы дене мүчөлөрүнүн тонусу төмөндөйт;

• Жаңы кыймыл көндүмдөрүнө ээ болуу жана кыймылдоого каалоо жогорулайт;

• Чоң моторикасы (булчуңдары) өөрчүйт – балдар башын кармап, отуруп, жөргөлөп, басып башташат. Колдорунун майда булчуңдары өөрчүйт – бала өз алдынча тамак жеп, сүрөт тартып, жазганды үйрөнөт.

Бишкек шаарындагы филиал:

МЗКР НГМУ №3995

Бишкек шаары, Жал-23 кичи району, 18/2 үй (Төмөнкү Жалдагы мектептин жаны)

Тел.: 0552353737 (Whatsapp), 0704353737

Инстаграм: reacentr.kg

Ош шаарындагы филиал:

“Нейролайф” медициналык борбору;

МЗКР НГМУ №2752

Ош шаары, Р.Абдыкадыров көчөсү, 752.

Тел.: 0552105151 (Whatsapp), 0777545151

Инстаграм: neirolife.osh

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан