Жуман Мааматов, кытайлык кыргыз: “КЫРГЫЗСТАНДЫ КӨРӨМ ДЕП АДАМ ЧЫДАГЫС АЗАПТАРДЫ БАШТАН ӨТКӨРДҮМ”

“Супер-Инфо” гезитинин бул жолку каарманы кытайлык кыргыз Жуман Мааматов. Ал 1958-жылы Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунда туулган. Каарманыбыз Кытайдан тарыхый мекенине кандай кыйынчылыктар менен кайтып келгенин, башынан өткөн оор окуясын айтып берди.

“ТАРЫХЫЙ МЕКЕНИМДИ БИР КӨРҮҮГӨ ЗАР БОЛДУМ”

– Мен 6 жашымда ата-энемден ажырап, тайларымдын колунда мал багып чоңойдум. 20 жашымда үйлөнүп, бир баланын атасы болдум. 22 жашымда, тактап айтканда, 1980-жылдын август айында күтүүсүздөн чогуу мал кайтарган досум мага “Кыргызстанды бир көрүп келбейлиби” деген сунуш киргизди. Ошол учурда Саламат Садыкованын “Кыргыз жери” аттуу ырын угуп, түпкү мекенди бир көрүүгө куштар болот элек. Кыргызстанга барып, калып калам деген оюм жок эле. Бир көрүп кайтып келем деген ой болгон.

Ошентип досум экөөбүз Кыргызстанга өтөбүз деп адашып Тажикстандын чек арасына кирип кетиптирбиз. Ал жерден экөөбүздү бөлүп камап коюшту. Жалпысынан 17 ай түрмөдө жаттым. Бир айдын ичинде окуганды жана жазганды үйрөтүштү. Анткени алар бизди бир мамлекетке тыңчы катары жөнөтүүнү көздөшкөн. Эгер анте турган болушса, мен Кытайга барайын деген оюм болгон. Ал жерге баргандан кийин келбей коём деп ойлогом. Бирок Ооганстанды сунуш кылгандыктан, баш тарттым.

“ТҮРМӨДӨ 5 ЖЫЛ КАРА ЖУМУШ КЫЛЫП ЖҮРДҮМ”

– Ал кез СССР убагы эле. Тажикстандан мага тыңчы деген айып тагылып, 5 жылга Якутияга түрмөгө айдалдым. Бирок ал жакка мени "Кыргызстанга барасың" деп алдап алып кетишти. Учакта 5-6 саат жол жүрдүк. Түрмөдөн адам чыдагыс азаптарды көрдүм, бирок чыдоого туура келди. Ал жерден качып кетүүгө да мүмкүн эмес эле. Беш жыл түрдүү кара жумуштарды жасадым. Уй саап, мал бактым. Талаадагы иштерди жасап жүрдүм.

“30 ЖАШЫМДА КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИМ”

– Мөөнөтүм аяктаган соң мени аскер адамдары Кыргызстанга алып келишти. Ал кезде 30 жашта элем. Бирок тарыхый Ата Мекенди көргөндөгү сезимдерим алгачкыдай болгон жок. Ортодо көргөн кыйынчылыктарым демимди суутуп койгондой болду. Алар мени Бишкектин четине алып барышып, бир имаратта бир ай багышты. Бул жерден адамдар менен таанышып, курулуш тармагында иштей баштадым. Кийин 1 балалуу аял менен таанышып, экөөбүз баш коштук. Ал таластык болгондуктан экөөбүз Таласка барып жашадык. Көп өтмөй анын мурунку жолдошу пайда болду. Экөөнүн ортосунда бала бар болгондуктан мен ал аялдан кетип калдым. Таласта калып, бир кишинин кол алдында иштедим. Элдин көмөгү менен үй салып, немис улутундагы кыз менен баш коштум. Жубайым ошол учурда эле кыргыз тилинде таза сүйлөчү. Экөөбүз балалуу болдук. Мен өлкөнүн жарандыгын алдым. Баары өз жолу менен кетти.

“ДЭЭРЛИК 25 ЖЫЛДАН КИЙИН КЫТАЙГА КАЙРА БАРДЫМ”

– Арадан дээрлик 25 жыл өткөндөн кийин Таластагы үйүмдү сатып, балдарым менен Кытайга бардым. Ал жерде эжем бар эле. Бирок Кытайда калууга мүмкүн болгон жок. Жубайым немис улутунан болгондуктан, кабыл алышкан жок. Кытайда иштеп калайын деген оюм болгон. Кытайда аялымдын колунда калган баламды таба алган жокмун. Ал мен барардан мурун, тактап айтканда, 2002-жылы мени издеп чыгып кеткен экен. Ошол бойдон дайынсыз. Бирөөлөр Пакистанга кеткен дешсе, бирөө “крим чөйрөсүнө аралашып кеткен” дейт. Өзү да олбурлуу, чоң жигит болгон экен. Кытайдагы издөө программаларына чейин берейин дедим, бирок ал чындап эле крим чөйрөсүндө жүргөн болсо, аны өлтүрүп коюшарын уктум. Кыргызстандагы “Кайдасың?” программасына бергем, бирок бүгүнкүгө чейин кабар жок. Бир күнү баламды көрөм деп үмүт кылам.

Кытайдан ошентип көп өтпөй жубайым экөөбүз балдарыбызды алып Кыргызстанга кайра кайтып келдик.

“ДААРАТКАНА КАРАП ИШТЕП КҮНҮНӨ 100 СОМ ТАБАМ”

– Кыргызстанга келгенден кийин Ысык-Көлдө мал багып иштедим. Жалпысынан 7 балалуу болдум. Бирок учурда 3 балам гана тирүү. Шаарга келип элдин жардамы менен Ивановка айылынан 4000 долларга дача сатып алдым. Бирок учурда шаарда батирде турам. Дачаны сатып, Сокулук тараптан үй алсак дейбиз. Анткени балдарым да малдан тажаган экен. Мен мал кайтарып жүрүп ден соолугумдан ажырадым, ишке жарабайм.

Даараткана кайтарып отуруп күнүнө 130 сом табам. 30 сому жолума кетет. Ал жерде иштебей эле коёюн десем, мага 100 сомду эч ким бербейт. Улуу балам 1996-жылы туулган. Аны үйлөнтүп бөлүп койгом. Кичүү кызым 5-класста окуйт. Майыптыгым үчүн 2500 сом жөлөк пул алам. Социалдык фондго акча төлөбөгөндүгүм үчүн пенсия албайм. Келинчегим менен бир уулум жалданып иштешет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
munduz2016
2022-02-02 14:33:33
Роман жазыш керек экен
0
XATSAN125
2022-02-04 19:29:02
КАНА ТИГИ ИТ УРГУР БЛОГЕР БОЛУМУШТАР АКЧАСЫН ЖОНДОН ЖОН ЧАЧЫП ИТ АКМАГЫ ЧЫККАН ЖЕТИМДЕР УШУГА ОКШОГОНДОРГО ЖАРДАМ КЫЛЫШСА БОЛМОК
0
XATSAN125
2022-02-04 19:31:06
Соттордун айлыгы 160 мин телегейи тегиз адамдардын жонокой адамдар бир кундо 130 сомго иштейт ана дермократия ана кыргызчылык ана мусулман биртууганчылык пай пай пай
0
XATSAN125
2022-02-04 19:32:59
Аттуу баштуулар мактанышат саатым паланча доллар машинем тигиндей тр пр бла бла деп ошого окшогондор окуса кана ушундай тагдырдагы адамдарды балким жардам бермек тилеке каршы алар акча жонундо кантип элди алдап акчасын алсам деген жанылыктарды окушат да
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан