(Башы өткөн сандарда)
– Ким?- Дария эшикке жакындады.
– Мен, Дария эже,- Нуриянын үнү угулду.
– Нурия, сен эмнеге тиги бандиттердин бирин кучактап турдуң?
– Мен кээ бир адамдар тууралуу жаңы чындыкты билдим. Менден чочулабай эле коюңуз, Дария эже. Мен азыр кийимдеримди гана алып кетиш үчүн келдим.
Дария эшикти ачты.
– Кандай дейсиң? Сен кайда кеткени жатасың?
– Ата-энемдикине... Үй сиздики экен...
– Сен Каныбекке жолуктуңбу?
Нурия үнсүз гана баш ийкеди. Дариянын ичинде толтура суроо бар болчу. Бирок азыр эмнегедир ал унчукпай койду. Же балким, Нуриянын көздөрүнөн эле түшүнгөндүр.
– Ал өзүн миң ирет актаган күндө да... Билбейм, Дария эже. Мына бизге келип жүргөн Белек дагы ал сыяктуу балдар үйүнөн чыгыптыр. Бирок... Экөө эки башка. Каныбекте баары бар болчу да. Үй-бүлөсү, балдары... А бирок ал балдарына деген акчаны алып качты.
Белек болсо ушуга зар. Ал аргасыздан, жан багыш үчүн бирөөнүн колунда желдет болуп жүрөт. Ал жалгыздыктан чарчаганы көрүнүп турат. Аны жакшы көргөн адамдар пайда болчу болсо, ал адамдар үчүн Белек бардыгын жасачудай экен.
– Сен кетпей эле койчу. Баарыбыз эле ушул үйдө жашай берели. Буга чейин үйдү бербей коёт го деп чочулап жүрчүмүн. Бирок азыр кетем десең кадимкидей башкача боло түштүм. Балдарым да сага көнүп калышты эле. Бир тууганымдай болуп калдың. Менин сиңдим жок да, билесиң. Кетпей эле койчу.
Нурия жылмайып алды. Жүрөгү жылып кетти.
– Чын, Нурия, сенин ордуңда башка адам болгондо бул үйгө мени таптакыр жолотмок эмес. А сен болсо, чын-бышыгын биле электе эле балдарымды аяп үйгө киргиздиң. “Сиз айткан нерсенин баары чындык болсо, үйдү өткөрүп берем” деп келе жатасың. Сен өзүңдүн кандай жакшы адам экениңди билбейт экенсиң.
– Коюңузчу! Апендинин кызындай эле мактап жатасыз...
– Кетпей эле койчу, чын.
– Менин ата-энемдин үйү бар.
– Кааласаң, ата-энең деле келип жашай берсин. Менин балдарымда таята-таяне, чоң ата, чоң апа деген жок. Менин Даниелим сенин атаңды кандай жакшы көрөрүн билесиң го...
– Ой, Дария эже, тим эле мен Памирге кетип жаткандай сурандыңыз го... Мына тиги Асанбайга эле барам. Күнүгө келип турам. Андан көрө сиз экөөбүз эртең баралы дагы, үйдү сизге өткөрөлү.
xxx
– Мен аны таптым,- Белек Маракенттин жанында туруп үн катты.
– Таак...
– Бишкекте эле жүрөт. Тактап айтканда, бир үйдө отурат эч жакка чыкпай. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок.
– Демек, карыздарынан кутула албайт экен да.
– Жок.
– Мал кайтара алабы? Сарайга алып барып койсоңорчу. Айлыгынын эсебинен кутула берет. Ичкен, жегени бекер...
– Билбейм. Барса керек аргасыз. Бирок ал эртең мал-сал, сарайыңыз менен кошуп сатып жибербейт деген кепилдик жок.
– Анысы да бар... Эмне кылалы дейсиң? Үйүн алыш керекпи?
– Шеф, үй аныкы эмес. Балдарыныкы...
– Биз аны ушунча издедик. Ызы-чуу болдук. Толтура нервди алды. Карызы тоодой... Биз өзүбүздүкүн алышыбыз керек да.
– Аялы, балдары көчөдө калабы?
– Бул анын косягы да. Күнөө ошол Каныбектин өзүнүкү... Балдары көчөдө калганын көрсө чындап акылына келип, балким, кыйын киши болуп кетет. Банкрот деген баары өлдү дегендик эмес, жаңы жолду танда дегенди гана түшүндүрөт деп жатпайбы?! Балким, биз аны жакшы жолго салып коёттурбуз?
– Жок, шеф. Ал балдарына үй ала турган акчаны алып качкан. Андан кийин бул жактан башка кыздын башын айлантып үйлөнүп алган. Үй алган. А сиз андан баарын утуп алдыңыз...
– Анан?
– Анан бул адилетсиз болуп калат. Бул жерде анын балдарынын күнөөсү жок да.
– Сеники туура. Бирок сенин оюң өзгөрүп калгандай сезилди...
– Мен сизге ачык эле айтып коюшум керек. Болбосо “өз кызыкчылыгыңды коргоп жатасың” деген шектенүү пайда болушу мүмкүн. Эртең Каныбектин экинчи аялы Нурия, Дария деген Каныбектин биринчи аялына үйдү өткөрүп берет.
– Анан?
– Анан мен Каныбектин экинчи аялын сүйүп калдым.
– Эмне?
– Мен аны эртең жолугушууга чакырып койдум.
– Эмне?
– Кээде жашоодо ушундай болуп калат экен.
– Эмне?
– Жок эми, шеф...
– Мээң жок турбайбы?!
– Неге?
– Үй биринчисине калабы же экинчисинеби?
– Биринчисине...
– Анда биринчисин сүй да...
– ...
– Тамаша! Сен эмнеге алардын таламын талашып калды деп койдум. Көрсө, сен Ромео болуп жаткан турбайсыңбы?! Мейли, сенин өтүнүчтөрүңдү эске алабыз. Аларга эч ким тийишпейт. Бирок Каныбекти мага алып кел.
xxx
– Барбайм мен! Андан көрө ушул жерден атып сал!- Каныбек бакырып ордунан тура калды.
– Эй, жөн эле артист боло бербечи! Тийбейт ал сага!
– Силер акыры мени өлтүрөсүңөр да...
– Каныбек... Башкалар сени түшүнө албашы мүмкүн. Бирок баягы “Мауглиде” айтылгандай “мы с тобой одной крови”. Мен да детдомдун баласымын. Биз жылуулук издегендербиз. Болгону мен жылуулукту тапсам, аны жоготпогонго аракет кылам. А сен болсо улам башка жылуулук издей бересиң. Сен Нуриянын апасынын башын айлантып, үйдү саттырып туруп чет мамлекетке качмаксың. Ал жактан башка жылуулук тапмаксың, туурабы? Туура. Азыр Маракент сага зыян тийгизбей турганын да билип турасың. Эми, албетте, карыздан кутул деп Чүйдөгү мал сарайына алып барып мал каратып коюшу мүмкүн. Башка эч нерсе кылбайт.
– Жок, эгер андай болсо макулмун.
– Башыңда дароо малды сарай-парайы менен кошуп сатып ийдиң, ээ? Андай болбойт, Каныбек! Антсең “точно” өлдүң!
– Жок, антпейм,- деди Каныбек. Бирок мал сарайга барып алса ал жерде өлкөдөн чыгып кетүүчү сонун жол бар экенин эсептеп жиберди.
– Баса, мен сага бир нерсени айтып коюшум керек эле. Мен Нурияны жолугушууга чакырдым...
– Сенби? Анан эмне, ал макул болдубу?
– Ооба.
– Ал жакшы кыз. Сен эң башкысы аны таарынтпа...
– Ооба. Сен эгер кааласаң мен сени балдарың менен жолуктуруп, анан Маракентке алып барам.
– Жок. Мен алардын бетин карай албайм. Менин жок болгонум, тескерисинче, алар үчүн жакшы болот...
(Уландысы кийинки санда)