КАЙРАДАН КАПЧЫКТУУ ЭРКЕКТЕРДИ ИЗДЕЙ БАШТАДЫ...

Алтын күндө ушул кафеден тамактанат. Бул кафенин тамактарына көнүп алганына 1 айдай болду. Москвада мындан арзан, мындан даамдуу тамак жасачу жерди таба албайм деп ойлочу ал. Адатынча буюртма берип коюп телефонуна көз чаптырып отурганда жанына ошол жерде официант болуп иштеген Айнагүл эже келди. Экөө жакшы сүйлөшүшчү, кээде Алтын ага сырларын да айтып калчу.

– Ай, Алтын, үйлөнүп албайсыңбы. Канча жылдан бери аялыңдан алыста жүрөсүң. Ие, ботом, сага деле аялдын мээрими, камкордугу керек да. Анын үстүнө жакынкы жылдары Москвадан кетпейм деп жатпайсыңбы,- деди сөз арасында Айнаш. Москвадан да үйлөнүп алууну Алтын өзү деле көптөн бери ойлонуп жүргөн. Ага бул сунуш жага бербей калды.

– Ой, Айнаш эже, мен деле ошентип ойлоп жүрөм. Бирок эми үйлөнүүгө кыз таба калуу деле оңой эмес экен да.

– Мен таап берем. Тиги кызды көрдүңбү, сулуу бекен?- хиджаб кийген жапжаш, супсулуу кызды көрсөттү Айнаш. Кыз тыпылдап ашканада бирде картошка аарчып, бирде идиш жууй калып жумуш кылып жүрөт.

– Ооба, татынакай го, бирок аныңыз мени карабайт го, жаш турбайбы.

– Ал жагын мага кой, сен болгону жактыбы, ошону айт. Бирок көргөнүңдөй ал кыз динди карманган кыз. Ага шарияттын негизинде үйлөнүшүң керек болот.

– Көндүрүп берсеңиз сүйлөшүп көрөм. Келишип калсак, эмне талап кылынса ошону кылам да.

– Макул, анда эртең да кел.

Айнаш эжеси адатынча тамашалап жатат деп ойлогон Алтын. Бирок ушундай жаш кызга үйлөнүп калышы мүмкүн экенин эстегенде жүрөгү дүкүлдөп кетип жатты.

Эртеси да келди. Айнаш эжеси чуркап келип эле:

– Кыз даяр. Калганын өзүңөр сүйлөшүп аласыңар,- деп телефон номер жазылган кагазды узатты.

– Кандайча? Чын элеби? А сиз аны кантип көндүрдүңүз?

– Бактыгүл бир аз кыйналып жашаган үй-бүлөнүн кызы. Бул жактан тапкан акчасы деле өзүнө жетпейт. Анан өткөндө сүйлөшүп калып, “мени бага алган күйөө чыкса тийип кетсем жакшы болмок” дегенин угуп калгам. Кызга боорум ооруду, жакшы кыз. Бир чети сени да ойлодум. Бөтөн жерде жалгыз жашаган деле оор да. Жок дегенде кобурашып отурганга жубайың болсо жакшы эмеспи. Эми Кыргызстандагы жубайыңды ташта дебейм...

– Түшүндүм, эже.

– Ага деле сен жагат экенсиң.

“Сен жагат экенсиң” деген сөз Алтынды ыңгайсыздантты, бети кызара түштү.

Эртеси таза кийимин кийип, сакалын алып Алтын жолугушууга жөнөдү. Кафеге кирип кыз отурган столго келди.

– Кандайсың? Менин атым Алтын.

– Саламатсызбы? Билем. Мен Бактыгүл,- деп акырын жылмайып койду башын жерге салган кыз.

Сүйлөшүп, тамактанып отурушкан экөө баш кошуу темасын да козгошту.

– Бактыгүл, мен жашырбайм, Кыргызстанда үй-бүлөм бар. Айнаш эже бул тууралуу да айтса керек. Бирок сага үйлөнүп калсам, сени таштап кетпейм. Балалуу да болгум келет, мунун баарын аялыма кийин өзүм түшүндүрүп алам.

– Ооба, Айнаш эже айткан, мен макулмун. Бирок кыз-жигит болуп көпкө сүйлөшүп жүргөнүбүз туура эмес, билесиз да.

– Ооба-ооба, сен макул болсоң анда мен деле макулмун. Анда көпкө созбой эле нике кыйдыра берели. 2 күндөн кийин кыйдырсак, кандай дейсиң?

– Макул.

Алтын чындыгында үйлөнүп алайын деп көпкө кыз издеген. Жаш, татынакай, назик кыз жанында отурса, ал ага турмушка чыгууга макул болуп жатса, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келген жок. Анын үстүнө кыздын мындай аракетине жетишпеген жашоодон кыйналып кеткендиги себеп деп болжоп койду. 2 күндөн кийин чын эле нике кыйдырышты. Баары ушундай бат болуп кетти.

– Исламда үйлөнүп жатканда аялга махр (үйлөнүп жатканда аялга берилүүчү мүлк) беришиңиз керек болот,- деди молдо Алтынды карап.

– Ооба, берем. Бактыгүл эмнени кааласа ошону алып берем же акчалай деле берем.

– Бактыгүл, сиз эмнени каалайсыз?

– 10 миң сом акча,- деди көпкө ойлонуп үнүн акырын чыгарып сүйлөгөн Бактыгүл.

– Макул, азыр үйгө барганда эле берем.

Экөө нике кыйдырып алып Алтындын үйүнө барышты. Алтын жалгыз жашачу. Экөө сүйлөшуп отуруп чай ичишти да, уктоочу бөлмөгө кирип кетишти...

Күүгүм кирип калган эле. Ашканада ары-бери басып жай ала албай жүргөн Бактыгүл баягыдан өзгөрө түшкөнсүдү.

– Махрды качан бересиз?- деди ал бир маалда.

– Берем да шашпай, бир жерге качып кетмек белем, эми дайым жаныңдамын го.

– Жок, азыр бериңиз.

– Эмне болуп кетти сага?

– Эч нерсе, ал акчаны азыр беришиңиз керек.

– Азыр деле берем, сага эмнеге мынча керек болду? Баарын уялбай мага айта бер. Мындан ары сенин маселең менин да меселем. Чогуу чечебиз.

– Менин маселем сизди кызыктырбасын. Мага акчаны бериңиз, болду.

– Акча элеби, ме,- деп жини келген Алтын капчыгынан 10 миң сом алып чыгып аялын көздөй ыргытты. Кечээ кафеде, бүгүн молдонун жанында көзүн көтөрүп карабай, үнүн көтөрүп сүйлөбөй отурган кыздын тез эле өзгөрүп кеткенин көрүп Алтын аябай таң калды. Эч нерсе түшүнгөн жок. Болбогон сөздөр сүйлөнүп, уруш ырбап, акыры Бактыгүл эшикти тарс жапкан бойдон үйдөн чыгып кетти. Ошону менен ал бул үйдө 6 саат гана жашады, 6 саат гана Алтындын аялы болгонго жетишти.

– Сенин маселең акча болсо, башынан эле айтпайт белең, баары башкача болот эле. Минтип жамынып алып элди алдагандан көрө кыска кийип алып сойкулук кылганыңда жок дегенде өзүңдү алдабайт элең,- деп сүйлөнгөн бойдон Алтын кала берди.

Бактыгүлдүн болсо бул кезектеги курмандыгы болчу. Ал ушинтип эркектерден акча өндүрүүнү адат кылып алган. Кылы да кыйшайбай, урушууга эптеп себеп таап үйдөн чыгып кеткенине куштарланып алып кайрадан өзү иштеген кафеге барды. Айнаш эжеси болсо аябай таң калды. Ал Бактыгүлдүн мындай “бизнеси” тууралуу билчү эмес. Уккан кулагына ишенбей делдейип отуруп калды. Алтынга мынчалык уят болгону үчүн өзүнөн уялды. Мындан кийин Алтын да бул кафеге каттабай калды. Бактыгүл болсо өз алдынча кийинки курмандыкты издемейге өттү. Анын кылтагына бул ирет курсагын сылаган, өзүн баарынан бийик койгон Курманбек түштү. Ал да кыздын сулуулугуна суктанды. Анан да бат эле колго түшүп калганына таңданып, бир аз күмөн санап турганы менен, өзүн токтото алган жок. Ошол эле схема менен иштемек кыз. Бирок бул ирет дайымкыдай оңой эле өтүп кеткен жок. Курманбек каардуу, жинине тийгенди аябаган адам экен. Бактыгүлдүн акчаны алып кетүү ниети болгонун байкаганда өзүн токтото албай сабап салды.

– Байке, коё бериңизчи,- кыздын жалбарганына караган жок ал.

– Мени алдайын дедиңби сен? Энеңди урайын акмак! Тооктукундай мээң менен мени алдап кача алам деп ойлодуңбу? Эч нерсе бербейм сага!- оозуна келгенди сүйлөп, сөгүнүп-сагынып, былчылдата сабап салды. Кыз ооруканага түштү. Бирок арыз жаза алмак эмес. Анын бул иштерин жакындары, тааныштары билишин каалаган жок.

Бети-башындагы көк аланы карап күзгүнүн алдында турган Бактыгүл бул жолго кантип түшүп калганын эстеди. Көз алдында анын жакыр жашоосу, апасын күндө сабаган атасы, өзүн адам ордуна койбогон үй-бүлөсү турду. Бирок Бактыгүл анын баарын ойлонуп отургусу келген жок. Тагдырым ушундай болсо эмне кылмак элем деди да, ооруканадан чыгып, кайра эле бир кафеге жумушка кирип, көздөрү кайрадан адатынча капчыктуу эркектерди издей баштады...

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
1985lana
2022-01-31 14:23:39
Сооп болуптур баарына! Айнаш эжелер, бироонун куйоосуно, аял издебей, кочукту кысып журсо жакшы болот эле.
+3
Gulina00
2022-01-31 14:57:11
Тооба кылдым ыйманды кыздын озуно берсин.
+1
akmanai
2022-01-31 16:23:37
Эхх супер инфо, улам жаны чыккан сериалынарды умут менен окумай болдум. Баягы баягы; "Уч курбу", " Ботон элдин буудайы", "Айдай", эгиз балдар Аскат менен эгизи жана Бегимайдын суйуусун чагылдыргандай соонун чыгармалар эми чыкпай калды ондонот(((
+1
ludimira
2022-02-04 15:59:46
Чыгарма да
+1
ludimira
2022-02-04 16:01:20
Чыныгы жашоодо талагын бербей 10 Минин и тин чыгарат
+1
Datka7777
2022-02-07 04:33:30
Туура эле кылган! Кыргызстанда катыны жаш кыздарга коз арткандарды андан да жаман кылыш керек
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан