“ЭТЕК КИР 8-9 ЖАШТА КЕЛИП БАШТАСА БОЙ ӨСПӨЙ КАЛАТ”. Гинеколог кеңеш берет

Гезитибиздин 991-санында кичине кыздардын апалары гинекологиялык жактан кандай маселелерге көңүл бурушу керектиги тууралуу маалымат берген элек. Бул ирет ал макаланы улантып, кыздар балагатка жеткен кезде жаралчу маселелер тууралуу сөз козгойбуз. Балдар гинекологу Бактыгүл Абдраманова маалымат берет.

“12-15 ЖАШТАГЫ АЙРЫМ КЫЗДАРДА ЖАТЫНДАН КАН КЕТҮҮ КҮТҮЛӨТ”

– Негизи кыздарда эмчектин, жыныстык органына түктүн чыгып, башкача айтканда, балагатка жетүүнүн белгилери 12-14 жаштан башталат. 10 жашта болсо деле норма болуп эсептелет. Аталган белгилер билингенден кийин этек кир келе баштайт. Андыктан ушул курактарда апасы кызына этек кир деген эмне, келгенде кандай гигиеналык каражаттарды колдонуш керек экендигин айтып, түшүндүрүп бериши керек. Айрымдарда оорутуп келсе, кээ бирлериники оорутпай келет. Бул тукум куучулуктан жана кыздын организминин өзгөчөлүгүнөн болот. Апасы кызынын этек кири келип баштагандан кийин балдар гинекологуна алып барса, ал кызга этек кирдин календарын пайдалануу боюнча түшүндүрмө берет. Кыз календарга этек кири кайсы күндөн келип баштады, качан токтоду, 1 күндө канча гигиеналык каражат колдонду, белгилеп турушу шарт. Этек кир негизи 3-4 күн же 7 күнгө чейин келиши мүмкүн. Ошол календарга карап гинеколог, апасы кыздын этек кири канча күн келерин биле алат.

Айрым кыздарда этек кири калыптагыдай келип жүрүп эле кайсы бир айда, же бир нече айда жатындан кан кетүү күтүлөт. Мунун белгиси – этек кир 2-3 апта же 1 ай бою тынбай келет. Мунун зыяны эмнеде? Кыздын канынын курамында гемоглобиндин өлчөмү азаят, мисалы, 60ка чейин түшүп кетет. Ушундан улам кыз шалдырайт, бат чарчайт, тамакка табити жоголот, окуудан артта кала баштайт, эс-тутум менен ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Мындай жатындан кан кетүүнүн себеби – кыздын организминдеги гипоталам-гипофизиардык системдин жетилбегендиги, алар иштеп чыгара турган гормондордун тартыштыгы. Кан кетип жатса апасы кызын кечиктирбей балдар гинекологуна алып барышы керек. Ал 6 айга чейин ичиле турган гормоналдык, аны менен кошо гемоглобинди көбөйтө турган дары-дармекти жазып берет. Кыз врачтын көзөмөлүндө болуп турат. Жатындан кан кетүү – ювенилдик кан кетүү деп аталат. Андыктан кыздар этек кир календарын колдонууну сөзсүз билүүлөрү шарт.

Негизи апалар кыздарына этек кир келип баштагандан тартып кокус жыныстык катнаш болуп кетсе бойдо болуп калышы мүмкүн экендигин да айтып, ага жол бербөө керектигин түшүндүрүүсү керек.

Этек кир 12-15 жаштарда келгени менен, бирде келип, бирде келбей баштаган учурлар болот. Бул да гипоталам-гипофизиардык системдин али жетилбегендиги. Бул норма, аталган систем жетилиши үчүн 2 жыл убакыт бар. Эгер 2 жылдан кийин да ушундай боло берсе, гормоналдык бузулуу болуп эсептелет. Анда гинеколог гормондорго анализ тапшыртып, ошого жараша дары жазып берет.

“ЭТЕК КИРДИН ЭРТЕ КЕЛИШИНЕ ГОРМОНАЛДЫК БУЗУЛУУЛАР СЕБЕП”

– Чанда болсо да кээ бир кыздар 8-9 жашында эле жетилип, этек кири келип баштайт. Буга кыздын организминдеги гормоналдык бузулуулардын болушу себеп. Мындай кезде апасы кызын гинеколог менен эндокринологго текшертүүсү, гормондорго анализдерин тапшыртуусу зарыл. Минтип эрте жетилүүнүн терс жагы – кыздын бою ошо бойдон өспөй токтоп кала тургандыгы. Гинеколог менен эндокринолог кызды каттоого коюп, байкоого алат. Кыз убак-убагы менен гормоналдык анализдерди тапшырып турат. Бирок кийин кыз турмушка чыгып, төрөп, эне боло алат. Кокус байкоолордо башка бир дагы өзгөрүүлөр болуп кетсе врач ошого жараша дарылоо жүргүзөт.

Өтө сейрек болсо да этек кири 8 жаштан да эрте келип калгандар болот. Гинеколог менен эндокринолог текшерүүлөрдөн өткөргөн соң кыздын бою оспөй калбашы үчүн гормоналдык дарыларды берип, этек кирдин келишин токтотот.

"ЭТЕК КИРДИН КЕЛБЕШИНИН СЕБЕПТЕРИ"

– 17-19га чыкса деле айрым кыздардын этек кири таптакыр келе элек болот. Мунун бир нече себептери бар.

Биринчиси – кыздын кыздык чел кабыгы туюк жаралып калса, этек кирде кан чыга албай калат. Мындай учурларда гинекологдорго хирургдар жардамга келет, алар кыздык чел кабыктан кан агып чыга тургандай кылып майда тиликтерди жасап коюшат.

Экинчиси – тубаса патологиялардан улам болот. Мисалы, кыз жатыны же эн бездери жок туулуп калышы мүмкүн. Жатыны жок болгону менен, энелик бези барлар жыныстык жактан жетилет, эмчек, түктөрү чыгат. Болгону турмушка чыккандан кийин төрөй албайт. Бирок карын эненин (суррогатная мать) кызматы аркылуу балалуу боло алышат.

Эгер кыздын энелик бездери жок, бирок жатыны бар болуп туулуп калса, анда эмчеги, түктөрү чыкпайт. Анткени эмчек, түктүн чыгышын шарттоочу эстроген гормонун иштеп чыгара турган эн бездери жок. Кийин жыныстык жашоо менен жашай берет, болгону курамында эстроген гормону бар дарыны 45-48 жашына чейин, башкача айтканда, климакстык курактын башталышына чейин ичет. Гормон дарыны ичкенден кийин гана этек кири келет, эмчеги чыгат. Булар өмүр бою гинекологдун байкоосунда болуп, 6 ай сайын текшерилет.

Эгер “гормоналдык дары ичпейм, этек кирдин келишинин кереги жок” десе климакстыкындай белгилер күтүлөт. Жашоо сапаты төмөндөйт. Жапжаш туруп мындай жашоону эч бир кыз каалабаса керек. Андыктан дарыны ичүү зарылдыгы бар.

“ЭН БЕЗИНДЕГИ КИСТАНЫ ОПЕРАЦИЯ МЕНЕН АЛДЫРУУГА БОЛБОЙТ!”

– Кыздар сууктан улам эн безин сезгентип алса, эн безинде барсылдак (киста) пайда болушу мүмкүн. Өлчөмү кичине болсо билинбейт, аябай чоңоюп кеткенде оорутуу башталат. Ич ооруйт, жыныстык кындан суюктук келиши ыктымал. Гинеколог мындайда кызды УЗИден текшертип, барсылдактын өлчөмү аябай чоң болсо анын сорулуп кетишин шарттоочу дарыларды жазып берет. Дарылоодон кийин 2-3 ай кыз гинекологдо байкоодо болот. Барсылдактан арылуу үчүн операция жасатуунун кереги жок. Айрым аймактарда хирургдар операция жасап салышат. Бул туура эмес. Операциядан кийин жатын түтүкчөлөрү жабышып калып, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2022-01-31 12:54:14
Кызын мнтбул темада суйлошуу ынгайсызго бирок чоноюп калды елестетип алып ичим башкача Боло тушту
0
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан