Токтобек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КӨШӨРҮП ШААРГА КЕТИП КАЛБАГАНЫМДА ЫРЧЫ ЭМЕС, ЧАБАН БОЛМОКМУН”

Каарманым менен маектешүү үчүн Калый Молдобасанов атындагы Улуттук конcерваторияга бардым. Студенттерден сынак алып жаткан учуру экен. Сынак бүтүп, студенттер тегеректеп сүрөткө түшүп жатышты. Ал – бир учурда “Боздотуп койсоң ат башын болоюн сенин Боогачың” деп сыздап ырдап эл оозуна алынган ырчы, учурда шакирттерди тарбиялап устат болгон чыгармачылыктагы көрүнүктүү инсан Токтобек Асаналиев. Ырчы менен бул даражага кантип жеткени, атактуулукка карай сапары тууралуу кеп кылдык.

“КОМУЗДУ КИЧИНЕКЕЙИМДЕН ЭЛЕ ҮЙРӨНДҮМ”

– Мен жайлоодо төрөлдүм. Төрөлгөндө эле бир тишим бар экен. Мен төрөлгөндө желеден бир карагер бээ ургаачы кулун тууптур. Кулундун желини бар экен. Чоң энем ырымдап кулунду саадырса бир аз сүт чыгыптыр. Ошону менен мени оозандырып, ушул бала менен ырыскылаш болгула деп жайлоодогу кичинекей балдарга ооз тийгизип жышаналаган экен. Ыраматылык Зияда деген чоң энем өзү сөзмөр, кат-сабаты жоюлбаса дагы улуу акындардын ырларын жатка айтчу. Үйдө улуусу агам, андан кийин төрт кыздан кийин мен төрөлдүм. Дордошум деп мени эркелетишип Ай да, Күн да болуп жүрдүм. Атам кой кайтарып чарчап келгенде карындаштарым менен концерт коюп, ырдап берчүбүз. Комузду кичинекейимден эле үйрөндүм. Чоң энем арчанынбы, карагайдынбы, комузга окшош дүмүрүн таап алыптыр. Байкуш киши ошону эринбей бычак менен жонуп отуруп комузга окшотуп жасап, ага атамдын комузунун эски кылын тагып мага берди. Ал киши көрөгөч экен. Ал комуздун кайда жоголгонун кичинекейимде билбей калдым. Азыр эстесем жүрөгүм зыркырап кетет. Эки бетим кесилген, эки тизеси жыртылып калган шым кийип алып, “кана, Дордошум” дешсе эле комузумду кылдыратып ырдап-бийлеп калган бала экенмин.

Атам Нааматбек Асаналиев комуз чертчү, апам Жумабүбү Осмонова экөө тең жакшы ырдачу. 5-6 жашымдан эле атам үйдөн комуз карматып, ырдатчу. Ушулар таасир этип кийин мектепте деле адабий, музыкалык кароо-сынактарга активдүү катышып, керек болсо, жаңы чыккан ырларды жаттап мугалимдерге ырдап берчүмүн. Музыкадан сабак берген агайым ошол ырды чертип кайра жалпы окуучуларга жаттатчу. Мектепте музыка, адабият, тарых сабактарын сүйүп окудум.

Атамдын чоң өрүк комузу бар болчу. Комузду Чалагыз Иманкулов деген аксакал чапкан деп айтып калышчу. Атам ошону аздектеп чертчү, мен дагы ошол комузду чертип үйрөндүм. Атам өзү 4 бир тууган болгон, эки агасы дагы комуз чертип үн салышчу. Профессионал ырчы болбосо дагы, өз чөйрөлөрүндө жакшы ырдашчу. Ал эми чабандардын жыйыны атамсыз өтчү эмес. Атам дайыма комузун көтөрө кетчү. Ата-энеме ыраазычылык билдирем.

“АТАМ ОКУУГА ӨТӨ АЛСАҢ ОКУЙСУҢ, БОЛБОСО КЕЛИП МАЛ БАГАСЫҢ ДЕДИ”

– Илгери элде ата кесибин аркалаш керек деген сөз бар болчу. Чабандын уулу чабан болот деп мектепти бүткөндө окууга тапшырарым арсар болчу. Атам деле “сен малга жакынсың, мал багасың, заман бул болсо, окууну эмне кыласың?” деп урушуп боз үйүмдү, ала турган аялымды, бир короо койду камдап коюшкан. Бирок мен мектепте окуп жүргөндө “Кыргызстан маданияты” деген гезиттин бир бурчунан “филармонияда 2 жылдык студияга окууга кабыл алабыз” деген жарыяны айрып алгам. Үйдөгүлөргө айтпай гезитте талап кылынган документтерди топтодум. Кыркында иштеп, андан алган акчаны катып койгом. Бир күнү бир досума “мени эптеп райондун борборуна жеткирип кой” деп сүйлөшүп, эртең менен эрте туруп чыгып бара жатсам атам эшиктин алдында туруптур. “Эй, каякка?” деди. Мен башымды жерге салып “ата, мен окууга тапшырып келейин” деп көзүмдү жашылдантсам, “босогону аттап кеттиң, үйдүн ичинде болгондо сыртка чыгарбайт элем, эми каякка барасың?” деди. “Филармониянын алдында 2 жылдык студия бар экен, ошол жакка тапшырып ырчы болом” десем, “тарыхка же адабиятка тапшыр, ошол жактан баланчаны тааныйм” деди. “Жок, мен ырчы болом” дедим. Болбосо ырга мени өзү шыктандырган. Чөнтөгүнөн акча алып чыгып берип “сен чоң жигит болдуң, мен сага жардам бербейм, окууга өзүң өтө алсаң окуйсуң, өтпөсөң келип мал багасың” деди.

“АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТТИК ГАСТРОЛУМ АКШда БОЛДУ”

– Бишкекке келип, филармониядан телевизордон гана көрүп жүрчү белгилүү инсандарды көргөндө ого бетер шыктандым. Экзамен учурунда тың кийинген бир аксакал келди. "Асек Жумабаев жүрөт" деп эле күбүр-шыбыр болуп калды. Абитуриенттер турган жерге келип эле “мен киммин?” деди. Оозума Кудай сала бергендей эле "Асек Жумабаевсиз" десем, “сен менден окуйсуң” деп койду. Ошентип филармонияда элдик ырдоо бөлүмүндө окуп калдым. Бир жылдан кийин ал киши пенсияга чыгып кетти. 2 жылдык студияны да бүттүм. Менден эч нерсе чыккан жок.

Бир күнү Элмирбек Иманалиев экөөбүз келе жатсак, Улукмырза Полотов алдыбыздан чыгып калды. Мурун “сизден окуйлу” десек “убакыт жок” деп койчу. “Ии, балдар, бүттүңөрбү окууну?” деди. Элмирбек сөзгө кыйын болчу, сүйлөшүп калды. “Токтобек, сен эмне болдуң?” деди. “Агай, мен Ат-Башыдан келген боюнча эле кетип жатам” десем, агайдын жүрөгү ооруп кетти көрүнөт. “Быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде сабак бергени жатам. Сен ошол жакка барып тапшыр, мен сага ошол жактан сабак берейин” деди. Ошентип ал жакта окуп калдым.

4-курста ырчыларга кошулуп АКШга кеттим, алгачкы концерттик гастролум АКШда болду. Бир айдай ар кайсы штаттарын кыдырдык. Келсем, окуудан четтетип коюшуптур. Консерваторияга Муратбек Бегалиевге барып айтсам эле “бул жакка которулуп кел” деди. Которулуп келип, кайра 2-курска отуруп калдым. Ошентип өнөр жолунда 10 жыл билим алдым. Бул жакты бүтүп жаткан кезде Астанадан “Шабыт” деген фестивалдан Гран-прини жеңип алдым, мени мугалим кылып алып калышты. Андан бери 15 жылдын жүзү болду, өзүмдүн шакирттерим чыга баштады. Ырчылык өнөрдүн арты менен көптөгөн эл аралык сынактарга катыштым, көптөгөн мамлекеттерге бардым.

“ФИЛАРМОНИЯНЫН САХНАСЫНДА ЫРДЫ 3-КУПЛЕТТЕН БАШТАП ЫРДАГАМ”

– Чоң сахнага филармонияда окуп жүргөндө “Жылкычынын ырын” ырдап чыктым. Чыккыча эле сүрдөп жатканбыз. Анча элдин алдына чыгып көрбөгөн жаным жер тиктеп комузду чертип келип эле, ырдын биринчи куплетин эстей албай койсом болобу?! Үчүнчү куплетинен баштап ырдадым. Анан экинчисин, эптеп биринчисин эстедим, ошентип аркасынан алдыны карай ырдагам. Мугалимдер “апей, сен жаман оригиналсың го, эл башынан баштаса, сен аягынан баштайсың го” дешти.

“ЭЛ МЕНИ БООГАЧЫ ДЕП ТААНЫДЫ”

– Ар бир чыгармачыл инсандын багын бир чыгарма ачып, визиттик карточкасы болуп калат. Мен үчүн обону Калмурат Рыскуловго, сөзү Акбар Рыскуловго таандык “Боогачың сенин болоюн” деген ыр акжолтой ыр болду. Атымды чыгарды, баары мени Боогачы деп таанышты. Азыркыга чейин айрым аксакалдар Боогачы дешсе, улуу инсандын аты жаңырып жатканына сүйүнүп калам. Уулдуу болгондо “ошол инсандай өнөрпоз болсун, өмүрдөн жөн өтпөй тарых бетинде калсын” деп ырымдап атын Боогачы деп койдум. Азыр комуз чертет, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуйт. Чыгармачылыгымдагы жогорку деңгээлде аткарган ырымдын бири “Көчмөндөр ыры”. Ошол ырды укканда өзүм кадимкидей эс алам. Ал ыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимни болуп жаңырса, анткени обону, сөзү, аранжировкасы бүт баары бири-бирине төп келишет. “Боогачың сенин болоюн” махабатты даңазалаган ыр болсо, “Көчмөндөр ыры” кыргыздын рухун-духун көтөрө турган ыр.

“ДОСТОРУМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ЖУМША ДЕП 3 МИҢ ДОЛЛАР ЧОГУЛТУП БЕРИШКЕН”

– Өкүл атам Эрик Төрөбаевди баш кылып досторума “чыгармачылыкка киришип жатам” десем, “алар биз сага демөөрчү болуп берели” дешип, 3 миң доллар чогултуп беришти. Анан “Токтобек, эки сыйра костюм-шым алсаң ал, биз уруксат беребиз, калганын чыгармачылыгыңа гана жумша, жакшы ырларды жаздыр” дешти. Ошондон кийин “Боогачың сенин болоюн”, “Булактагы кездешүү” баш болгон көп ырларды жаздырдым, радиолорго бердим. Эл мени тааный баштады, эки жакка чакыра башташты. Ошол каражат жемиштүү болуп, ырлардын башаты башталып, анан бирин-бири сүйрөп кетти. Ошонун арты менен оокат кылып, үй-жайлуу, мал-жандуу болуп, чыгармачылыктан өз ордумду таап отурам. Кийин баарына ыраазычылык айттым.

“МЕН ТОКТОЛУП КАЛГАН УЧУРДА ПОПУЛЯРДУУ БОЛДУМ”

– Мен 30дан ашып калган кезде популярдуу болдум. Ал учурда токтолуп калган элем. Жаш, көөп турган кезим болсо, балким, атактуу болууну башкача кабыл алмакмын. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен учурда эле орто жашка кошулуп калдым, орто жаштагылар менен ырдап турайын десем эле минтип аксакалдардын этеги болуп калдым.

“ИЗДЕНҮҮ ТОКТОГОН КЕЗДЕ ЧЫГАРМАЧЫЛ ДҮЙНӨДӨ СЕН ЖОКСУҢ”

– Кандай ыр чыгарсам, канткенде эл оозунда жүрөм деп чыгармачыл адамдар дайым изденүүдө жүрөт экен. Изденүү токтогон кезде чыгармачыл дүйнөдө сен жоксуң. Азыркы тапта Асанбек Бейшекеев деген агабыздын “Түнкү терезе” деген ырын жаңыртып иштеп чыктым.

Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Орун жок, кафедра башчысына менден окушу керектигин айтып жатып окууга кирген”

– Токтобек филармонияда Анарбек Ибраевден окуп жүргөн маалда менден келип суранып жүрчү. Ал кезде менин убактым болбой жүрдү. Алар окууну бүткөндө жолдон жолугуп калсам, “агай, мен кандай келсем, ошол бойдон айылга кетип жатам” деди. Мен “1-сентябрдан баштап Искусство институтунда сабак бергени жатам, ошол жакка кел” дедим. Сыймык Бейшекеев, Кенже Кубатова, мурунку окуучуларымдын баары аркамдан келип алышты. Токтобек келгенде орун толуп калыптыр. Кафедра башчысына кирип менден окушу керектигин айтып жатып окууга кирип, менде окуп калды. Токтобектин тилинде дефект бар болчу. Анарбек “муну Москвага жөнөтүш керек, ошол жактан операция жасатса, анан жакшы ырдап калышы мүмкүн” деп айтты. Кийин менде окуп, тили дээрлик таза болуп калды. Педагог деген үндү дагы калыптандырыш керек. “Сен эми Москвага барып операция жасатпай-этпей эле тилиң сонун болуп калды” деп тамашалагам.

Казакстанда сынакка катышып, 3 жолу лауреат болду. Эми мени менен чогуу консерваторияда сабак берип жатат. “Устаттан шакирт өтүптүр” деген кеп бар эмеспи, азыр өзүнүн окуучулары бар, абдан туура жолдо бара жатат. Токтобек менен сыймыктанам деп айтсам болот.

Илим Калмуратов, актёр: “Токтобекти команданын тың чыкмасы деп койчубуз”

– Токтобек экөөбүз филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда чогуу окуп, жакын болуп калдык. Эки бети кызыл, кең далылуу, арык чырай, тебетейин башынан түшүрбөгөн, шалман бала болчу. Эч тарт ынчу эмес, биздин команданын тың чыкмасы деп тамашалап койчубуз. Элмирбек Иманалиев, Элмира Кайып кызы, Мунарбек Чобиев, Кенже Кубатовалар болуп чогуу окуганбыз. Токтобектин үнү бийик, жакшы ырдачу, ошол кезде эле элдик ырларга жакын болчу. Союз тарагандан кийин бир күнү ач, бир күнү ток укмуш эле күндөр өткөн. “Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт” деген бар го. Ошол кезде бөлкө нан, сууну хан тамак деп койчубуз, чогулуп бактын түбүнө отуруп алып жечүбүз. Ынтымактуу, бири-бирибизге карамдуу элек. Кийин Искусство институтунда окуп жүргөндө Токтобек кээде тойлорго ырдап чыгып калчу. Ал жактан баштык салып берчү, аны күтөбүз, алып келгенин чогуу жейбиз. Ошондо эле Токтобек “ким элек, эми ким болдук?” деп калчу. Азыр дагы “ким элек, эми ким болдук?” деп күлүп калабыз.

Айнагүл Асаналиева, ырчынын эжеси: “Беттегенин бербей тырмышып жүрүп ырчы болду”

– Токтобек кичинекей кезинен эле кызыгып комуздун кулагын тиштеп калчу. Кийинчерээк атамдан комуз талашып калды. Чоң энем жыгачтан комуз жасап берип, атам үйгө конок келсе эл алдында ырдатып, анын ырчы болушуна чоң түрткү берди. Ата-энебиздин каршылыгына карабай көшөрүп жатып окууга тапшырды, өтпөй калса экен деп жатышса тырышып өтүп кетти. Эркинин бекем экенине таң калам, Союз тарап ачка-ток жүргөн мезгилде “кой, айылга барып кой багайын” деп баарын таштап кетип калса болмок да. Ал кыйналганына деле кайыл болду. Беттегенин бербей тырмышып жүрүп ырчы болду. Эми жаман эмес, эмгегинин үзүрүн көрүп жатат, элдин уулу болду, көптөгөн ийгиликке жетти. Азыр баарыбыз Током менен сыймыктанабыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jaka1978
2022-02-01 10:08:00
Өркүнүң өссүн
+1
nur85
2022-02-01 15:23:58
Аябай сонун кубулжуган үндүү таланттуу ырчы
+1
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан