ГУАНЧЖОУДОН 5 МЕДАЛЬ

Ошентип, Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндары да өз сапарын карытты. 30-ноябрда Гуанчжоудо өлкөбүздүн намысын коргогон спортчуларыбыз бир күн кечигүү менен кайтып келишти. Аларды “Манас” аба майданынан спорт жетекчилери, спорт күйөрмандары жана журналисттер тосуп алдык.

ЖҮРӨК БОЛКУЛДАГАН МҮНӨТТӨР
Гуанчжоудон 29-ноябрь күнү эртең менен келе турган спортчуларыбыз аба ырайына байланыштуу 30-ноябрь күнү учуп келишти. Андыктан алардын келишин чыдамсыздык менен бир күн күттүк. Акыры келе жатышат дегенде, аэропортко жол тарттык. 30 мүнөттөн соң биз күткөн учак да келип конду. Автобус аэропорттун имаратына жеңүүчүлөрүбүздү алып келип түшүргөндө эл кол чаап тосуп алды.
Анан баарыбыз пресс-конфе­ренция өтүүчү бөлмөгө баш бактык. Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновго чепкен, калпак кийгизилип, медаль ээлери элдин кучагында калышты. Азыр жок дегенде бир үлкөн чиновнигибиз чыга келип куттуктайт го деп күтүп турдук. Бирок эч ким чыкпады.

Алмазбек Касенов:
“КОЙГОН МАКСАТТАРЫБЫЗГА ЖЕТЕ АЛБАДЫК”
Баары жүз көрүшүп бүткөндө чакан маалымат жыйыны башталды. Биринчи болуп Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмазбек Касенов сөз алды. Ал өз сөзүндө баарына ыраазычылык билдирип: “Биз күткөн жыйынтык болбоду. Мындан көп медалдарды алабыз деп ойлодук эле. Ошентсе да куру эмеспиз. 5-6-7-орунду алган оюнчуларыбыз көп болду. Эмнеге аз медаль алганыбызды өзүбүз да териштирип көрөбүз. Башка өлкөлөрдүн спортчуларынын Азия оюндарына болгон даярдыктары өтө жогорку деңгээлде экенин белгилей кетейин”,- деди. Андан сырткары жеңүүчү болгон спортчуларыбызды жалпыга тааныштырып өттү.
Андан соң Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев: “Биздин грек-рим күрөшүнүн балбандары 3 медаль менен 18 команданын ичинен 4-орунга ээ болушту. Алдыга Иран, Казакстан жана Япония өлкөлөрү чыгышты. Бул көрсөткүч биз үчүн чоң жетишкендик болуп саналат”,- деп белгилеп өттү.
Аягында алтын медалдын ээси Данияр Көбөнов сөз алып: “Колдооңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат! Мурдагы Азия оюндарында 2-3-орундарды алдым эле. Бул жолкусунда аракет кылдым. Жеңишимди жалпы кыргыз элиме арнайм”,- деп кыска-нуска сөз айтты.
Ошентип, кыска ­маалымат жый­ыны аяктап, жүздөгөн күйөрман­дардын коштоосунда шаарды көздөй бет алдык.

МЕДАЛЬ АЗ. КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Жаңы эле соңуна чыккан Азия оюндары биздин өлкө үчүн кандай жыйынтыктарды тартуулады? Бул жолку Азия оюндарына биздин көп оюнчуларыбыз барышып, бирок эң аз медаль алып келишти. Мындай көрүнүш спорт тармагына көңүл жетишсиз бурулуп жаткандыгынан болсо керек. Мисалга алсак, суучулдарыбыз машыгуучу 50 метрлик бассейндин оңдоп-түзөө иштери бүтө элек. Анан аларга “медаль утуп кел” деп кантип айтабыз? Жөнөкөй мисал, 3,5 миллион калкы бар Уругвай футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде 4-орунга татып отурат. Биз да спорт саясатын жогору деңгээлде жүргүзсөк, спорт өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошмок.
Ошентсе да 100дөн ашуун спортчубуздун катыша алганы жана 5 медаль алганыбыз кандайдыр бир деңгээлде сыймык. Айта кетчү нерсе, Евгений Ваккер 5 оюнда тең медаль алган талисманыбыз болуп калды десек болот.

КЫТАЙДА 416 МЕДАЛЬ
Оюндардын жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсептеги 5 алдыңкы орунга төмөнкү өлкөлөр жетишти:
1-орунда Кытай – 416 медаль,
2-орунда Корея – 232 медаль,
3-орунда Япония – 216 медаль,
4-орунда Казакстан – 79 медаль жана 5-орунда Иран – 59 медаль. Ал эми Өзбекстан 56 медаль менен 8-орунга татыды. Биздин өлкө 46 мамлекеттин ичинен 5 медаль менен 25-орунга илинди.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА
Гуанчжоудон улам Кыргызстандын мурунку оюндардагы жетишкендигине кайрылып көрүүнү туура таптык.

Хиросима-1994
Бул жолку Азия оюндары кыргыз спортчулары үчүн 5-оюн болуп калды. Анткени 4 жылда бир өтүүчү мелдештерге өлкөбүз 1994-жылдан тарта катышып келет. 1994-жылы оюндар Япониянын Хиросима шаарында өткөн. Ал жерде биздикилер 9 медалга: 4 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан. Алардын арасында күмүш ээлери маркум Раатбек Санатбаев жана Евгений Ваккер бар.

Бангкок-1998
Таиланддын Бангкок шаарында өткөн 13-Азия оюндарынан кыргызстандыктар 6 медаль менен кайтып келишкен (2 күмүш жана 4 коло). Мында да Раатбек Санатбаев 2-орунду ээлеген. Ал эми велоспортчубуз Евгений Ваккер колону жеңген.

Пусан-2002
14-оюндар Түштүк Кореянын Пусан шаарына туш келген. Бул оюндар өлкөбүз үчүн жемиштүү болгон десек болот. Анткени 12 медаль алууга жетишкен (2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло). Өлкөбүз үчүн алгачкы алтындарды жеңил атлетчилер Татьяна Ефименко жана Татьяна Борисовалар алып келишкен. Ал эми Данияр Көбөнов менен Евгений Ваккер күмүш медалдарга ээ болушкан.

Доха-2006
Азиаданын 15-оюндары Катардын Доха шаарында өткөн. Бул мелдеште биздин спортчулар 8 медаль утуп алышкан. Медалдардын экөөсү күмүш, алтоосу коло эле. Бул ирет да Ваккер күмүш медалга жетише алган. Ал эми Көбөнов коло медалды энчилеп келген.

Залкарбек Карабалаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aidar
2010-12-04 01:31:51
molodsi altin Kyrgyzdarym!
0
pyeon hwa
2010-12-04 12:11:00
azamatsynar!! siler menen syimyktanam
0
Varvara
2010-12-04 16:30:54
туура да революциядан кол бошобой журсо анан кайдагы даярдык дагы жакшы 5 медаль алдык ушуга рахмат спорсмендерибизге.
P.S казактар менен озбектер катуу кеткен го
0
Razor
2010-12-09 17:46:33
Молодцы !Я горжусь с вами!
Вперед Кыргызстан !
0
satik
2010-12-09 19:23:08
Аябай кубанычтамын!!! Азаматсынар!!!
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан