KG ЭЛЬМУРАТТЫН АК ӨРГӨӨСҮНӨ САЯКАТ

Бул апта “Үйүндө конокто” рубрикабыздын коногу ырчы KG Эльмурат болду. Келиңиздер, ырчынын үйүнө бирге саякат жасайлы.

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА БИЛЕК ТҮРӨ КИРИШИП ЖАТАМ”

– Эльмурат мырза, бул үйдү качан алдыңыз?

– Бул клуб тибиндеги ынтымак үйү. Үйдү алууну 3 жыл мурун пландагам. Алганыбызга 2 жыл, кирип жашап жатканыбызга бир жылдай болуп калды. 7 ай оңдоп-түзөө ишин жүргүздүк. Эмеректердин баарын жаңы орноттук. Каражат жагынан көпчүлүгү бартердик негизде жасалды. Кудай эч качан колуңа алып келип бербейт, бирөөнү себепкер кылып берет экен. Кайыптан болгон казына дегенге дагы бир жолу ишендим. Пандемия болуп калды, бир тыйын акчам жок эле оңдоп-түзөө ишин устага берип салдым. Эбептен-себеп болуп бүтүп калды. Ал учурда курулуш материалдары да кыйла арзан болчу. Үйдүн оңдоп-түзөө иштерин өтө арзан бүтүрдүм. Мен бүткөндөн кийин баары эки эсе кымбаттады.

– Чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

– Былтыр декабрдын аягында Санкт-Петербург, Москва шаарында концерт берип келдим. Бир айда 8 ыр жаздырып, 3 клип тарттырдым. Клиптеримдин бири Санкт-Петербургда, бири Москвада, бири Бишкекте тартылды. Мурдатан даярдап жүргөн ырлар дагы бар. Башка тармакта иштеп, чыгармачылыгымда тыныгуу болуп калган. Азыр чыгармачылыкка билек түрө киришип жатам. Анан 8 айдан бери бир жигитти ырчылыкка, аранжировка жасоого, деги эле студиянын иштерине таптап жатам.

– Рахмат, үйүңүздөрдө ар дайым жакшылык болсун!

Динара Акимова
Фото: Адилет Бектуров

 Кыстарылган видео 
Ырчы KG Элмурат 4-бөлмөлүү батири менен тааныштырат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
KaGaH
2022-02-08 01:07:14
Россияда концерт койсоңор,орустар да келеби көргөнү?
0
Yahoo
2022-02-10 14:31:11
KaGaH,
Ахаха албетте келбейт.Концерттик залга келип концерт коюп кетет дейсинби))) Кыргыздардын эле кафелерине келип кетишет.
0
Mubarak
2022-02-09 15:42:39
Жакшы на уйу бар екен
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан