"ОКУУЧУНУН УКУГУН КОРГОП, МУГАЛИМДИН УКУГУН ТЕПСЕБЕЙЛИ!"

Жакында Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №1 мектептин тарых мугалими 1 окуучусун сабак учурунда жулкулдатып жатканы тартылган видео интернет желесине тарады. Окуяга карата учурда 2 түрдүү көз караш айтылууда. Бир тарап “билимсиз болуп тагдырдан таяк жегиче, билим берген мугалимден таяк жеген жакшы”, “тентек окуучуну коргопсуңар, мугалимдин укугун ким коргойт?” десе, экинчи тарап “зомбулукту кадимки көрүнүш деп эсептеген коом кооптуу” деп жатат. Окуядан кийин ошол мугалим, 30 жылдык тажрыйбасы бар адис иштен кетти. Окуя боюнча ким кандай пикирде, угуп көрдүк.

“МУГАЛИМГЕ БАСЫМ БОЛГОН ЖОК, ӨЗ ЭРКИ МЕНЕН ИШТЕН КЕТТИ”

Динара Шеркулова, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

– Окуя Лебединовка айылындагы мектеп-гимназияда 21-январь күнү болгон. Мугалим класстан чыгып бараткан окуучулардын “вали, на х**” деп сөккөнүн угуп калат. Ачуусу келип “ким сөктү?” деп сураганда окуучулар унчукпай туруп калышат. Мугалим кайра сурап териштирген окшойт, бирөө “ушул сөктү” деп бир окуучуну көрсөтүп коюптур. Мугалим барып аны жулкулдатып киргенде, аны окуучулар видеого тартып алып интернетке жайып жиберишет. Чынында, мугалим жулкулдаткан окуучу аны сөкпөптүр, башка окуучу сөккөн экен. Сөккөн бала учурда табылып, анын ата-энесине Ички иштер министрлиги айып пул салды.

Окуя болгон күндүн эртеси мектептин этика комиссиясы мугалимге сөгүш жарыялаптыр. 24-январь күнү мектеп администрациясы, ата-энелер, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң жыйын болду. Ал жыйында мугалим ата-энелерден кечирим сурады. Ага чейин сөгүш жарыяланган экен, эч ким аны жумуштан кет деп мажбурлап, басым жасаган эмес. Мугалим жыйындан кийин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын жазыптыр. Бул окуяда мугалимдин да, окуучунун да таламын талашпайм. Менимче, окутуучу окуучуну класста жулкулдатпай, директорго алып кирип жагдайды териштирсе болмок экен. Мындан ары бейтартип, мугалимди укпаган окуучулардын ата-энелерине да чаралар көрүлөт. Ата-эне мугалимге “сен окутушуң керек, тарбия берүү сенин милдетиң!” деп эч качан доомат артпашы керек. Тарбияны ата-эне үйдөн берет, мугалим билим берет. Ата-эне менен мугалим бири-бири менен тыгыз байланышта болсо, эки тарапка тең, окуучуга да жеңил болот. Кээ бир ата-энелер баласын мектепке жиберип коюшат да, ошо менен бардык жоопкерчиликти мугалимге артууну туура көрүшөт. Жалпы ата-энелерге кайрылып кетет элем, окуучулар смартфондоруна алаксып, алардын билим алуу сапаты төмөндөөдө, ошондуктан аларга интернетсиз, байланыш үчүн гана ыңгайлуу кол телефон алып беришсе.

“КҮЧКӨ ЭМЕС, АКЫЛГА ТАЯНГАН КООМ КУРУШУБУЗ КЕРЕК”

Асылбек Жооданбеков, педагог, "Окуу керемет" долбоорунун улуттук машыктыруучусу:

– Коомчулукта агрессиялык көрүнүштөрдүн уланып келе жатканынын башкы себеби – “биз деле ушинтип чоңойгонбуз” деп, бул жагдайды нормалдуу көрүнүш катары кабылдап, кийинки муунга эстафета катары өткөрүп жаткандыгыбызда. Мамлекеттик деңгээлде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө бөгөт коюп, мыйзам жана жарандык позициябыз менен ага каршылык көрсөтүшүбүз зарыл. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин балага жана аялзатына карата көрсөтүлгөн зомбулуктарды кадыресе көрүнүш катары карагандыктан мындай жагдайлар азайбай келет. Айрым ата-энелер менен сүйлөшкөндө “балдарды какыс-кукус кылып турбаса болбойт, антпесе аларга жетпейт, кутуруп кетет” дешет. Ушундай сөздөрдүн коомчулукта басымдуу болгондугунун өзү биздин коомдун оорулуу экендигинен кабар берет.

Балдарды кичинесинен жазалоо, таяктоо бара-бара алардын мээсинде терс өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Мындай адамдар чоңойгондо зомбулуктун ар кыл түрлөрүн, физикалык жактан кысым көрсөтүүнү кадимки көрүнүш катары карап калышат. Психология илиминде кичинесинен таяк жеп, зомбулук көрүп чоңойгон адамдар жалтак, коркок болуп калышат. Андай адамдардын өтүмдүүлүгү жок. Ошол эле мезгилде ага көз каранды болгон адамдарга агрессия көрсөтүшү мүмкүн. Андыктан биздин коом күчкө эмес, акылга таянган коом курам десе агрессиянын, зомбулуктун бардык түрүнө каршы туруусу керек. Кыскасы, балага физикалык, психикалык жактан басым болбошу зарыл.

“МЭЭРИМСИЗ МУУН, ЖООПКЕРЧИЛИКТИ СЕЗБЕГЕН КООМ ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТАТ”

Элнура Кулуева, жарандык активист:

– Окуучу начар окуса, сабактан кийин көчөдө мушташса, сабакка келбей койсо да мугалим күнөөлүү болбош керек. Лебединовкадагы мектепте жумуштан кеткен тарых мугалиминин кесиптештеринин айтымында, ал мыкты окутуучулардын бири. Учурда мугалимди барктоо, ага болгон сый-урматтын жоктугу кейитет. Тарбиясыз, мээримсиз, жоопкерчиликти сезбеген муун өсүп келе жатат. Аталган окуя коомубуздун дагы бир жарасын ачыктады. Азыркы ата-энелердин түшүнүктөрү башкача. Баласы “2” деген баа албаш керек, анткени психикасына доо кетет. Катуу урушпаш керек, кол көтөрбөш керек... Айтор, талаптары көп. Өзүмчүл, бирөөнүн сезимдери менен эсептешпеген, укуктарын билген, бирок жоопкерчиликти сезбеген муун өсүп келе жатат. Мындай балдардын азабын эң биринчи ошол болушчаак ата-энеси тартат. Андыктан баланын укугу тууралуу кыйкыргандар мугалимдин укугу, нукура кыргызга таандык улууга урмат, кичүүгө ызат деген түшүнүктөрдү балдарына үйрөтө жүрсө кийин өздөрүнө жакшы болмокпу дейм. Окуучунун укугун коргоп, мугалимдин укугун тепсебейли!

ЖАЛГЫЗ ПИКЕТЧИ МУГАЛИМДЕРДИ КОЛДОП ЧЫКТЫ

Жогорудагы окуядан кийин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мугалимдердин таламын жактап Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына митингге чыкты. Активистти министр Болотбек Купешов кабыл алып, болуп өткөн окуя тууралуу тынчсыздануусун билдирип, мугалимдердин таламын талашкан социалдык катмар пайда болгону жакшы көрүнүш экенин айтканы белгилүү болду. Ошондой эле министр “Эгер мугалим өз ишинин майын чыгарган адис болсо, андай мугалимди барктап, коргоп алуу абзел. Ал эми мугалим педагогикалык этиканы сактабай, аша чаап кеткен болсо, ага карата административдик чара көрүлүшү кажет. Ошондо баары өз ордуна келет” деп билдирген.

СӨЗ СОҢУНДА...

Болуп өткөн окуяда көпчүлүк мугалимдин таламын талашканы байкалды. Мугалимин сыйлап, анын баркына жеткен коом гана алдыга жылат. Мугалимдик кесипти даңктап, "айлыгы аз" деп жаш муун иштебей мектептен качып жаткан азыркы күндө бар мугалимди колдоп-коштоп, мактап иштете турган жердебиз... Албетте, бул окуучуну себепсиз уруп-чаба берсе болот дегендик эмес. Мыйзамды сыйлап, адепти туу тута жүрсөк болгону.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2022-02-10 20:36:48
Оз конулу менен кеткен кишинин куноосу жок.
-1
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан