Каарманым тасмаларда көбүнчө аракечтердин ролунда. Аракечтин ролун тим эле келиштире аткарат. “Бир жолу “ мага деле хандын ролун бергилечи” десем, “хандар сулуу болот, сага жарашпайт” деп бербей коюшкан” деп күлдүрдү ал. Маектешим – Нарын драма театрынын актёру Канат Мамырканов. Ал буга чейин өзү тууралуу айтып дээрлик маек берген эмес.
– Саламатсызбы, Канат ага? Азыр кайдасыз, эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Мени издеп байланышканыңар үчүн рахмат. Мен азыр Нарын облустук драма театрында иштейм, Нарында жашайм. Башынан айтып берейинчи, мен 1963-жылы Советтер Союзу кезинде Тянь-Шань районунун Куйбышев айылында төрөлгөм. Азыркы Нарын районунун Миң-Булак айылы. Ошол жакта мектепте окугам. Мектепти бүткөндөн кийин 1 жыл “Максат” деген комсомолдук жаштар бригадасында иштедим. 1981-жылы Нарын айыл чарба техникумуна тапшырып, ал жактан мал доктур болуп чыктым. Окууну бүтүп, айылда мал доктур болуп иштедим. 1986-жылы театрга келгем, ошондон бери актёр болуп иштеп жатам.
– Мал доктурлуктан эмне болуп актёрлукка келип калдыңыз?
– Техникумда окуп жүргөндө ырдап райондук, облустук кароо-сынактардан өтүп, Кыргызстандын атынан 7 киши Казакстанга фестивалга барып лауреат болгонбуз. Ошентип ырдап жүргөнүмдү театрдагы режиссёр билчү да. “Сен театрда артист болуп иштебейсиңби” деп калчу. “Менден кантип артист чыкмак эле?” деп болбой койчумун. Анан бир күнү башкарма менен урушуп кетип жумуштан кетип калдым. Өз кесибим менен такыр жумуш таппай койдум. Нарын шаарына келип көчөдө баратсам, театрдын эшигинин алдында Күмөндөр Абылов, Табылды Актанов, Кенжегул Мендебаиров жана башка залкарлар турушуптур. Жанына басып барып сүйлөшүп туруп калдым. Табылды Актанов жердешим да, “эмне кылып жүрөсүң?” деп калды. Жумуш издеп жүргөнүмдү айтсам, “бизге иштебейсиңби” деди. “Мени алмак беле?” десем эле, мени көркөм жетекчи Алмаз Сарлыкбековго алып кирди. Ал “сен бизге керексиң, сенден бир нерсе чыгат” деп артист кылып жумушка алды. Ал кезде артист дечүбүз, актёр деген жок болчу. Анан эле Таласка 1 айга гастролго барып келдик. Көрсө, ал стажировка болуптур да.
Келгенден кийин жумушка бекитип, айлыгымды коюп берди. Айылда иштеп жүргөндө 56 сом айлык алсам, бул жактан 120 сом айлык коюп беришти. Шумдук акча таап, укмуш болуп калбадымбы. Ал кезде 3 балалуу болуп калгам. Азыр 4 кыз, 2 эркек балам, 14 неберем бар. Кичүү кызым 10-класста окуйт. 5 куда-сөөгүм бар. Жубайым Жан-Булак деген айылдын кызы. Чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 40 жылдай болуп калды.
– Көбүнчө тасмада аракечтердин ролун ойнойсуз...
– Өзүм турмушумда арак ичпейм, ичип көргөн эмесмин. Кебетем ошого окшош экен. Ичпегенде ушундаймын, ичсем андан бетер селсаяк болуп калам го (күлүп). Аракечтердин ролуна чакыра беришет. Садык Шер-Нияз “Курманжан датканы” тартып жатканда “мага деле хандын, байдын ролун берчи, ойноп көрөйүн, аракеч, тормоз болуп жүрө беремби?” деп баргам. Ал “аракеч хандар болбойт. Илгери аракечтер болгон эмес. Хандар сулуу болот, сага жарашпайт” деп бербей койгон (күлүп).
– Ушул образ жармашып алды деп капа болбойсузбу?
– Жок, тескерисинче, сыймыктанам. Мындай ролду чанда киши ойнойт экен. Көп режиссёрлор ошентип айтышат. Орустардан Вицин, Никулин ойночу. Кыргыздын Вицин, Никулинисиң деп калышат. Дагы деле аракечтин ролуна сунуштар түшүп жатат (күлүп).
Баш-аягы тасмада 30 чакты роль жараттым. Жакшы каармандын ролдору саналуу эле, ашып кетсе, 5-6 болсо керек. Калганы бүт эле аракеч, айласы кеткен каармандар.
– “Акыркы сабакта” да аракечтин ролун аткардыңыз...
– Ооба, Руслан Акун “Көк бөрү” киносун тартып жатканда мен да Ысык-Көлдө болуп калып, “учурашып коёюнчу” деп кирип калдым. Руслан “сизди издеп жүргөм” деп баса калып эпизоддук ролго тартты. Кийин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 500 сомдук банкнот тууралуу тартылган роликке Саякбай манасчынын ролун аткаруу үчүн чакырган. Ошондон улам жактырып калып, бул сериалга да чакырды.
– Эң алгач “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын” тасмаларына тартылдыңыз да?
– Ооба. Бишкекте фестиваль болгон. "Курманжан датка" спектаклинде Курманжандын өгөй баласы Жаркынбайдын ролун ойноп жаткам. Репетиция кылып жатып эле гримди өчүрбөй түшкү тамактанууга чыгып кеткем. Тамак ичип жатсам эле бирөө келип маңдайымдан, капталымдан сүрөткө тартып калды. Анан “эмне, биздин шаарды уят кылып жатышат деп чыгарганы жатасыңбы? Тартпа” деп урушуп кеттим. Тиги киши мени тартып алып “кино үчүн тартып жатам” деп коюп кетип калды. Ал кезде киного тартылам деген ой 3 уктасам түшүмө кирчү эмес. Бир күнү эле үйдө жатсам чалып чакырышты. Барсам залкардын баары жүрөт. Оозумду ачып ары-бери карайм, кантип ойношот болду экен деп аңдып коём. Бир маалда шүмүрөйгөн кийим кийгизип бизди кырга алып барып тартышты. Тарткандан кийин Эрнест Абдыжапаров “маанайың жакшы элеби?” дейт. “Жакшы эле” десем, “7 жолу ыйладың” дейт. “Ыйла десең ыйлайм да” десем, “биз пипеткага глицеринди куюп алып көзүңдүн жашын шолоктотуп агызалы десек эле сеники өзү эле шолоктоп агып берди” деп күлөт. “Жакшы болду, кийин көрөсүң” деп койду.
– Купулуңузга толбой калган ролдор болдубу?
– “Атаңгөрү, ай, мындай кылсам болмок экен” деген болот. Бирок эмнегедир ошол роль элге жагып калат. Бүгүнкү күнгө чейин ойногон ролдорума курсагым тоё элек. Тойбойт экен актёр. Аябай майын чыгарып эзилип аткарган ролум боло элек. Ошентип ойносом деген оюм бар.
– Сизди тасмадагы каармандарыңыз аркылуу гана тааныйбыз да. Жашоодо кандай адамсыз?
– Мүнөзүм жумшак эле, аракеч киши жумшак болот да (күлүп). Бой көтөргөндү жаман көрөм. Бир роль ойноп жылдыз боло калгандар бар го, андай болгум келбейт.
– Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова