Тынысхан, Элен, ырчылар: “КАВЕР ЫРДОО – БИЗ СҮЙҮП КАЛГАН БАГЫТ”

Тынысхан жана Элен дегенде керемет табияттын фонунда обон созгон жубайлар көзгө тартылат. Бул ырчы жубайлар кавер аткарып элге таанылды. Бирок өздөрү жаздырган, өздөрүнүн калемине таандык да ырлары бар. Чыгармачыл жубайлар менен кенен тааныштыралы дедик.

Аты-жөнү Элен Муканова

Туулган жылы, күнү1995-жыл, 7-январь

Туулган жериНарын шаары

БилимиКыргызстан эл аралык университетинин экономика факультетин бүтүргөн

Аты-жөнү Тынысхан Камчыбек уулу

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 4-декабрь

Туулган жери Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билими Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн

– Саламатсыздарбы, куш келипсиздер! Алгач өзүңүздөр тууралуу айтып берсеңиздер.

Тынысхан: – Рахмат, саламатсыздарбы? Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болом. 2-классымдан тартып Бишкектеги №66 мектепте окугам. Андан соң техникумга тапшырып, аны менен чогуу "Туңгуч" театрынын алдындагы актёрдук чеберчилик курсунда окугам. 2-3 жылдай кыргыз циркинде иштедим. Биз Ак-Талаада жашап жүргөндө ата-энем райондук маданият үйүндө иштечү. Атам Камчыбек Мамбеталиев 1990-жылдары “Тоо шаңы” аттуу ансамбль менен Жапон мамлекетинде Кыргызстандын желегин желбиретип келишкен. Атам обонун, апам сөзүн жазган ырлар бар, буюрса, ал ырларды иштеп чыгып элге тартуулайбыз. Ата-энем азыр чыгармачылыкта эмес, башка тармакта эмгектенишет.

Элен: – Мен таенемдин колунда өскөм. Ал кишини апа дейм. Мени ушул эрезеге ошол апам жеткирди. 8-класска чейин Нарын шаарында окугам. 11-классты Новосибирск шаарынан бүткөм. Ал жактан келип Кыргызстан эл аралык университетине тапшыргам.

– Экөөңөрдү эмне табыштырды?

Т.: – Биз 7 жыл сүйлөшкөнбүз, мен "Туңгуч" театрында окуп жүргөндө “Бишкек жазы” деген фестиваль болуп, Элен менен ошого даярданып жатканда көрүшкөнбүз. Анда мени тоготпой койгон. Кийин кафелерде ырдап калдым. Элен "сиз менен ырдап турайын" деп келип калды, ошентип жүрүп эле мени “чаап” алды (күлүп).

– Элен, эми сиздин вариантты укпайлыбы?

Э.: – Негизи ырчы болоюн деген деле оюм жок болчу. Бирок студент кезде маданий иш-чараларга көп катышчумун. Тынысханды "Туңгуч" театрынан көрүп жүрчүмүн, бирок маани деле берчү эмесмин. Канат Култаевдин шоу-бизнес мектебин бүткөндөн кийин өзүмчө ырчылыкка каалоом күчөп бир ырга аранжировка жаздырып көрөйүн деп калдым. Курбу кызым “Тынысхан деген байке арзаныраак жазып жатыптыр” деп калды. Мен “кандайсыз, ыр жазат турбайсызбы, мага дагы жаздырып бербейсизби” деп, текстин өзүм жазып жөнөтүп жибергем. Ошону обонго салып аранжировкасын жасап берген. Бирок мага жаккан деле эмес. Анан “сиз кафеде иштейт турбайсызбы, үнүмдү таптап сизге барып ырдап турсам болобу?” десем, “макул, кел” деди. Жумуштан кеч чыгабыз да, иштеп баштагандан бир айдан кийин эле мени үйгө чейин жеткире баштады. “Мен сени жакшы көрөм, экөөбүз кыз-жигит болбойлубу” деген деле олуттуу мамилебиз жок болчу, жөн эле ээрчишип жүрүп эле кол кармашып калдык.

– Баш кошкондон кийин эмне өзгөрдү?

Т.: – Азыр деле мурдагыдай эле эркин жүрө беребиз. Үйлөнгөндөн кийин студиябызды үйгө көчүрүп келип алганбыз, азыр экөөбүз чогуу үйдө иштейбиз. Үн жаздырганда бир сыйра урушабыз, кайра табышабыз.

– Экөөңүздөр тең күлүп эле турат экенсиздер, кандай учурда урушуп кетесиздер?

Э.: – Мен үн жаздырып баштаганда (күлүп).

Т.: – Бул үн жаздырып баштаганда эле жиндеп баштайм. Урушабыз, үн жазылбай калат.

Э.: – Башкалардыкы жакшы болбой жатса дагы түнгө чейин отуруп жазып берет. Мен кичине туура эмес баштап алсам эле “жакшылап ырдабайсыңбы” деп урушуп калат.

Т.: – Эми урушуп деле эмес.

Э.: – Эркелетет (күлүп)...

Т.: – Мунун үнү кечинде ачылат, менин 11лерде эле уйкум келип баштайт. Түнгө чейин отуруп иштеген көп жага бербейт. Эрте уктап, эрте турганды жакшы көрөм. Жаздырып баштаганда уйкум келет да, анан эрте уктоонун айласын кылам (күлүп).

– Кайсы критерийлерге карап бири-бириңиздерди жактырып тандадыңыздар, ойлонуп көргөнсүздөрбү?

Т.: – Жубайымдын жашоого болгон көз карашын, амбициясын жактырдым.

Э.: – Тынысхан – тоо. Ишенимдүү, бир калыпта жүрөт, буга дайыма ишенсе болот. Бардык мүнөзү жагат.

– Эмнеге кавер ырдап калдыңар?

Т.: – Кавер деген дүйнө жүзүндө кеңири тараган эле түшүнүк. Кавер жазганга чейин биз кафелерде ырдап, өз чыгармачылыгыбыз менен алек болуп жүрдүк. Биздин чыгармачылыгыбыз башкача багытта болгондуктан ырларыбыз элге сиңип кете алган жок. Каверди “жылдыз” бололу деп деле атайын максат кылып ырдаган эмеспиз. Ырды угуп, аны башка өңүттө тартуулагыбыз келет, анан ошондой кылып ырдап коёбуз.

Э.: – Алгач Акжолтой Канатбек уулунун “Дем бересиң” деген ырын ырдаганбыз. Мурда кавер жаздырбаганга аракет кылчубуз, себеби бизде “бирөөнүн ырын ырдай бересиңер” деген нерсе бар го. Ошол сөздү уккубуз келбей өзүбүздүн чыгармачылыгыбызды жасаганга аракет кылчубуз. Бардык нерседен тажаганда “кел, кавер жаздырып көрөбүз” дегенбиз. “Дем бересиңди” ырдаганда эле “сонун болуптур” деп мактагандар көп болгон. Анан дагы жаздырып көрөлүчү деп калдык. Мурун студияда эле жаздырчубуз, кийин өзгөчөлүк кылсак деп ойлондук. Кыргызстан эмнебиз менен байбыз? Биз жаратылышыбыз менен байбыз. Жаратылыш менен кыргызча ырларды жуурулуштуруп көрөлү дедик. Жаратылышыбызды, кыргыз тилин жайылтсак кандай сонун болот?! Ыр жашаш үчүн чыгат, эски ырларды жаңыртып ырдасак эмнеге болбойт?

– Кавер менен эле чектелбейсиздер да. Учурда чыгармачылыгыңыздарда кандай жаңылыктар орун алууда?

Т.: – Кавер деле жаза беребиз, өзүбүздүн автордук ырларыбыздын үстүндө дагы иштеп жатабыз. Буга чейин да чыгарганбыз, мындан ары дагы уланат.

Э.: – Кавер – бул биз сүйүп калган багыт. Бул ар дайым биз менен болот. Ырдай беребиз. Өзүбүздүн чыгармачылыгыбызды дагы алып кетебиз. Буюрса, жакында экөөбүздүн мини альбомдорубуз чыгат. Меники орус тилинде, Тынысхандыкы кыргыз тилинде болот. Алар 5-6 жылдан бери жазылып келе жаткан ырлар. Экөөбүз ошол ырларды жарыкка чыгарууга убакыт келди деп чечип, тартуу иштерин жасап жатабыз. Буюрса, февраль ичи элге чыгарабыз.

– Сиздерге рахмат. Үй-бүлөдө бакыт, чыгармачылыкта ийгилик болсун.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Тынысхан: “Элен студент, мен агай элем. Бир күнү эле жетелешип калдык“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан