Сезим Кубанычбекова, Бактыгүл Токтоболотова, футболчулар: «ФУТЗАЛДА АЗЫР АТААНДАШТЫК КҮЧТҮҮ»

Футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы. Дүйшөмбү шаарында өткөн "CAFA Womens Futsal Championship 2022" эл аралык мелдешинен 3-орунду алып кайтышты. Ал жакта оюн көрсөтүп келген улуттук курамдын мүчөлөрү Сезим Кубанычбекова менен Бактыгүл Токтоболотованы кепке тарттык.

– Салам, кыздар, Дүйшөмбү шаарында өткөн эл аралык мелдешке кандай барып келдиңер?

Бактыгүл: – Биз башында эле 3-орун үчүн кармашарыбызды билгенбиз. Себеби футзал боюнча Ирандын курама командасы Азиянын чемпиону, дүйнө жүзүндө 3-4-орунда турат. Футбол, футзал боюнча командалары өз-өзүнчө түзүлгөн. Алардын футзал боюнча чемпондугу бар, жылы бою футзал ойношот. Иран менен Өзбекстандын курама командасында 25 жаштан өйдө тажрыйбалуу кыздар ойношот. А биз жайында чоң футбол, кышында футзал ойнойбуз. Биз 10 күн аралыгы чогулуп эле ойноп калабыз, ал кыздар жылы бою бирге ойношкондуктан, бири-бирин көз караштан түшүнүшөт. Ал эми Тажикстандыкы дал биздикиндей шартта, футболго да, футзалга да ошол эле кыздар келет.

Сезим: – Команда алгач Өзбекстанга учтук, ал жакта “Бунедкор” клубунун базасында машыгуу өтүп, анан Тажикстанга учтук. Эки күн оюн, бир күн эс алуу болуп, жалпы 10 күндөй Дүйшөмбү шаарында болдук. Биринчи оюнда Тажикстан менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыктык. Андан кийин Өзбекстан, Ирандан утулуп калдык. Тажикстанды утабыз деп өзүбүздү даярдап жатканбыз, 4:1 эсебинде жеңишке жеттик.

– Бир эле учурда футбол да, футзал да ойногон кайсы бир деңгээлде оор болсо керек, ээ?

С.: – Футболдо мейкиндик чоң, бири-бириңди жакшы коргой аласың. Футзалда кичине эле ката кетсе гол кириши мүмкүн. Футболдо 10, футзалда 4 кыз оюн алып барат. Биринен ката кетти дегиче үчөө аябай кыйналат.

Б.: – Көпчүлүк "экөө бирдей эле, топ, эки дарбаза болсо болду" дешет. Экөөнүн айырмасы чоң, мисалы, дарбаза жакка келгенде топту башкага өткөрүп берсең, футболдо өзүң тебишиң керек. Футболдо оюн маалында бир аз эс алууга болсо, футзалда бир жерде тура албайсың.

– Силерге кайсынысы көбүрөөк жакын?

С.: – Мен футзалга көбүрөөк кызыгып калдым, футболду көптөн бери ойнойм да, а футзалдын жаңы тарабы көп болуп кызыктуу болуп жатат.

Б.: – Мага чоң футбол гана жагат. Жылы бою футбол ойнойм.

– Футболго кантип келип калдыңар, футболчу болушуңарга эмне түрткү болду эле?

С.: – Мен футболго 12 жашымда келгем. 14-15 жашымдан баштап улуттук курамда ойноп келем. Кичинекей кезимден эле айланамда эркек балдар көп болчу. Чогулуп көчөнүн эки жагына таш коюп дарбаза жасап алып футбол көп ойночубуз. Бир курбу кызымдын эжеси футбол боюнча улуттук курамда ойночу, курбу кызым “жүрү, экөөбүз барып машыгабыз” деп мени футболго ээрчитип келген. Үйдөгүлөр башында “барба, ал деген балдардын оюну” деп каршы болушкан. Кийин улуттук курамда ойноп баштаганда колдой башташты.

Б.: – 14 жашымдан бери футбол ойнойм. Мен деле кичинекейимден балдар менен көчөдө футбол ойночумун. Ал кезде телефон, интернет жок, кыздар футбол ойноорун билчү деле эмесмин. Мен эмне башкача кызмынбы, башкалар куурчак ойношот, балдар менен жалгыз мен эле футбол ойноймунбу деген ойлор келе берчү. Ата-энем дагы “кыздардай болуп ойносоң боло” дешчү, бирок мага жакчу эмес, тескерисинче, кыздарга тийишип куурчактарынын башын жулуп салчумун. Мүнөзүм балдардыкындай болчу. Ата-энем футбол эркектердин оюну деп каршы болушкан, бирок мен футболго барам деген сөзүмдөн тайган жокмун. Жеңемдин иниси “Дордой” клубунда ойночу. Бир күнү ал жакка конокко бардым, күтүп жатып зеригип кеткенде өзүм эле топ ойной баштадым. Машыктыруучу келип “ойной алат турбайсыңбы, кел, биз менен ойно” деди. Аларга кошулуп ойнодум. Анан “сенде талант бар экен, Кантта “Абдыш-Атада” кыздар ойнойт, барбайсыңбы” деди. Мен кыздар ойнойбу деп таң калып келип, үйдөгүлөргө “ошол жакка барайын” десем, “барбайсың” деп коюшту. Аңгыча туулган күнүм болуп калды. “Эмне белек кылалы?” дегенде “мени “Абдыш-Ата” клубуна алып барсаңар, ошол болот” дедим. Макул болушкан жок, мен ыйлап жатып аягында алып барышкан.

– Улуттук курамга кошулуу оорбу?

Б.: – Мурун бизде улуттук курамга кыздардын кириши оңой болчу, себеби ойногон кыздар жокко эсе эле. Бир аз жакшы ойносоң эле улуттук курамга кирчүсүң. Азыр атаандаштык өстү. Сенден дагы кыйындар чыгып, сен курамга кирбей дагы калышың мүмкүн

– Кайсы клубдарда ойнойсуңар?

Б.: – Учурда менин клубум жок. Буюрса, бул сезондо Түркиянын бир клубу менен келишим түзгөнү турам. Түркияга кетүүгө камынып жатам. Жергиликтүү “Азалия”, “Абдыш-Ата” клубдарында ойногом. 2 жыл Казакстандын “Астана” клубунда, жарым жыл Өзбекстандын “Бунедкор” клубунда ойнодум. Ал ортодо тиземден жаракат алып бир аз тыныгуу болду.

С.: – Мен буга чейин Бишкектин “Илбирс”, “Чемпион” клубдарында ойногом, учурда “Виват” деген клубда ойнойм. Кыздар арасында өлкө ичинде чемпиондук болот. Ага 7 облустан бирден, Бишкектен 3 команда катышат. Бул чемпиондук 4-5 айга созулат. Буюрса, чет элдик клубдарга чыгам деген оюм бар.

– Маегиңерге рахмат! Ийгилик каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BISHKEK-312
2022-02-11 23:40:58
.өтүңөрдү түйрүп салыштыго.
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан