ЧВЕ ТЭ ЖУН ЖАНА ПАК ШИН ХЕНИН СҮЙҮҮ БАЯНЫ. Үлпөт тойдогу кызыктар

22-январь корей кино сүйүүчүлөрү, башкача айтканда, “дорамачылар” үчүн кубанычтуу күн болду. Бул күнү актёр Чве Тэ Жун жана актриса Пак Шин Хенин үйлөнүү тою өттү. Бири-бирине жарашкан түгөйлөр 2017-жылдан бери кыз-жигит статусунда жүрүп, эми толук кандуу үй-бүлө аталышты. Жакында алар ата-эне статусуна да ээ болушат, бул кабарды түгөйлөр мындан 3 ай мурун сүйүнчүлөшкөн эле. Түштүк Кореянын атактуу адамдары чогулган үйлөнүү той кандай өттү? Пак Шин Хенин үлпөт көйнөктөрүнүн баасы канча? Негизгиси Шин Хе менен Тэ Жундун сүйүү баяны кандай башталган? Кызыктардын баары бүгүнкү макалада.

Пак Шин Хе

Туулган жери: Түштүк Корея, Кванжу

Туулган жылы: 1990-жыл, 18-февраль

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Асманга карай тепкич”, “Сен кереметсиң!”, “Мураскерлер”, “Пиноккио”, “Дарыгерлер”, “Байке”, “Альграмба жөнүндө эскерүүлөр”, “Сизиф тууралуу уламыш” жана башка

Чве Тэ Жун

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы: 1991-жыл, 7-июль

Бою: 183 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Чжон Ым жана келбеттүү мырза”, “Шектүү өнөктөш”, “Ал жыттарды көрөт”, “Драмалардын падышасы”, “Ушинтип антифанатыма үйлөндүм” жана башка

ДОСТУКТАН СҮЙҮҮГӨ БИР КАДАМ

Чве Тэ Жун менен Пак Шин Хенин сүйүү баяны алгач достуктан башталган. Түштүк Кореянын эң мыкты делген 10 окуу жайынын тизмесинде Чунг-Анг университети бар. Биздин бүгүнкү каармандарыбыздын экөө тең дал ушул окуу жайдан билим алышкан. Шин Хе бир жылга улуу болгондуктан Тэ Жунга караганда окууга эртерээк тапшырган. Жигит студент болгондо кызга “сонбэ” (өзүнөн улуу кесиптешине кайрылуу) деп кайрылчу. Андан кийин бир тармакта иштеп калышты, башында жөн гана тааныш болсо, убакыт өтүп досторго айланышкан. Экөө чогуу дорамага тартылды беле десеңиз, тартылган. Баш каармандардын ролунда болбосо да, экинчи пландагы каармандарды ойногон түгөйлөрдү 2012-жылы чыккан “Драмалардын падышасы” сериалынан көрсөңүз болот. Бул сериалдан кийин дагы экөөнүн мамилеси достук чегинен өткөн эмес. Арадан 5 жыл өттү...

Экөөнүн кыз-жигит экени тууралуу имиш-имиштер 2017-жылы гана чыга баштаган. Мындай маалыматтан кийин кино жылдыздарынын артынан сая түшкөн папараццичилердин камерасынан кутулуу мүмкүн эмес эле. Машинада чогуу бараткан, жетелешкен, тамактанып жаткан сүрөттөр кеңири тарап кеткен. 2018-жылдын башында экөө сүйүү мамилесин ачыктап, жылдыздуу түгөйлөрдүн катарына кошулушкан эле. 2021-жылдын ноябрь айында эки жаш кайрадан маалымат дүйнөсүн “бум” кылышты. Башка артисттерге окшоп акырына чейин жашырып отурбастан, “биз жакында ата-эне болобуз” деп жар салышты. Көп узартпай мына минтип 22-январда нике шакегин тагынып отурушат. Атактуу адамдардын үйлөнүү тоюна бир эле Түштүк Корея эмес, көптөгөн өлкөлөрдөн күйөрмандар кызыгуу менен көз салып отурушту. Буга Твиттер баштаган ондогон социалдык тармактардагы “Чве Тэ Жун менен Пак Шин Хенин үйлөнүү тою” деген сурамжылоолор биринчиликке чыкканы далил.
Гүл бакка айланган чиркөө

Түгөйлөрдүн үйлөнүү тою Сеулдагы чиркөөлөрдүн биринде өттү. Эки жаш “жакшылыкта да, жамандыкта да бирге болобуз” деп Кудай алдында антташкан жер гүл бакка айланган. Негизги залга чейинки коридор да түрдүү гүлдөр менен кооздолуп, эки жаштын сүрөттөрүнөн көргөзмө уюштурулган.

ЖЫЛДЫЗДУУ КОНОКТОР

Бул жакшылыкка 200 адам чакыруу кагазын алып, актёр менен актрисанын эң жакын адамдары тойго күбө болушту. Албетте, бул тойго Кореянын мен-мен деген атактуу адамдарынын келгенине таң калбай деле койсок болот. Жылдыздуу коноктордун катарында Шин Хе менен “Мураскерлер” дорамасында өнөктөш болгон Ким Тан, ой, Ли Мин Хо, АйЮ, Ким Бом, Ким У Бин, “ЕХО” тобундагы D.O жана башкалар болушту.

НИКЕ ШАКЕК

Атактуулардын нике шакегин жасоо бактысы Chaumet француз ювелирдик үйүнө буюрган. Пак Шин Хенин шакеги 2 миң доллар, ал эми анын жолдошу Чве Тэ Жундуку 1700 доллар турат.

2 ДИЗАЙНЕРДЕН 4 КӨЙНӨК

Үйлөнүү тойдун негизги көркү Пак Шин Хе жана анын көйнөктөрү болду. Чиркөөгө кийип келген көйнөктөн сырткары фотосессияны кошкондо Шин Хе 4 көйнөк кийген. Көйнөктөр белгилүү эки дизайнерге таандык. Доминикандык модельер
Оскар де ла Рента АКШнын биринчи канайымдарын, андан сырткары Бейонсе, Скарлетт Йоханссон жана башка атактууларды кийинтип келет.

Ал эми филиппин-америкалык дизайнер Моник Луильенин колунан Тейлор Свифт, Анжелина Жоли, Риз Уизерспун сыяктуу атактуулар кийим алат.

Пак Шин Хенин чиркөөдө кийген 1-көйнөгү Оскар де ла Рентанын «Look 6» аталган 2022-жылкы коллекциясына таандык. Корей басылмаларынын маалыматында бул көйнөк 18 700 доллар турат. Дал ушул эле дизайнердин колунан чыккан 2-көйнөгүнүн баасы 17 600 доллар.

Актриса тандаган 3-4-көйнөк Моник Луильеге таандык. Бул көйнөктөрдүн ар биринин баасы 10 миң долларды чапчыйт.

МУЗЫКАЛЫК БЕЛЕК

Тойго өзгөчөлүк кошкон музыкалык белектер жөнүндө да сөз кылбасак болбос. Эки жаштын досу, актёр Ли Хон Ки “Мураскерлер” дорамасындагы атактуу «I'm Saying» саундтрегин жандуу аткарып берди. Андан сырткары “ЕХО” тобунун мүчөсү D.O жана Crush “Мураскерлер” сыяктуу эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тараган “Токкэби” дорамасындагы «Beautiful» ырын созушту. Атактуулардын бир сахнада жандуу ырдаганын уккан күйөрмандарда арман жок.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2022-02-07 11:32:57
Бактылуу болушсун өздөрүнө окшогон таланттуу балдары төрөлө берсин
+5
Bekish_94
2022-02-12 10:41:56
Ушулардан көрө Кыргыз үчүн жаңы окко учкан улуу инсандардын өмүр таржымалын киргизсеңер.совет доорунда чыныгы баатырларды басмачы деп кулакка тарткандарды жазгыла да
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан