Чыңгызбек Калыбек уулу, актёр: “ТАСМАДАГЫ АЙБАНЫН ОБРАЗЫНАН ЧЫГА АЛБАЙ КЫЙНАЛДЫМ”

Учурда популярдуу болуп жаткан “Акыркы сабак” сериалында Айба браттын ролун аткарып, образды жеткире ачып берген Чыңгызбек Калыбек уулу каарманым. Кокустан эле актёрлукка келип калган Чыңгыз мырза менен аталган сериал жана жеке жашоосу тууралуу баарлаштык.

Туулган жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, 1-Май айылы

Туулган жылы: 1998-жыл, 8-август

Билими: Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүн аяктаган

Үй-бүлөдө: 6 бир туугандын кичүүсү

Бою: 1 метр 80 сантиметр

Салмагы: 73 килограмм

Тартылган тасмасы: “Акыркы сабак” сериалы

– Чыңгыз, салам! Таанышалыбы?

– Саламатсыңар, таанышалы (күлүп). Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1-Май айылынан болом. 2-класска чейин ошол жакта окудум. Андан кийин Токмокко көчүп келип, №5 орто мектепте 3-классты окудум. Кыйратып деле окуган жокмун, такыр окугум келген эмес. Анткени өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө келип окуу, көнүү оор болду. Андан кийин Токмоктогу 3-кичи райондогу №7 мектепте окудум. Ал жакка барганда жакшы окуп баштадым, үлгүлүү окуучулардан болчумун. Бирок учур-учуру менен мушташтар болуп жатты. "Оштук" деген теманын алкагында көп кагылышуулар болду. Ошол үчүн көп мушташып, кээде таяк жеп, кээде таяктадым. Бара-бара көнүп калдым, чүйлүк болуп кеттим (күлүп).

– “Акыркы сабактагыдай” рэкетчилик бар беле?

– Калп айтканда эмне, биз деле ошону көрдүк. Анчалык деңгээлде болбошу мүмкүн, бирок кандайдыр бир деңгээлде көрүп калдык. Негизи тасмадагы ар бир учур жашоодон алынган. Командадагы балдар деле өздөрүн тасмадан таап жатышты.

– Инилериңер менен сүйлөшүп каласыңар да, мындай абал азыр деле бар бекен?

– Азыр басаңдап калган окшойт. Менин жээним “андай жок” деп жатат. Мектепке түз барып, түз келет. Жээним менен ачык сүйлөшөбүз.

– Жакшы. Сенде актёрлукка болгон кызыгуу качан ойгонду?

– Мен мектепти бүткөндөн кийин ким болорумду деле так билчү эмесмин. Бирок жакшы университеттен бюджеттик орун чыгып калса компьютердик инженерияга тапшырам деп ойлогом. “Окууга тапшырып келем” деп ата-энемден акча алып Бишкекке алгачкы жолу досум менен келгем. Ага чейин бул жакка үйдөгүлөр менен гана келчүмүн. Бишкекти билчү эмесмин. Досум алып барган жерлерге бара бердим. Акырында “Манас” университетинин спорт илимдер факультетине тапшырдым. Бир жыл даярдоо курсунда окудум. Ошол аралыкта алпаруучу болгум келип калды. Ошол себептүү бир жылдан кийин көркөм өнөр факультетине которулуп кеттим. Бирок актёр болом деген оюм жок болчу. 3-курска келгенде спектакль ойноп баштадык, ошондо актёр болом деп чечтим.

– “Акыркы сабак” дебютуң да, кантип тартылып калдың?

– Бул сериалда кастинг-менеджер болуп иштеген кыз биздин окуу жайда окуган, мени тааныйт. Ошол кыз чалып кастингге чакырды, өтүп кеттим. Актёр болом деп чечкенден баштап терс каарманды ойногум келчү. Кыялым орундалды.

– Киного тартылуу жактыбы?

– Ооба, негизи эле камеранын алдында иштөө меники. Камеранын алдында кысынбайм, өзүмдү жакшы сезем, аткарган жагат.

– Эл таанып калды да, көчөдөн сүрөткө түшүп алалы деп жатышабы, жеке кат аркылуу билдирүүлөр келип жатса керек?

– Көчөдөн Айба брат деп таанышат. Дайректке деле Айба братан деп жазышат. Билдирүү жазгандардын арасында ар кандайы, сабатсызы, сабаттуусу бар. Жакшыны кабыл алып, негативди өчүрүп коём, алар менен башымды ооруткум келбейт. Бизде көрө албастыкпы, ич күйдүлүкпү, бар окшойт. Сөгүп жазып кеткендер бар. Негизинен жаш балдар ушундай экен, же ойноп жазышабы?.. Жаш балдардын азыр билим алып жаткан учуру да, толук кандуу билим алыша элек. Ошондуктан билбей жазып жатышат, кичинекей бала экен деп унчукпайм. Бирок чоң байкелер деле жазышат. Мага жазгандардын 20 пайызы "мыйзамдагы уурулардай" сезилди, “по понятиям, обоснуй” деп жазгандарына таң калдым. Жаштар кичине маданияттуу болушса деп айткым келип жатат. Өзүмдөн кичүү балдар “тигине сенин актёруң турат” деп сөөмөй кезеп көрсөтүшөт, адамга антип көрсөтпөйт. Жаман сезет экенсиң өзүңдү. “Муну аткарып берип кой да” дегендер да бар, жагымсыз экен. Мен телефон саткан адамга барып, “телефон бере кал да” дебейм да. Анан да артыңда туруп алып мылжыңдап каткыра бергендери жаман экен. Ушундай ыңгайсыз учурлар болуп жатат. Бирок жагымдуу учурлар да бар. “Азамат, жакшы аткарыптырсың” деп жазгандар бар. Көчөдөн, дүкөндөн көрүп калып, “Балдарым сени жакшы көрөт, сүрөткө түшүп алайынчы, балдарыма көрсөтөм” дегендер бар. Көпчүлук актёр байкелер да “жакшы аткарыптырсың” деп жазышты. Бирок жылдыз болуп кеттим деп ойлобойм, баягыдай элемин.

– Өзүң эмгегиңе кандай баа бердиң?

– Буга чейин сырттан караганда аткарганым окшошпой калгандай сезиле берчү. Муну көрүп жатканда “жакшы эле аткарып коюптурмун” деп отурдум. Жанымдагылардан “кандай болуптур?” деп сурап жаттым. Мен үчүн башканын ою маанилүү. Кемчилигимди кабыл алып оңдогонго аракет кылам. Мактоо да керек, мактап койсо кудуңдап каласың.

– Чындыгында, жеткире аткарыптырсың. Тартуу учурунда эсиңде калган учур кайсы болду?

– 10-серияда Айба атасы менен урушат го, ошол кадрды тартып бүткөндөн кийин колума чай, телефонумду алып, алысыраак жерде жалгыз отуруп алдым. Демим кысылып, кыйналып ыйлагым келип баштады, Айбанын таарынычы меники болуп калды. “Тынчтан” деп өзүмдү-өзүм сооротуп коём. Ошондо менин абалымды көрүп эч ким жаныма жакындай албай жатты. 30 мүнөттөй отурдум. Анан токтоду.

– Бул сериалдан сен өзүңө эмне алдың?

– Эң биринчи кезекте мен адам кандай учур болсо дагы адам бойдон калыш керек экенин түшүндүм. Өзүмө болгон ишенимим өстү. Мурда кыла албашым мүмкүн десем, азыр так тапшырма берилсе баарын кыла алам деп калдым.

– Сонун. Сенин атактуу болуп жатканыңа ата-энең сүйүнүп калдыбы?

– Ооба, сүйүнүп, сыймыктанып жатышат. Негизи эле алар дайыма мени колдошот. Эч качан чек коюшкан эмес. “Биз кеңеш беребиз, чечимди өзүң чыгарасың” дешет. Башында эле “бул сериалда жаман баланын ролун аткарам, кийин урушпагыла” дегем. Алар түшүнүштү.

– Сүйлөшкөн кызың барбы?

– Азыр менин оюм башкада болуп жатпайбы. Ушуну менен токтоп калбай, мындан ары да иштеш керек. Жеке жашоомо кирип кетсем, экөө бири-бирине тоскоолдук жаратып калышы мүмкүн болуп жатат.

– Кандай кыздарды баалайсың?

– Адептүү, орду менен сүйлөгөн, чынчыл кыздарды баалайм.

– Баары кыялыңдагыдай болсун, ишиңе ийгилик.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kari
2022-02-07 14:25:03
Соонун аткарган,чындап ушундай система бар экен да мектепте ээ.Балдарым кантип мектепти буткон деп аябай нес болдум,ыйлап журуп кордум.Оз ролун жеткире аткарган мыкты актер.
+1
bosmos77777
2022-02-07 18:03:50
Алга Кыргыз! Ийгиликтер! Тенирим жалгасын!
-4
akmanai
2022-02-08 17:14:40
Азаматсын Айба) Ушунчалык чон чеберчилик менен ойногонсун. Экрандын бери жагында отуруп эле менин журогум тушуп калып атты Айба братандан. Атасы менен араздашкан жеринде кадимкидей Айбанын тагдырына боорум ооруп, оксуп ыйладым. Сага бекем ден соолук, чыгармачылык эргуу, зор ийгиликтерди каалайм. Ата-энене сени элге тааныткан Руслан Акунга чон рахмаат. Мектепте классташтарым звонокто топтолуп бакка кирип кетишчу, ошол нерсени мен кинону коруп тушундум.
0
Asmat84
2022-02-13 13:47:02
Азаматсың иним өзүмдүн жердешим экенсиң. Өтө сонун чеберчилик менен ойногонсуң. Баарынан да көзүң сонун жарашкан
-1
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан