(Башы өткөн сандарда)
ххх
Маракенттин алдында Каныбек тапшырмасын аткарбай келген окуучудай шөлбүрөп турду.
– Неге качтың?
– Карызымды төлөй албай калдым. Өлтүрүп коёбу деп корктум...
– Балдарыңдан эмнеге качтың?
– ...
– Эмнеге аялыңдан аларга үй алам деген акчаны алып качтың?
– Жаралгандан ошондой окшойм. Мен муну түшүндүрүп бере албайм. Мен жадакалса ушул убакта балдарымды сагынып да койгон жокмун. Менин жашоомдо аларга деген орун деле жок окшойт.
– Бизде да сага деген орун жок,- капыстан Дариянын үнү угулду. Ал арыда каалгасы ачык турган бөлмөдөн чыга келди. Каныбек кайсалактай түштү. Бул аялды тик карап турууга мүмкүн эмес эле.
– Мен сага эч нерсе дебейм. Сени жашообуздан таптакыр чийип салдык.
– Таптакыр тереңдеп кете электе драманы токтотолу... Каныбек, сен мага карыз болчусуң. Үйдү мага уттуруп жибергенсиң. Бирок үйдүн ээси мына ушул кыз экен. Демек, мен андан талаша албайм. Дария, үй сиздики! Сизден аны эч ким талаша албайт... Бирок ушунча кылыгың үчүн, Каныбек, сен жазасыз калбашың керек.
– Байке, “жакшылыкка жакшылык ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык эр адамдын иши” дейт. Жамандыгым үчүн кечирим сурайм, бирок сиз эр адамсыз. Жамандыгымды кечип коюңуз...
– Омей, бул кинодогудай сүйлөйт турбайбы! Ошондо эмне жамандыкка жакшылык менен жооп беришим керекпи?
– Ооба...
– Жок. Мен башка түшүнүк менен жашайм. Жамандыкка жакшылык менен жооп кылбаш керек. Жамандыкка адилеттүү эле жооп кылыш керек. Мал багасың. Тоодо... Тынч, таза аба... Жашооңду башынан ойлонуп чыкканга сонун шарт.
– Дария, мени кечирбейсиң, билем. Бирок тарттырган азаптарымды кечир.
– Эмнеге кечирбейм. Кечирип, жашоомдон сызып койгом. Кам санаба!- Каныбек бул сөздөрдөн кийин Дарияны караганга батынды. “Бул күчтүү болуп кетиптир” деди ал ичинен. Дарияда кандайдыр бир күч пайда болгону анын турпатынан эле сезилип калыптыр. Кээде жашоодогу өйдө-ылдый адамды ушинтип курчутуп коймою бар.
ххх
Белек Каныбекти тоого жеткирчү балдарга өткөрүп берип, унаасын зуулдаткан бойдон шаардын чок ортосундагы кичинекей кофе ичүүчү ресторанды көздөй баратты.
Кантип жетип келгенин деле билбейт. Бирок унаадан түшөйүн деп жатып ресторандын чоң айнегинен дыбырап жамгыр жаап жаткан көчөнү жылмая тиктеп турган Нурияны көрүп токтоп калды. Кыз ушунчалык назик эле... Көздөрүндө үмүт толо, жылмаюусу керемет. Жашоого ыраазы экени дароо байкалат. Белек азыр айнек артындагы сулууну да, жамгыр алдында өз унаасында кызды тиктеп турган ушул учурду да сүйүп кетти. Бакыт анын ар бир клеткасында ойгонуп жаткандай болду.
ххх
Алыстан эле алардын бактылуу экени сезилмек. Жамгырда кийилүүчү желим кичинекей плащтарды кийген Даниель менен Марсель улам бир көлчүктү кечип сейил бакты күлкүгө толтуруп жатышкан. Алардын жанында Тургун менен Айша балдардан көздөрүн албай маашырлана турушат. Бир убакта Айша Марсельди колуна алды да, аны эркелетип өпкүлөп баштады. Даниель саамга аларды карап турду да, анан Тургунду көздөй чуркады.
– Санта! Меня подними...- Тургун баланы колуна алып көккө бир ыргытып тосуп алды.
Дария буларды карап улам жакындап келе жатты. Улам жашоого болгон ыраазылык көкүрөгүнө толуп, балдарына кошулуп чуру-чуу болуп ойноп жаткан тиги абышка-кемпир туугандыгы жок болсо да дүйнөдөгү эң жакын адам сезилип, Кудайга шүгүр айтып, улам миллиондогон тамчылар зуулдап келе жаткан көктү карап, бардык сыноолор ушул күндү көрүш үчүн уюштурулганын туюп баратты.
ххх
Жол тандабас, улам бир кырды ашып бийикке карай эле жөнөп отурду.
– Ушу жамгырда тоого келбей эле коюш керек да,- деди рулда бараткан жигит.
– Эмнеге?
– Баткак, суук... Ээй, ушу жерде жашап мал баккан кишилердин түйшүгү оор...
Каныбек айдоочунун сөздөрүн угуп бүтүп терезени тиктеди. Тээ алыста ак кар, көк муз. Андан бери жапжашыл бөксө тоолор. Кооздугун айт. Көз кубанат.
Жол тандабас дагы бир кырды ашты да, андан ары ичке колот менен ылдай карай барып чукул оңго кайрылды. Жапжашыл адырдын дал түбүндө жумурткадай аппак боз үй, жанында тигилген чатыр көрүндү. Мына ушул картинаны Каныбек кайдан көргөн. Эсинде элес-булас кинонун үзүндүсүндөй эскерүүлөр келе берди. Жашыл адыр, аппак боз үй, чатыр... Көкүрөгү эмнегедир эзилип эле, көзүнө жаш толуп чыкты... Боз үйдөн азыр бир кемпир чыгат. Анан дүйнөдөгү эң таттуу сөздөрдү сүйлөйт да, бырыш баскан жүзүнө баланын кичинекей жүзүн жабыштырып, то-олтура тилек айтат. “Баламды сактай көр, жолун ачык кыла көр, өмүрүн узун кыл... Менин кан-жаным ушул. Каныбегим ушул...”
Көзүнөн салаа-салаа жаш кетип, Каныбек аң-сезиминин тээ бир бурчунда калган, мээси унутуп салган, бирок жүрөгүндө катылуу турган эскерүүсүн ойготуп алды. Аны ошол чүрпө кезинде эркелеткен кемпир ким болгонун, анын аты ким экенин деле билбейт... Бирок кулагына анын сөздөрү жаңырып, жүзүнө тийген жумшак бети, эриндери, кучак толо мээрими эске келди...
– Дос, тынччылыкпы?- айдоочу мурдун шыр тартып, салаалап аккан жашын аарчыбай келаткан Каныбекти карап чочуду.
– Мен бул жакка келгем. Билбейм качан? Бирок бир убактарда мен ушул жерде жашагам...- Каныбек ый аралаш жооп кылды.
– Ыйлаба эми, тетиги боз үйдө ушу жерди канча жылдан бери жайлап жүргөн жылкычы абышка бар. Ошол, балким, сени тааныйттыр.
ххх
– Токтой турчу,- абышка Каныбекти шыкаалап карады, – ким дедиң атың?
– Каныбек...
– Канча жыл болуп кетти... Жаңыл деген эже небересин бакчу. Жалгыз уулу эмне болуп каза болгону эсимде жок. Бирок, небересин айланчыктап эле жүрчү. Жаш эле каза болуп калды... Анан небересин балдар үйүнө алып кетишкен. Баланын атын эстей албайм...
Каныбек ошол бала өзү экенин дароо сезди. “Менмин ошол” деди өзүнө-өзү. Ага дайыма эле бир нерсе жетпей жатчу, жан дүйнөсү аны кайсы бир тараптарга эле сүйрөй берчү... Көрсө, ушул тура издегени. Тоолорду көргөндө, боз үйдү көргөндө көзгө жаш келгени жөн эмес тура. Азыр ал жан дүйнөсүнүн бош турган бөлүгү кандайдыр бир жылуулукка толуп жатканын сезди. “Чоң эне, мен сага кайтып келдим” деди ал ичинен. Маңдайында аны жашыл жоолукчан чоң энеси күлмүңдөп карап тургандай болду.
“Адам дегениң жерде бактылуу болуш үчүн эле жаралган окшойт”,- Каныбекке ушул ой келди. “Бактылуу болуу деген миссия адамдын ДНКсында бар окшобойбу... Өмүрдө миң бурулуш болсо дагы ДНКың “бактылуу бол, бакыт бул жактарда” деп жетелегени жетелеген...”
(Аягы)