Аскар Акаев, Кыргызстандын экс-президенти: «САЯСАТКА АРАЛАШЫП, БИЙЛИККЕ КЕЛГЕНИМЕ ӨКҮНӨМ»

Бейне

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин жеке турмушу, жан дүйнөсү, хоббиси, өлкөбүздөгү бүгүнкү абалга карата оюн билүү максатында аны менен маек курдук. Каарманыбыз да чечиле жооп берип отурду.

– Аскар Акаевич, ата-энеңиз жөнүндө эскерүүңүз жокко эсе. Апаңыз казак кызы экени баарыбызга белгилүү. Алар кандайча баш кошуп калгандыгын айтып берсеңиз...
– Апам тууралуу эл ичинде кандай жакшы сөздөр айтылып жүргөн болсо, анын баары чындык. Мендеги жакшы сапаттардын баары апамдан калган. Ал эми атам менен кандай табышканы өзүнчө бүтпөс тарых.
Биздин түпкү тегибиз Атаке бийге барып такалат. 30-жылдарда бай-манаптын тукумдарын кулакка тартуу доору башталганда атам Чоң-Кеминден Алматыны көздөй ашып, Үзөңгү-Кууш деген казак айылында жашап калат. Кыргызстандан улам кабар алып, репрессия дале жүрүп жатканын угуп, ошол жакта жүрө берет. (Атамдын бул жакта биринчи байбичеси калган экен. Ал кишиден бир агабыз болгон, Күчөр деген. 1916-жылдагы Үркүндө эл менен чогуу атам үй-бүлөсү менен Кытайга барат. Улуу агабыз Үрүмчүнүн жанындагы Күчөр деген жерде төрөлгөндүктөн, атын Күчөр деп коюшкан экен).
Ошентип, атам баш-аягы 10 жыл Казакстанда жүрөт. Анан ал жактан апама жолугуп, баш кошот. Кийин согуш жылдарында айылда сабаттуу кадрлар тартыш болуп, атамды кампачы болууга чакыртышат. Себеби атам арабча окуп, кат-сабаты жоюлган адам эле. Айылга келип иштеп жүргөндө, 1948-жылы өзүнүн эле жакын туугандары "Акай – байдын тукуму, Кеңеш өкмөтүн жамандап жүрөт" деп НКВДга арыз жазышып, атамды каматып жиберишет. Ал жакта атам бечара 2 жыл отургандан кийин сыз өтүп, эки көзү көрбөй калган. Камактан чыккандан кийин ал кишини мен жетелеп жүрдүм, анткени үйдүн эң кенжеси элем. Ал кездерде жазуучу Абдырасул Токтомушев менен бирге аксакалдардын жолугушуусуна көп катышып, алардын Үркүн, тарыхый окуялар тууралуу сүйлөшкөндөрүн көп уктум.
Атам мүнөзү катуу киши болчу. Бейбаштык кылганыбызда бизди бирден кармап алып, чыпылдак чыбык менен сабачу. Ойлоп көрсөм, анын баары тарбия экен.
– Бала кезиңиздеги унутулгус окуя...
– Мен 5 жашар кезимде биздин үйдүн жанына бир чакан гидроэлектростанция курулду. Ал кезде айылдын баары чырак менен жашагандыктан, жарыктын келиши биз үчүн абдан чоң жаңылык болчу. Ошол электростанциянын жанындагы чакан дөбөгө аксакалдар чогулушуп, сүйлөшүп отурушар эле. Мен атамды жетелеп барып аксакалдардын жанына отургузуп, дароо станцияны көздөй чуркачумун. Ал жердеги орустар да мага көнүп калышкандыктан, баарын айланта көргөзүшөт. Электростанциянын ар бир деталын эрикпей карап чыгам. Анан дагы алар мага калган-каткан зымдарды кесип берип коюшса, ошондон электромотор жана башка нерселерди жасап күн өткөрчүмүн. Кийинчерээк агамдын физика китебиндеги схемаларды карап, ошонун негизинде айылдын четиндеги шар аккан суунун жээгине чакан генератор жасадым. Анын аркасы менен оюнчук машинанын дөңгөлөгүнө ремень туташтырып жүргүзүп ойногонум эсимде... Көрсө, ошонун баары менин инженерлик кесипке болгон кызыгуумду арттырган экен.
– Эмне үчүн жогорку окуу жайды Москвадан эмес, Ленинграддан тандадыңыз?
– Алгач Москвага барсамбы деген ой болгон. Бирок тарыхка көбүрөөк кызыккандыктан, Ленинградга барууну туура көрдүм. Анткени Ленинградда көптөгөн тарыхый маалыматтар сакталган да. Кийин ошол жактан кыргыз тарыхына тиешелүү бир топ баа жеткис маалыматтарды таап келип, тарых китептерине киргизгенге жетиштик. Андан тышкары эң улуу агам Күчөр дагы согушта Ленинградды коргоп жүрүп каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Андыктан ыраматылык атам дагы "агаңдын мүрзөсүн тап" деп аманат кылган эле. Тилекке каршы, атамдын аманатын орундата албаганыма азыркыга чейин өкүнөм.
– Жубайыңыз Майрам эже менен кандай жагдайда таанышкансыз?
– Анда аспирантурада окуп жаткан кезим. Ленинграддагы кыргызстандыктар отуруш, шеринелерди уюштурушуп, тез-тез чогулуп жүрүшчү. А мен окуу менен гана алек болуп, андай жерлерге барчу деле эмесмин. Бир күнү чогуу окуган балдар болбогон оюма коюшпай алып кетишти. Барсак, бир топ кыз-жигиттер чогулушуптур. Анан менин жаныма бир кара кыз отуруп калды. Ошол жылы жайында эжеңер Азербайжанга практикага барып, капкара болуп күнгө күйүп келиптир. Мен"кара кыз, кандайсыз?" деп койдум, тамашалап. Эжеңер да жөн калбай, "ак кыздын агынан эмес, кара кыздын багынан" деп жооп кайтарды. Кыскасы, мага жагып калды. Айтмакчы, ошол күндүн эртеси Майрамдын туулган күнү экен. Шылтоого шыноо табылып, ал күнү жакшы эле майрамдадык. Чогуу бийге түштүк. Жакшы бийлеп белек утуп алдык. Ошону менен тез эле тил табышып кеттик. Жарым жылча сүйлөшүп жүрүп, Майрам окуусун бүткөндөн кийин баш коштук. Быйыл жазда баш кошконубуздун 40 жылдыгын белгиледик.
– Саясатка аралашып, бийликке келгениңизге өкүнбөйсүзбү?
– Кээде өкүнөм. Анткени ал кезде илим менен көп ийгиликтерди багынтып келе жаткан кезим болчу. Эгер ошол багыт менен кете бергенимде, балким, баары башкача болмок беле деп калам. Бирок баары бир тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес да.
– 7-апрелдеги ыңкы­лап­ты кандай кабыл алдыңыз?
– Бул окуя мурдагы бийликтин акыйкатсыз саясатына каршы элдин чечкиндүү күрөшү болду. Ошондогу кырчындай балдардын өлүмүн, ботодой боздогон энелердин ыйын көрүп, кабыргам кайышты. Тилекке каршы, акыркы күндөрдөгү саясий күчтөрдүн жасаган аракеттери ал жигиттердин баатырдыгын, элибиздин ишенимин тебелеп жаткансыйт. Эгер ушул жол менен кете бере турган болсок, мамлекетти жоготуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан ар бир саясатчы жоопкерчиликти сезе билиши керек.
– Демек, учурдагы бийликтин жасаган саясатына ичиңиз чыкпайт...
– Албетте, мен дагы башка жарандар сыяктуу эле алардан жакшылыкты үмүт кылам. Бирок өлкөдөгү акыркы кырдаал, экономиканын абалы, саясий туруксуздук, бир айдан бери өкмөттүн куралбай, саясатчылардын бир пикирге келбей жатышы мени аларды сындоого аргасыз кылып жатат.
– Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?
– Улуу кыргыз калкы, эгемендүү кыргыз мамлекети алдыдагы ар кандай оор өткөөлдөн татыктуу чыгып кетерине ишенем.
– Хоббиңиз эмне?
– Менде бош убакыт деле болбойт. Бошой калганда адабий, тарыхый китептерди окуйм. Спорт менен машыгам.
– Кайсы адабий чыгарманы жогору баалайсыз?
– Мен үчүн Чыңгыз аганын «Кылым карытар бир күн» романынан өткөн баалуу чыгарма жок.
– Жакшы көргөн ырыңыз...
– Шекербек Шеркуловдун «Таласым» аттуу ырын өзгөчө баалайм. Андан тышкары Атайдын, Мусанын, Рыспайдын ырларын жогору коём.
– Тамшанып жеген тама­гы­ңыз...
– Бешбармак.
– Сүйүүгө кандай мүнөздө­мө бересиз?
– Адам каалаган учурда сүйүүгө кезиге албайт. Ал адамга өзү келет. Сүйүү сезими ошонусу менен улуу.
– Жашоодогу принци­биңиз...
– Эч качан артка кылчайбоо. Тек гана алдыга умтулуу.
– Кубанычыңыз жана арманыңыз...
– Эгемендүү кыргыз мамлекетинин башатын түптөөнүн башында турганым мен үчүн чоң сыймык. Өкүнгөнүм – өлкөнү баш аламандык менен толкундоолор каптап калгандыгы.
– Аткарылбай калган максатыңыз...
– Чыңгыз агабызга «Нобель» сыйлыгын алууга жетише албаганыбыз.
– Чыныгы достукка жана чыккынчылыкка берген мүнөздөмөңүз...
– Ак-кара жанаша жүрөт.
– Адам үчүн эмне ажырагыс болууга тийиш?
– Абийир жана ыйман.
– Баалаган инсаныңыз...
– Аз эмес. Алардын ичинен Исхак Раззаковду өзгөчө баалайм.
– Бакиев тууралуу пикириңиз...
– Ага эл өз баасын берди. Тарых дагы калыс баасын берер. Башка сөз айта албайм.

Адилет Айтикеев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
Nura
2010-12-07 09:59:17
Акаев барда Илимдер Академиясына коп жардам берчу, озу дагы илимий адам болгон, аялы деле.., бирок алар жонундо коп ушак айтылып журот, Жакынды эле экономика илими боюнча китеп жазып бутту,сонун экен деген сын айтылып жатат, уй- булосу дагы тот эле жонокой илимий адамдар!!
0
Nura
2010-12-07 10:02:26
Бизге мындай доктор науктар аздык кылат, барган сайын алардын саны азайуда,жок дегенде аларды сыйлап колдоп алалы,анан дагы Акаевдин "Физика жана оптика" ж-до иши НОБЕЛЬ премиясына корсотулушу мумкун экен.
0
Nura
2010-12-07 10:04:39
Саясатка аралашпай койгондо мумкун башкача болот беле?, мен деле ушинтип ойлойм, боорум ооруйт, биздин илимий кызматкерге!!
0
Bekmamat
2010-12-07 17:10:45
Кыргызстандагы экономикалык абалына,саясаттык сабатсыздыгына,паракор менен корупцияга кунокор адамдар бул Акаев жана Бакиев.Кечиресиздер кыргызча айтмакчы кара ит, ак ит, баары бир ит эмесби
0
Taalaibek
2010-12-08 01:28:37
Балык башынан сасыйт. Баардыгын кылган Акаев. Акаевдин кылган кылыктарын коруп кийинки президен Бакиев дагы ушундай болду. Ошондуктан баардыгын былгытып кеткен Акаев болду. Бул ото кечирилгиз кылмыш.
+1
Debi
2010-12-08 11:25:04
Бул киши эл башылык дөөлөтүнө мас болуп калды акырында, катын-баласынын кылган иштерин таразалай албай, анан эл башылыктан кийин кайра калыбына келе түшкөндөй. Деген менен дээри жакшы киши экен да, Бакиевдин фонунда жөн эле аппапак, үлпүлдөк да бул.
0
Robin Hood
2010-12-08 12:32:48
Эх-эх-эх. Сизди, биздин атка минээрлер саясатка аралаштырбай илимдеги жолунуздан бурбаганда, сиз илимдин туу чокусуна жетип, ал эми Мекнибизди Абсамат Масалиев мырза - онуктурмок беле. Бирок, бир жараткан билет. Ошентсе да сизди адам - катары сыйлайм!
0
Аделина
2010-12-08 14:31:32
Акаев мен учун дайыма Акаев!
мен сизди сыйлай
0
Elmira
2010-12-08 16:59:47
Хе мейл.рудагы почта чын эле Акаевдикиби?
0
sanajet
2010-12-09 14:04:49
"Бул окуя мурдагы бийликтин акыйкатсыз саясатына каршы элдин чечкиндүү күрөшү болду. Ошондогу кырчындай балдардын өлүмүн, ботодой боздогон энелердин ыйын көрүп, кабыргам кайышты. Тилекке каршы, акыркы күндөрдөгү саясий күчтөрдүн жасаган аракеттери ал жигиттердин баатырдыгын, элибиздин ишенимин тебелеп жаткансыйт. Эгер ушул жол менен кете бере турган болсок, мамлекетти жоготуп алуу коркунучу бар.
0
sanajet
2010-12-09 14:06:23
Ушундай жагдайга жеткирген ким озу,кимдин "салымы" чон,ойлонуп кордунузбу ошону
+1
Mairambu
2010-12-14 17:29:03
Даа кыргыз элин шакмара кылып баткакка батырып кетти, ошол Аскар байкебиз батырган баткактан чыкпай калдык.Кийинки президенттерге улгу болуп кеткендей сезилет."Эчки озун билбей койго кулот" дегендей. Байкуш шор пешене кыргыз элим! Качан багыбыз ачылаар экен .Кудайдан тилейм. Москва.
0
aybek
2011-01-05 21:02:41
Biroonun artinan suylogon sozun chin bolsi bul "GIYBAT",a eger tuura emes bolso bul "JALAA".Ekoo da chon kunoo.Negizgisi e4 paydasi da jok.Paydasiz sodu tastap,is kilis kerek.Suluusha aytkanday,kantip payda keltirem dep oylonushubuz kerek.Joldo jatkan tashti 4etke alip koyuu,1000 aadamdin maksatsiz mitingge 4ikkaninan jaksiraak.
0
Shekerbek
2011-11-02 11:59:36
ЭЭх, Аскар Акаевич мен да сизди сагындым....
0
tologonperizat
2011-11-02 14:06:02
Askar Akaevich sizdi saginipmin otkon kundor eske tushotda ar dayim kulup jaynap jurchu eleniz
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан