БАЛАЛЫК, АЮУ, КОРКУНУЧ...

– Көчөдө аялын уруп койгон киши, Стамбулда турмушка чыкпай койгону үчүн көк ала кылып сабап кеткен кыздын окуясы, ага удаалаш дагы бир окуя... Кыскасы, аптада аялдарга карата зомбулук, тиги-бу, аки-чүкү талкуулар болду. Бул жолу мен зомбулук көргөн аялдардан мурун ошондой жаңжалдарга күбө болуп жаткан миңдеген балдарды ойлондум. Эмнегедир жүрөк мерез болуп бара жатабы, же “чоң эле аял, тандоосу ушу болсо эмне дейсиң, кантип болсо да өзүн коргоп алар” дедимби, айтор... Түйшөлгөнүм башка нерсе болду. Эмнеге десеңер, себеби бар. Жакында 8 жаштагы кыз бала менен сүйлөшүп калдым. Жакын тууганымдын кызы...

– Атам дайыма ачуулуу. Жумуштан келип эле бизди урушат. Бир аздан кийин “апаң кайда?” деп кыйкырат. Апамды кайда жүрсө да телефон чалып чакырып алат. Анан... урат.

– А силердичи?

– Жок, бизди эмес, апамды урат. Аны уруп жатканда мына бул жерим (көкүрөк тушун көрсөтүп) ооруйт. Бир жолу апамды урбасын деп ортого тура калдым. Мени түртүп жиберди да, кайра эле апамды...

– Мына бул жериң (мен да көкүрөгүн көрсөттүм) ооруп жатканын атаңа айтасыңбы?

– Жок, айткан эмесмин, бирок дайыма “ортого түшө калбай жүр” деп урушат. А мен жөн тура албайм. Кээде апамды уруп жатканда атамды бычак менен сайып салгым келет.

– Атаңдан коркпойсуңбу?

– Негизи корком, бирок ошол учурда коркпой калам. Андан көрө мени урсун дейм. Апамды бакыртып жатканда кулагымды жапсам да болбой мына бул жерим ооруйт.

Кыскача ушундай. Эч кимибиз асмандан түшкөн жокпуз, ата-эненин мушташын көрүп чоңойгондор бар, аял-күйөө жаңжалын баштан өткөргөн бар. Мындайлар дагы деле боло береттир... Бирок качан токтойт бул? Мурун жоокерчиликтин, күчтүн кылымы экен, азыр акылдын кылымы го. Азыр психолог деген жаандан кийинки козу карындай жайнаган заман, дартыңа да даба табыла турган заман. Адамдар өздөрүн издеп жаткан убак. Жан дүйнөгө үңүлүп жаткан кез. А бирок көчөдө күйөөсү аялын уруп, кааласа өлтүрүп деле коюп жатат. А балдар көп учурда окуянын күбөсү болууда. Ээ, токтобойлубу, ия? Жакпаса жабышып жашай бербей, басып кете турганга аң-сезим, күч жетет. Эмнеге каныңдан чыккан баланы бычак көтөрүп апасын коргой турган абалга жеткириш керек? Элестетип көрсөңүз, атасынын үстүнө түшө калып коргоп жаткан баланы? Ал ошол учурда апасы үчүн өлүп бергенге даяр. Ал өзүнөн үч эсе чоң адамдан корккон жок! Ал ошол учурда баатырлык кылды, апасын коргоду дейли. Бирок эртең эмне болот? Кээде аялдар баласы аркылуу да күйөөсүнөн коргонушат. Балага тийбейт деп ойлошот. Ошол күнү таяктан аман калыш керек болот. А эртеңчи? Менин эмнеге жаным ачыйт, азыр инстинкт менен апасын коргоп коркпой турган бала же кыз эртең чоңойгондо коркот. Баарынан коркот, ишенип коюңуз. Ал байкуш бийкеч болгондо бирөө менен таанышкандан коркот, бирөөнү сүйгөндөн коркот, жашоого жаңы кадам таштагандан коркот. Коркуп жатып туура эмес тандоо кылып, дал ошондой зомбулук кыла турган күйөөнү таап алышы мүмкүн.

Кыргыздар “аялын апасына окшоштуруп тандаптыр же күйөөсү атасына окшошуп калыптыр” деп өтүп кетебиз. Ал “кайнененин камырынан, кайнатанын камчысынан” деген вариант эмес, бул психология. Анткени кичинебиздеги коркуу сезимдерин бизге көрсөтө турган адамдарды издейбиз. Мээде компьютердин эси сымал сакталып калып “дал ошол адам менен жашай аласың” деген сигналды берет. Ошол үчүн атасы зомбулук кылган болсо, дал ошондой адамды табабыз, көзүнөн тааныйбыз. Биз түшүнбөй сүйүү деп алабыз, же балким, сүйүүдүр, ким билсин...

Аял-күйөө урушуп жатканда бири-биринин кемчилигин чукуп жеңип чыгуу биринчи планда болот, канчалык балдарынын жүрөгүн жаралап жатканы экинчи планда калат. Негизи эле чоңдордун максаттары, амбициялары, каалоосу, жек көрүүсү баладан дайым маанилүү. Баланын жүрөгү кандай ооруп жатканын бир билсек... Бирок эмнеге сезбейбиз? Биз баарыбыз өз учурунда бала болгонбуз да, коргоосуз, мээбиз эч нерсеге жетпей, чоңдордун “чоң проблемаларына” башыбыз жетпей алаңдап турган учурубуз болгон.

Зоопаркта аюунун капасына 3 жаштагы кызын түртүп жиберген аялды талкуулап “кокуй эле, кокуй” деп жатып калдык. Образдуу алып караганда ар бир жаңжал кылган күйөө-аялы кызын, уулун “аюунун” капасына түртүп жатат. Баса, 8 жаштагы диалог кылган кыздын апасы менен сүйлөшүп калдым.

– Көрдүңбү, жанагы зоопаркта аюуга кызын түртүп жиберген аялды?

– Көрдүм.

– Жинди экен, ээ?

– Хм, балким...

Аттиң ай, Кудайдын куттуу күнү “аюуга” кызын түртүп жатканын билсе го. Эмне дейм, а түгүл “сен деле түртүп жатасың аюуга” деп айта албаган бир көрпендемин...

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан