ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВДУН КОНЦЕРТИ ДИСКОТЕКАГА АЙЛАНДЫ

Өткөн күнү – 1-2-февраль

Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт сарайы

Билет баасы – 400-700 сом

Башталышы – 19:05 (бир саатка кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – залдын 110 пайызы

Эл сүймөнчүгү Гүлжигит Сатыбековдун концертине күбө болбосом болбойт деп баргам. Спорт сарайына концерт ортологонго чейин эл агылып келип жатты. Же ырчылар концертти өз убагында баштаганды үйрөнүшпөдү, же көрүүчүлөр так убактысында барганды үйрөнбөдүк. Бири-бирибиздин убактыбызды сыйлай албай жүрүп өтөт окшойбуз. Бысмылда дегенде наалып баштадым, ээ? Мейли эми, мындан ары кызыктарды баяндайын.

Гүлжигиттин концерттеринин сценарийи окшош да, биз көнүп калган “Беш тапан” тобу келет, Союзбек Сейитказиев алып барат, Улан Осмон уулу гитара чертет, ырдайт жана башка коноктор ырдашы мүмкүн, анан Гүлжигит концерти жарымдап калганда сахнага аккордеон менен чыгып өзү айткандай “арноо концертин” өткөрөт. Ошол, сценарий окшош, атүгүл сахнадагы 3 экранга ар кандай “заставкаларды” коюп койгону да мурунку концерттериникине окшош. Бул ирет бир жакшы өзгөчөлүк байкадым, Гүлжигит жарашыктуу, табит менен тигилген бир канча костюм кийип чыкты. Көрүүчү катары мага анысы жагымдуу болду. Бул уюштуруу жагы тууралуу болду.

Эми мактоого, ырчынын талантына кезек берейин. Азыр Спорт сарайын 110 пайызга толтура концерт берип жаткан ырчылар кимдер? Так билбейм, бирок Гүлжигит толтура алды. Залдагы орундуктар толуп, туруп көрүп жаткандар көп болду. Ар бир ырын өзү менен кошо ырдап, жыргап бийлеп, чындыгында, эс алып кеткен элди көрдүм. Мага да Гүлжигиттин ырлары жагат. Концерт деген ушундай болушу керек, элди тажатпай, жан дүйнөнү дарылап, толкундандырып... Союзбек инимдин тамашалары жагат, мааниси бар тамашаларды айтат. Мында калпактын баалуулугу тууралуу тамаша айтты, “калпактын баасын 100 доллардан өйдө кылыш керек. Ошондо анан келген-кеткенге калпак кийгизгениңерди көрөт элек” деп баасы арзан болгондуктан анча барксыз болуп жатат деген ойду айтты. “Беш тапандын” тамашалары элге жакты. Бирок “Гүлжигит эле ырдай берсе” дегендерди да угуп калдым. Гүлжигит башында “2021-жылы 21 ыр жазыптырмын” деп жаңы ырларын ырдап баштаган. Көп ыраазы болбой отурдук. Аны байкап калган Гүлжигит “эски ырларды ырдабасам болбойт экен” деп “Агенттеги махабатты” жаңыртты эле, зал жандана түштү. Жанына Бактарбек Абдразаковду кошуп алган экен, анын бийлегени эле керемет да, күлкү кошо тартуулады. Анан катары менен эски ырлары ырдалды. Эл бир жыргап алды. Бул концертте эл үчүн дагы бир талант ачылды. Куудул Дөөлөт Мадымаевдин уулу Канат Мадымаевдин талантына күбө болдук, таланттуу бала экен, залды күлкүгө бөлөдү.

Кызыгы, Гүлжигитке гүлдөр гана белекке келген жок, кичинекей эки бала кресло көтөрүп чыгып белек кылышты. Аны болсо Союзбек “сахна артына алып барбай эле коёюн. Азыр Кыргызстанда билесиз, кресло көрсө эле жармаша беришет” деп сахнанын ортосуна коюп койду. Гүлжигит «Кыргыздарга дүйнө эли суктанган мезгил келет» деп биздин духубузду көтөрүп койду, кагылайын. Гүлжигиттин дагы бир сөзү жакты, “Мен өзүм обон жазбайм, ыр жазбайм. Анын баары Кудайдан келет, мен ортомчумун. Мен транска кирем, Кудай берет” деди. Өзүн башкалардан бийик коюп алган айрым ырчылар үчүн жакшы кеңеш болмок окшойт деп койдум.

Адатынча анан аягында концерт дискотекага айланып кетти. Гүлжигит “мен концертиме бийчилерди чакырбайм. Бийчилердин баары залда” дейт. Чын эле баары залда. "Айсанам", "Айзирек" деген ырларды угуп кантип ордубузда тынч отура алмак элек, мен деле белим ооруп жатканына карабай отурган жеримден колумду көтөрүп, ары-бери кыймылдап коюп жаттым. “Каштары кара, көздөрү кара, көргөн жан суктанат” деген ыры менен аяктады концерт. Ушул ырды кыңылдап ырдаган бойдон үйгө кеттим.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
munira-tilen
2022-02-07 11:59:01
Жакшыы.:))))))
+1
MegamozG_91
2022-02-10 09:53:58
Аллаhтын келмесин которбой эле жазсанар.
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан