КЫШКЫСЫН ЖАЛАҢ ЭРКЕКТЕР ЖАШАГАН АК-КӨЛ АЙЫЛЫ

Урматтуу окурман, бул макаланы окууга даярданып, ыңгайлуу жайгашып алдыңызбы? Анда баштадык. Биз сөз кыла турган айыл Жумгал районуна караштуу чакан Ак-Көл айылы. Айылга автобус, маршруттук такси каттабайт. Мектеп, электр жарыгы, суу түтүгү жок айылда кышкысын жалаң эркектер калышат. Үйлөрү жыгачтан салынган финн тибиндеги үйлөр. Табышмактуу айыл бекен? Анда Ак-Көл айылы менен айылдын жашоочусу Кызылкүл Дубанова тааныштырат.

Ак-Көл айылы Нарындын Жумгал районунун борбору Чаектен 43 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кабак айыл өкмөтүнө карайт.

Кожолуктун (түтүн) саны – 16

Элдин саны болжол менен 70 адам

«УБАГЫНДА КОРГОШУН КАЗЫЛЧУ ЭКЕН»

– Мен 63 жаштамын, 11 балам, 33 неберем бар. Менин жашоом Ак-Көл айылында өтүп келе жатат. Маалыматтарга караганда, илгери бул жерде коргошун казылып, айыл да ошого байланыштуу салынган экен. Айылда 19 үй болсо баары жыгачтан, финн тибинде салынган. Ичи 3-4 бөлмөдөн турат. Убагында психиатриялык оорукана да болгон. Мен эс тартканы билем, айылда электр жарыгы бар болчу. Кенде жана ооруканада иштегендер болуп, айылда опур-топур жашоо өкүм сүрчү. Көпчүлүгү орустар болгондуктан кечкисин ырдап, бийлешчү. Анан 1969-жылдары кен казуу токтоп, психиатриялык оорукана азыркы Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылына көчүрүлүп кетти. Орустар келген жактарына кетип калышты. Свет да ошол кезден баштап өчтү. Ошентип айылда жалаң кыргыздар жашап калдык.

«ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН БЕРИ ЧЫРАК МЕНЕН ЖАШАЙБЫЗ»

– Айылдагы жашоо турмушка келсек , жолубуз асфальт биякта калсын, таштак да эмес, ылай жол. Айылга, райондун борборуна автобус, маршруттук такси каттабайт. Айылдагы машинасы барлар менен сүйлөшүп райондун борборуна барып-келмей. Жамгыр катуу жааганда ылай жол эзилип, жол жүрүү кыйындайт. Көпүрөлөр да бузулуп азапка салат. Райондун борборуна 1,5 саатта жетебиз. Айылда ФАП жок. Кокус бирөө-жарым ооруп калса, райондун борборуна ооруканага алып баруу азап.

Электр жарыгы ошол 1969-жылдары жок болгондон кийин айылга өкмөт тарабынан суу менен иштөөчү генератор алып келинип, ошонун иштешинен улам үйлөр жарык болуп турду. Кийин ал бузулуп, андан ары жок болду. Ошол кезден тартып эл кечкисин чырак жагабыз, айрымдар күн панелин же бензин менен иштөөчү движокторду колдонушат.

Суу түтүктөрү жок, сууну сайдагы өзөндөн ташып ичебиз. Тамак-ашты меште же очокто казанда бышырабыз.

Айылда мектеп жок. Илгери кен казылып, оорукана иштеп турганда болгон. Алар жабылганда кошо токтоду. Азыр мектеп болгон үй ээн турат. Балдарыбыз Чаектеги, Миң-Куштагы туугандарыныкына же ата-энесинин Чаекте да үйлөрү болсо, ошол жакта жүрүп окушат. Мисалы, биздин да Чаекте үйүбүз бар. Айылда дүкөн жок. Мончого Чаекке барып түшүп келебиз.

Чөнтөк телефонду жакынкы жылдары эле колдоно баштадык. Анын тартканынан да тартпай калган учурлары көп.

«КЫШКЫСЫН ЭРКЕКТЕР ГАНА КЫШТАЙТ»

– Айыл эли мал менен жан багабыз. Жаштар окуйбуз, иштейбиз деп кетип отуруп, бирин-серин калды. Негизинен, кары-картаңдар калдык. Жок дегенде ар үй-бүлөнүн 4-6дан жылкы менен ую, 30дан ашык кою бар. Акча керек болгондо мал сатабыз. Жашоо шарттын татаалдыгына байланыштуу Ак-Көлдө кышкысын малына каралап бир нече үй гана калат. Көбү малын кыштоого алып кетишет. Кыштап калгандардын арасында 1-2 аял болбосо, негизинен эркектер калат. Аялдар, балдар Ак-Көлгө малдын тууту башталган маалда гана барып башташат. Андыктан ак-көлдүктөрдү “келгин куштар” деп тамашалагандар да жок эмес.

Ак-Көлдө калган эркектер ошентип мал баккандан тышкары өздөрү тамак кылып, өздөрү идиш, кир жуушат. Жайында жайлоого чыгабыз.

Огородго эмне тиксек да өсөт, бышат. Мисалы, помидор, бадыраң, картошка, жүгөрү. Бирок жайында жайлоого чыгып кете тургандыгыбыздан каралбай калат деп картошкадан башканы тикпейбиз.

Жайлоодон кышкыга сүзмө, курут, сары майыбызды даярдап келебиз. Тамак-ашка керектүүлөрдү Чаекке же башка жакка барганда сатып келебиз.

Өкмөт коңшу айылдан электр чубалгыларын тартып келсе айылыбыз жарык болуп, электр шаймандарын иштетип оңуп калат элек. Кышкысын да кетмек эмеспиз.

Кыскасы, тоонун башында өзүбүз менен өзүбүз, интернет менен ишибиз жок, мал менен жан багып жашаган элбиз.

«КӨЛҮБҮЗ БАР, ЖАРАТЫЛЫШЫБЫЗ КООЗ»

– Айыл четинде Ак-Көлүбүз бар. Жаратылышыбыз кооз. Жайкысын көлгө эс алганы келүүчүлөр көп болот. Көлдөн балык кармашат. Кээде чет өлкөлүктөр да келип калышат. Ошондуктан туризмди уюштуруп, өнүктүрүү керек. Андан тышкары койдун жүнү, малдын териси көп болгондуктан аларды иштетүүчү цехтер курулса, жүн, териден буюм жасаганга болмок. Жумушчу орундар түзүлүп, айылдын келечеги болмок. Бирок буларды ойлогон эч ким жок.

сүрөттөр Арстан Кадыровдуку

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2022-02-08 22:52:40
Орустар барда свет бар болчу, орустар кеткенден бери свет жок дептир. Канча бир денгээлде биз оз жашообуздун озгорушуно озубуз да себепкербиз. Жок болсо айла жок деп отура бербей.
+3
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан